Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Борбор Азиядагы ооган коркунучу тууралуу Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдөгү Ооганстан жана аймакты изилдөө борборунун эксперти Рахматтуло Абдуллоев “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Рахматулло мырза, өткөн ай соңунда Орусия президентинин Ооганстандагы өкүлү Замир Кабулов ооган-тажик жана ооган-түркмөн чек арасында эки плацдарм түзүлгөнүн билдирди. Ал жерлерде чоң күчтөр топтолгон экен. Маселен, тажик чек арасына жакын жерде 4-5 миңдей согушкер топтолуп, коркунуч күн санап өсүп жатканы айтылууда. Абал чындыгында эле ушундайбы? Согушкерлердин таяныч борборлору тажик чек арасына жакындадыбы?

Абдуллоев: Албетте, Тажикстан үчүн Ооганстандан келген коркунуч жаңы көрүнүш эмес. Бул боюнча орус бийликтеринин маалыматы эле эмес, Ооганстандын аскерий жетекчилери деле, өзгөчө түндүк дубандарынын башчылары абал чыңалып, коркунуч мурдагы жылдарга караганда күчөп баратканын билдиришүүдө. Ошондуктан, бул маселе ооган бийликтери үчүн эле эмес, коңшулаш Тажикстан үчүн да ойлоно турган маселе болуп калды. Маселен, Тажикстан менен чектеш Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан аймагында акыркы жылдары оппозциялык күчтөрдүн, "Талибан" кыймылынын позициясы чыңдалууда. Айрыкча аймактагы Вардуж уездинде талибдердин жакшы уюшкан күчтөрү менен кагылыштар токтобой келет. Көп учурда өкмөттүк коопсуздук күчтөр туткунга түшүп калып жатат. Мунун баары эле Тажикстан менен жакын аймакта талибдер жана куралдуу оппозиция өз күчтөрүн чыңдап, топтоп жатканынын далили болсо керек. Ошондуктан, коркунуч жогорулап жатат жана тажик бийликтери деле муну түшүнүп жатышат.

"Азаттык": Ал эми тажик бийлиги буга каршы кандай чараларды көрүп жатат жана ал жетиштүү деңгээлдеби?

Абдуллоев: Негизи Тажистандын түштүк чек арасы биздин өлкөнүн эле эмес, жалпы КМШ өлкөлөрүнүн Ооганстан менен чек арасы болуп саналат. Мурун бул аймактарга катуу маани берилип, катуу кайтарууга алынган. Советтер Союзунан калган аскерий түзүмдөр азыр Тажикстандын куралдуу күчтөрүндө сакталып калган. Алар акыркы 20 жыл ичинде бул аймактагы чек араны кайтарууга аракет кылып, милдетти аткарып келишет. Аскерлер бул мезгил аралыгында кандайдыр бир тажрыйба алышты, курал-жаракка ээ болушту. Ошондуктан, бул жаатта өзүнө коюлган тапшырманы, же өз миссиясын аткарып жатат десек болот. Жетиштүү эле чара көрүп жатышат.

"Азаттык": Бирок акыркы учурда абал чыңалып, коркунуч күчөгөнүн айтып жатпайсызбы. Анын үстүнө Ооганстандан эл аралык коалициялык күчтөр да чыгарылды. Мындай кырдаалда тажик чек арачыларына кошумча жардам керектир?

Абдуллоев: Мен жогоруда айтып өткөн Ооганстандын Бадахшан аймагындагы абалдын чыңалганын тажик коопсуздук күчтөрү билишет жана ага каршы даярдык көрүшүүдө. Бул боюнча маалымат каражаттары да жазып, Батыш медиасы утур-утур эскертип жатат. Ошол эле учурда абалдын начарлап жатканын жана бүткүл аймак үчүн коркунуч жаратарын ЖККУга кирген өлкө жетекчилери бир нече жолу талкуулаган. Алар тажик-ооган чек арасы, же КМШнын түштүк чек арасын кайтаруу баарынын милдети экенин айтып келишет. Ошондуктан, абал чын эле начарлап баратса, ЖККУга мүчө өлкөлөр бул ишке жардам бериши керек жана мындай милдетти аркалайт деп эсептейм.

"Азаттык": Бирок көп учурда ЖККУ мындай коркунучтар менен күрөшүүдө формалдуу гана ролду ойноп, иш жүзүндө эч аракет көрбөйт деп сындалып жүрбөйбү.

Абдуллоев: Бул жерде Тажикстандын чек арасын кайтарууда жергиликтүү эле аскерлер эмес, Орусиянын аскерлери бар. Бул ЖККУ коркунуч болсо, билдирүү менен чектелет деген сынга жооп болсо керек. Анткени бул күчтөр Тажикстандын түштүгүндөгү эки облусунда жайгашкан. Эгер абал чындап эле начарлап баратса, бул күчтөр да көмөктөшөт деп ойлойм.

"Азаттык": Ошол эле учурда айрым эксперттер Орусия Ооганстандагы абалды начарлап баратат, регион үчүн коркунуч күчөдү деп аша чаап кетет. Анткени мындай абалдан пайдаланып, өз аскерлерин Борбор Азияга кайрадан кайтарууга кызыкдар деп айтып жүрүшөт. Сиз мындай пикирге кошуласызбы?

Абдуллоев: Чыным айтсам, ушундай пикирлерди түшүнбөйм. Өткөн кылымдын 80-жылдарынан, Советтер Союзунун күчтөрү Ооганстанда жайгаштырылгандан тартып эле бул аймактагы абалга көз салып келебиз. Өзүбүз да барганбыз, көргөнбүз. Бирок Ооганстандагы абал начарлап баратканын, кырдаал курчуп баратканы көрүнүп турбайбы. Бул коңшу өлкөлөр үчүн, бүткүл аймак үчүн коркунуч туудурат жана күн өткөн сайын күчөп баратат. Анын үстүнө жакынкы жылдары "Талибан" менен катар "Ислам мамлекети" деген экстремисттик күч пайда болду. Биздин өлкөлөрдүн ичинде бул уюшмаларды тымызын колдогондор да бар. Ошондуктан, мындай коркунучтарга каршы бирге күрөшпөсөк болбойт. Маселен, Франциядагы акыркы күндөрдөгү окуялар деле кубаттуу өлкөлөр жалгыз "Ислам мамлекети" же "Ал-Каида" менен күрөшүүгө чамасы жетпей жатканын көрсөтпөдүбү. Ошондуктан, Борбор Азия өлкөлөрү мындай деструктивдүү аракеттерге Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында бирдиктүү каршы турушу керек деп ойлойм.

"Азаттык": Рахмат, маегиңиз үчүн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG