Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:24

Достум шайлоо алдында Ооганстанга кайтып келди


Генерал Достум 2004-жылкы президенттик шайлоо кампаниясы маалында, 9-октябрь, 2004-жыл

Генерал Достум 2004-жылкы президенттик шайлоо кампаниясы маалында, 9-октябрь, 2004-жыл

Ооганстандагы президенттик жана жергиликтүү шайлоолорго саналуу күн калганда белгилүү талаа командири генерал Абдул Рашид Достум өлкөгө кайтып келди.

Достумдун кайтып келиши президент Хамид Карзай үчүн оң жышаана катары бааланганы менен, айрым байкоочулар генералга тагылган айыптар Ооганстандын болочок өкмөтүнө көлөккө түшүрөт деген кооптонууларын ортого салышууда.

Улуту боюнча өзбек Достум дээрлик 1 жыл бозгунда Түркияда жүрдү. Аны тосуп алууга Ооганстандын түндүгүндөгү Ширберган шаарына 10 миңдей киши чогулду.

Ооганстандагы эң белгилүү талаа командирлеринин бири Достум колдоочуларына кайрылып, өлкөдө калуу ниетин билдирди. Бул кабар анын жолдоочуларын курсант кылганы менен, генералды жактырбагандар, Карзайдын оппоненттери Достумдун мыйзам бузуулары жөнүндөгү шектенүүлөрдү эске салып, президент өзүнүн келечек командасын ушундай шектүү адамдардан курганы жатат деп туш тараптан айтып чыгышты. Генерал өзбек улутундагы саясий атаандашы Акбар Байга каршы күч колдонгондугу үчүн тергөөгө алынгандан кийин Түркияга сүргүнгө кеткен.

Генерал болсо тарапкерлерин Карзайга добуш берүүгү үндөдү. Аны жактагандар генералга Ооганстанга кайтып келүүгө уруксат берилбесе, шайлоону бойкоттой турганын эскертишкен.

Июлда Ооганстандагы лидерлер боюнча өткөрүлгөн сурамжылоого ылайык, Достумдун рейтинги эң төмөн болуп чыккан. Бирок ал 20-август күнкү шайлоодо биринчи эле айлампада жеңүү үчүн Карзайды кошумча добуштар менен камсыздоого кудуреттүү.

Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, президенттик жарышты жеңүү үчүн азыркы мамлекет башчынын мүмкүнчүлүктөрү жогору. Азырынча ага шалоочулардын 45 проценти добуш берүүгө даяр. Ал эми биринчи айлампада утуш үчүн талапкерлер 50 процент жана 1 добуш алууга тийиш. Андыктан Достумдун колдоосу мамлекет башчы үчүн өтө маанилүү болмокчу. 2004-жылкы президенттик шайлоодо Карзайга атаандаш болуп чыккан Достум 800 миңдей добуш чогулта алган.

Ширберганда тарапкерлерине кайрылып, ал өлкөнүн саясий мурдагыдан да турумшунда чоң роль ойноого даярдыгын айтты:

- Кудай буюрса Ооганстанда жаңы партия курабыз, ал алдыдагы 6 жылдын ичинде калыптанып, кеңейип, сиздердин муктаждыктарыңыздарга жооп берүүгө кудуреттүү болмокчу. Сиздер ошого арзыйсыңар.

55 жаштагы мурдагы коммунист Достум жарандык согуш маалында улам бир тарапка оңой эле өтүп кетүү адаты менен белгилүү болчу. 2001-жылы генерал Ооганстанга кайтып келип, анын кол астындагы күчтөр талиптердин режимин кулатууга активдүү катышышкан. Достум талип туткундарын жок кылууга жол берген деген шектенүүлөр жакында Батыш маалымат каражаттарында кайрадан айтыла баштады.

17-августта АКШнын Кабулдагы элчилиги “Достум мырзанын өлкөнүн турмушундагы болочок ролуна байланыштуу Ооган өкмөтүнө олуттуу камтамачылыгын билдиргенин” маалымдады.

Карзайдын басма сөз катчысы Сиамак Хервайи Достумдун чет өлкөдөн кайтып келүү укугу бар, ал президенттин буйругу менен кызматын кайрадан аркалай алат деген жообун кайтарды. Президенттин оппоненттери болсо ал бийликте калуу үчүн күмөндүү, ыпылас адамдар менен иштешүүдөн кайтпайт деп айыпташууда.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG