Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Ооган тоолорундагы көчкү 160 кишинин өмүрүн алды


Ооган армиясынын жоокерлери Саланг ашуусундагы көчкүдөн кийин тирүү калгандарды издеп жатышат, 10-февраль, 2010-жыл
Ооган армиясынын жоокерлери Саланг ашуусундагы көчкүдөн кийин тирүү калгандарды издеп жатышат, 10-февраль, 2010-жыл

Ооганстандын Саланг ашуусунда кардын алдынан 160тай кишинин сөөгү чыкты. 8-февралда Гиндукуш тоолорунда көчкү жүрүп, ондогон автобустарды, жүк тарткан оор машиналарды көмүп калган. Куткаруучулар өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн дешүүдө.

Өлкөнүн түштүгүн баш калаа Кабул менен байланыштырган Саланг ашуусу өзгөчө кышында өтө кооптуу жолдордун бири болуп эсептелет. 3 миң 300 метр бийиктикте жайгашкан кан жол кар баскан тоолордун этегинде салынган.

- Автобусумду кар басып калды. Анын ичинде 40 жүргүнчү бар эле, 18и гана тирүү калды. Калгандары эмне болгонун билбейм. Бардыгы эле өз жанын сактап калайын деп тырмышып жатышты, - дейт кардын алдында калган автобустун айдоочусу Нур Афгаа.

10-февралдын кечине карай 160тан ашуун адамдын сөөгү табылды. Бирок аман калгандардын айткандарына караганда, өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн. Куткаруучулар өз ишин улантышууда, бирок кырсыктын чыныгы масштабы жөнүндө жаз келип, кар эригенде гана айтса болот.

Биринчи көчкү Саланг туннелинин түштүк жагын тороп калганда, жүк ташыган оор машиналар, автобустар, менчик унаа кооптуу тилкеде камалып калышты. Биринин аркасынан бири 16 көчкү жүрүп, машиналар ичиндеги адамдар менен кошо тоолордон ылдый кулашты.

“Азаттыктын” Ооганстандагы кабарчысы ала салып жаткан ондогон автобустарды көргөнүн айтат.

Жарадар болгондор жакын жердеги ооруканага жеткирилишти. Алардын көпчүлүгү карапайым оогандар. Күбөлөрдүн айтып бергендери үрөй учурат:

- Биздин автобуста 10 жаштагы бала бар болчу. “Мени бул жактан алып чыккылачы”, - деп тынбай ыйлап жатты. Бороон ушунчалык катуу болду. Сууктан тоңуп кала жаздадык.

Дагы бир автобустун айдоочусу тирүү калгандар эптеп өйдө чыгып, жардам күтүп жатышканын айтып берди:

- 300 метрдей кайра жолго көтөрүлүүгө туура келди. Жолдо алма, картошка тартып бараткан машина туруптур. Анын ичине кирип жылынып алдык. Анан түн ортосуна чейин от жагып отурдук. Бир убакытта жүк ташыган машиналар келди. Алар бизге жылуу кийим-кече ыргытышты. Биз аларды кийип алып, ошол машиналарга чыгып отурдук.

Куткаруучулар тирүү калгандарды табууга дагы эле үмүттөнүшөт.

Борбор Азия, өзгөчө Кыргызстандын тоолуу аймактарында да көчкү көп жүрөт. 10-февралда эле Нарында 1 киши көчкүнүн алдында калып, каза тапты. Көчкү коркунучу болгон кезде кан жолдордун кооптуу тилкелери жабылып, көпчүлүк учурда кар атып түшүрүлөт.

Ооган өкмөтү ушундай ыкманы колдонсо болот беле? Бул суроону кесиптешибиз, ооган кызматынын кабарчысы Ахмад Такалга узаттык.

- Ооган бийлиги өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн байланыштырган кан жолдо өзгөчө көп болгон көчкүлөрдү алдын-алуу үчүн жабдыктар жок деп айтып келет. Ашууда кар дайыма көп жаайт. Жолду жаап салсаң да болбойт. Эл эки жакка көп каттайт. Андан көрө тиешелүү мекемелерди жабдыктар менен камсыздоо зарыл. Балким, 160тан ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен кырсыктан кийин жетекчилик көчкүлөрдү алдын-алуу иштерин жакшыртуунун жолдорун табууга аракеттенет.

Саланг ашуусунда көчкү жыл сайын жүрөт. Бирок, оогандардын айтымында, мынчалык көп адамдын жанын кыйган кырсык көптөн бери боло элек эле.

Ооганстан: кар көчкүдө 160 киши калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

XS
SM
MD
LG