Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Кордолгон ооган келиндин жаңы жашоосу


Былтыр Ооганстанда өз күйөөсүнүн жана кайындарынын колунан зордук көргөн келин Сахар Гүлдү бийликтер оор абалда табышканда анын окуясы дүйнөдө кызуу талкууларды жараткан. Андан бери бир нече ай өттү, азыр эми бул өспүрүм келин турмушун оңдоп, башкача жашоого аракет кылып жаткан чагы.

Кайындарынын ур-токмогунан бошотулгандан кийин ооганстандык 15 жаштагы келин Сахар Гүлдүн турмушу бир аз оңолуп, жаны тынчып калды. Бийликтер аны тозокко салып, эзген кайындарын узак мөөнөткө камап салышкан. Гүлдү зынданда кармап, уруп-сабашкандыктары үчүн Кабулдагы сот 1-май күнкү өкүмү менен кайын атасын, кайын энесин жана кайын эжесин 10 жылдан түрмөгө кести. Полиция азыр анын күйөөсү менен кайын агасын издеп жатат.

Полиция былтыр декабрда Баглан вилаетиндеги үйдүн жертөлөсүнөн Гүлдү тапкан кезде анын чачы жулунуп, бети-башы көгала, дээрлик соо жери калган эмес болчу. Манжалары сынып, кээ бир тырмактары жулунган. Ал ооруканага жаткырылгандан кийин бир нече апта өзүнө келе албай, сүйлөй да албай койгон.

Эми соттун өкүмү уктурулгандан кийин гана Гүл өзүнүн пикирин ачык билдире баштады.

Сахар Гүлдү полиция декабрда бошоткондо анын араң эле жаны калган
Сахар Гүлдү полиция декабрда бошоткондо анын араң эле жаны калган
“Алар жазаланышын каалайм. Алардын да тырмактары жулунушун каалайм, мага көргөзгөн тозоктон эми өздөрү да өтүп көрсүн, - дейт шордуу кыз. - Мен эми ажырашкым келип жатат”.

Азыр өспүрүм келиндин психологиялык ал-ахыбалын догдурлар улам текшерип, ал көңүлү чөгүп, такыр эле чүнчүп же депрессияга түшүп кетпеши үчүн аракет кылып жатышат. Алгач өзүнөн эки эсе улуу кишиге сатылып эрге берилген, кайын журтунун токтобогон токмогунан дарманы кеткен Гүл эми келечек жөнүндө ойлонуп, өзүнө чоң максаттарды коюп турган чагы.

"Сага кайдагы мектеп?"

Үйүндө азап көргөн аялдарга жардам берчү бейөкмөт уюмдан башпаанек таап, бүгүн эми Кабулда жашап жаткан Сахар Гүл бир топ эле айыккандай көрүнөт. Ал кайрадан мектепке бара баштаптыр. Көрсө, агасы зордоп эле турмушка берип койгондуктан, 4-класстан кийин эле мектепке барбай калган экен.

“Мен азыр окуйм, сыйынам. Сыртка чыгып досторум менен отуруп келем. Чарчаганда уктайм. Кээде өзүмдүн куурчагым менен ойнойм. Отуруп дарсымды окуйм, үйгө берилген тапшырмаларды жасайм. Түштөн кийин мектепке барам”, - дейт Сахар Гүл.

Ооганстандагы Адам укуктары боюнча көз карандысыз эл аралык комиссиянын аялдар укугу боюнча өкүлү Сурия Собраң эми Гүлдүн окуясы бул өлкөдө аялдарга каршы зомбулук менен күрөшүүдө өзүнчө бир үлгү болуп калат деп үмүттөнөт.

Азыр эми акырындап өз турмушун оңдоого аракет кылып жаткан чагы
Азыр эми акырындап өз турмушун оңдоого аракет кылып жаткан чагы
Анын айтымында, үйүндө кордук көргөн аялдардын көбү акыйкат сотко жете албай эле калышат. Көп учурда аялга кол көтөрүп кордогондор же акталат, же жазанын жеңилирээк түрү үчүн айыпталып туруп кыска мөөнөттүү гана жаза алышат, анан аялдын өзүн үйдөгү чырды сыртка чыгарды деген таризде “моралдык кылмышкер” дегендей күнөөлөй башташат.

“Сахар Гүлдүн окуясы тууралуу айтсак, 21-кылымда муну ачык эле адамгерчиликке каршы кылмыш деп атамакмын, - деди Собраң. - Буга катышкан ким болбосун, баары кылмышкерлер. Оогандар мындай оройлуктун кесепети кандай болоорун билип, мындан сабак алышы керек. Гүлдүн окуясы Ооганстанда бул өңдүү кылмышты алдын алууга жардам берет го деп үмүттөнөм”.

Үйдөгү тозок

Чынында, Гүлдү сактап калгандар ал мындан ары жашап кетээрине көзү жеткен эмес. Бирок ал акырындап болсо да бутуна туруп келатат.

Алгач бир нече күн өмүрүн сактап калыш үчүн Багландагы жергиликтүү ооруканада негизги операциялар жасалгандан кийин, Гүлдү Кабулдагы реабилитациялык борборго алып келишти. Азыр эми ал эркин кыймылдап, тамак жеп, сүйлөп калды.

Гүл күйөөсүнүн үйүндө жарым жыл бою көргөн азапты айтып берип отурса төбө чачың тик турат. Алгач аны бир тууган агасы 35 жаштагы кишиге сатып жиберген экен. Ал кишинин ансыз да буга чейин үй-бүлөсү, 10 баласы болгон. Гүлдүн атасы көзү өткөн, апасы экинчи ирет турмушка чыгыптыр. Бир тууганы аны бир нече жүз долларга сатканда шордуу кыз аны эч токтото албай койгонун айтат.

Жаңы үйдө болсо Гүлдү күйөөсү менен кайындары үй кызматкери болгонго, керек болсо, башкаларга денесин сатканга да зордошкон. Сойкулукка каршы болгондо аны сабап, ысык үтүк менен уруп, электр тогу менен да сайгылашканын айтты.

“Алар мени башка эркектер менен жаман иштерге түртүп жатышты. Эгер муну жасабасаң өлтүрөбүз деп коркутушту, - дейт Гүл. - Үйгө бейтааныш эркектерди чакырып алып, мени алар менен жатасың дешти. Алар менин агам, атам менен тең кишилер деп болбой койгом”.

Сахар Гүл азыр деле жакшылыктан үмүтүн үзбөй, келечекте окууну бүтүрүп, керек болсо, саясатка да аралашам деген ойлору бар.

Ооганстанда аялдарды үйдө уруп-сабоо, зордоп эле күйөөгө берүү, анан натыйжада аялдардын арасында өз жанын өзү кыюу деген нерсе - кадимки эле көрүнүш. Гүл эми аялдарды кыйнаганга каршы иштерге аралашсам деп жүрөт.

Ошентсе да, ал үчүн азыр баары башынан башталат. Бүгүн ал сабактан “Ата” деген сөздү жазууну үйрөндү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG