Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Банк кризиси Ооганстанды баш банкирсиз калтырды


Чоңдорго акысыз карыз берген жеке менчик Кабыл банкы.
Чоңдорго акысыз карыз берген жеке менчик Кабыл банкы.

Ооганстандын Улуттук банкынын төрагасы Абдул Кадыр Фитрат күтүүсүздөн эле кызматын калтырып, Кошмо Штаттарга чыгып кетти.

Абдул Кадыр Фитрат Вашингтондо “Азаттыкка” курган маегинде ата журтун таштап качуусун мындайча түшүндүрдү:

- Баарын чечмелеп айтпайын. Бирок мен ишенимдүү булактардан
өмүрүмө чоң коркунуч бар экенин билдим. Мен парламентте сүйлөгөн күнү айрым депутаттар да болочокто өмүрүмө коркунуч болорун айтышкан. Майдалап айтпайын. Өмүрүм коркунучта болгон.

Фитрат мырзаны коркутуулар ал жеке менчик Кабыл банкындагы мыйзамсыздыктарды 27-апрелде парламентте жарыя кылгандан кийин башталган.

Абдул Кадыр Фитрат Ооганстандын Улуттук банкынын төрагасы кезде. 20-апрель, 2011-жыл
Кабыл банкы Ооганстандагы эң чоң менчик банк. Анын акционер-жарнакчылары арасында президент Карзайдын бир туугандары, 1-вице-президент Мухаммед Хашим Фахит жана башка таасирлүү инсандар бар.

Фитрат мырза 2007-жылы Улуттук банкка төрага дайындалганга чейин Эл аралык валюта кору - МВФте, Дүйнөлүк банкта, ошондой эле АКШда жеке менчик банкта иштеген.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, Кабыл банкы кардарларга 900 миллион доллардан ашык кредит берсе, анын көбүн бекер, кайтарым мөөнөтүн тактабай эле берген.

Банктан бекер кредит алгандардын ичинде министрлер, Карзайдын агасы, Ооган элитасынын көрүнүктүү өкүлдөрү бар.

18 ай мурда Кабыл банкынын чатагы башталып, ал өз милдеттенмелерин төлөй албай калганда, өкмөт аны сактап калуу үчүн 500 миллион доллар бөлгөн.

Фитрат мырза Улуттук банктын төрагасы катары МВФ менен чогуу Кабыл банкындагы алашемдикке жооптуу башчыларды аныктап, тизмени өкмөткө жиберген. Бирок өкмөт тергөөнү токтотуп койгон.

- Менин кызматтан кеттейин деп чечтим. Себеби мага жүктөлгөн милдетти аткаруу өтө оор болуп калды. Мен аны аткара албай калдым. Ал жумуштун бири Кабыл банкындагы кризиске тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу эле.

Банктагы аманат акчасын ала албаган кардарлар Кабыл банкынын алдында. 5-сентябрь, 2010
Абдул Кадыр Фитраттын айтымында, өкмөт азыр Кабыл банкындагы былыктардын бетин ачкан Борбордук банктын жетектөөчү кызматкерлерин жоопко тартмак болууда.

-Аларда мыйзамсыз кредит алган жана ондогон миллион долларды жок адамдардын ысымына жазып алган адамдардын бирин да жоопко тартуу ниети жок. Алар жазаланбай кала беришет. Алар мени жана мен сыяктуу соттун ачык жүргүзүлүшүн каалаган адамдарды жазаламак болушууда.

Ооган өкмөтү банк чатагына эч кандай тиешеси жок деп эсептейт. Президент Хамид Карзайдын өкүлү Вахид Умар: "Кабыл банкынын кыйрашы үчүн Фитрат мырза өзү жооптуу, ал жоопкерчиликтен коркуп, Ооганстандан чыга качты",- дейт Ройтерс агенттигине.

Кабыл банкындагы кризис Ооган өкмөтүн МВФ берет деген миллиарддаган доллар жардамдан кол үздүрүп коюшу ыктымал. МВФ өткөн жумадагы ийгиликсиз аяктаган сүйлөшүүдө Ооган өкмөтүнөн Кабыл банкындагыдай окуяларды болтурбоо үчүн банк системасын реформалоону талап кылды. Бул талапты көпчүлүк эл аралык донорлор да колдоодо.

XS
SM
MD
LG