Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

КАРЗАЙ 50 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР ЖАРДАМ СУРАДЫ


Парижде Ооганстанга экономикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык жыйын ачылды. Форумга 65 мамлекеттин жана эл аралык 15 уюмдун өкүлдөрү катышууда.

Форумдун катышуучуларын ооган президенти Хамид Карзай өкмөттүн беш жылдык стратегиялык программасы менен тааныштырды. Белгиленген реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн ал эл аралык донорлордон 50 миллиард доллар суммасында жардам сурады.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун ооган бийликтерин биринчи кезекте коррупцияга каршы майнаптуу күрөшүү жана бул жагынан чукул чараларды көрүүгө чакырды. Баш катчы ошондой эле Кабул өкмөтүн бөлүнгөн каражаттардын кайда, кандайча сарпталганын,алардын кайтарымы кандай болгонун ачык маалымдап,эл аралык коомчулук алдында отчет берип турушу керектигин да эскертти.

Дүйнөлүк банк конференция ачылардан мурда эле оогандыктарга беш жылга болжол менен бир миллиард доллар акча бөлөрүн ырастаган.Германия донорлордун кассасына 655 миллион доллар кошконго макул болду. Кабулга Норвегия, Япония да финансы жагынан көмөктөшөрүн ырасташты.

АКШнын биринчи айымы Лора Буш Ооганстан бир топ ийгиликтерге жетишкенин, бул өлкөдө азыр “келечектин чечүүчү учуру” келгенин белгиледи. Алдыдагы эки жылда АКШ аларга дагы 10 миллиард доллар бөлөт. 2001-жылдан бери Вашингтон Кабулга жалпы эсепте 26 миллиар доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөттү.

Президент Николя Саркози Франция жакынкы үч жылда финансылык көмөгүн эки эсе көбөйтүп,анын жалпы суммасын 107 миллион еврого жеткирерин бышыктады.Каражат биринчи кезекте айыл чарбасындагы жана саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорго сарпталат.

Дипломаттар жыйында донорлор Карзай сураган суммадан бир топ аз жардам бөлгөнгө макул болушу мүмкүн дешет. Алар баарыдан мурда акчанын көбүн коррупция жеп коюп жатканына нааразы. Коррупцияны болсо ооган жеринде наркобизнес, бийлик органдарынын алсыздыгы шарттап жатат.

Еврокомиссиянын тышкы иштер комиссары Бенита Ферреро-Валднер бүгүнкү конференцияда маанилүү эки милдетти: биринчиден, азыркы абалды баалап, андан соң келечектеги пландарды аныктоо зарылдыгын белгиледи. Еврокомиссар ооган бийликтери бөлүнгөн каражаттарды мыктылап көзөмөлдөшү керектигин да эске салды.

Human Rights Watchтун Азия бөлүмүнүн директору Брад Адамс донорлор ооган өкмөтүнө акча сунуш кылгандан тышкары алардын өлкөдөгү жалпы кырдаал үчүн толук жоопкерчилигин талап кылышы керек деп эсептейт. Ансыз жардамдын баары кумга сиңген суудан айрымасыз болуп калышы мүмкүн. Байкоочулар арасында эл аралык коомчулукту бүтүндөй бир өлкөнү ашкебиликке үйрөтүп алуудан сактандырган да пикирлер айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG