Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Ооганстан: Жараланган шайлоо


Добуш бергенден кийин сыя оңой эле өчүп калат экен дегендер бар

Добуш бергенден кийин сыя оңой эле өчүп калат экен дегендер бар

Ишембиде Ооганстанда парламенттик шайлоо өттү. Саясий процессти бузуп, шайлоого тоскоолдук кылууну ниет кылган талиптер бул күнү бир топ аймактарда шайлоо бекеттерине чабуул коюшту.

Добуш берүү учурунда бүгүн Балх провинциясындагы жардырууда үч адам мерт болду. Төртөө жаракат алышты.

Хост провинциясында шайлоо бекетине чабуул болуп, эки байкоочу жарадар болду.

Ар бир добуш элдин тагдырын өзгөртө алат
Мындан сырткары, ушул өңдүү кабарлар чыгыштагы Жалалабад, түндүктөгү Бадахшан, Кундуз, батыштагы Харт жана түштүктөгү Кандагардан да келип жатат.

Ал эми баш калаа Кабулда АКШнын элчилиги жана НАТО башчылыгындагы аскерий күчтөрдүн баш-кеңсесинин жанына ракета аттырылды.

Шайлоо күнүндө болуп жаткан бул кан төгүүлөр шайлоо процессине токоолдук кылып, анын жыйынтыгына таасир этеби, жокпу – азырынча белгисиз.

Ишеним добушу

Бирок өлкөдөгү эң эле тынч шаар делген баш калаа Кабулдагы шайлоо бекеттери ачылгандан бери эле ага агылгандардын аягы үзүлгөн жок.

Мына ошол адамдардын бири – Саид Ахмед Жамал Мурабез. Ал добуш бергени эки уулун да ээрчите келген. Ал өзүнүн добушу менен өлкөнүн жаркын келечегин курууга салым кошо алам деп ишенет.

Панжшир өрөөнүнө айылдыктар бюллетендерди эшекке артып жеткиришүүдө
“Эгерде өкмөт элдин добушунун негизинде курала турган болсо, анда, албетте, ар бир добуш элдин тагдырын өзгөртө алат”, - деди Мурабез “Азаттыктын” кабарчысына.

Бирок ал добуш берген бекетте баары эле тынч өткөн жок. Айрым шайлоочулар бармагына боело турган сыя оңой эле өчүп калат экен деп нааразы болуп жатышты.

Ошол нааразы болгондордун бири - Ториалай деген киши – бизге буларды айтты.

“Мен добуш берип келгенден кийин, колумду жуусам, жанагы сыя такыр эле жуулуп калды. Башкалар да ушундай экен деп жатышат, - дейт Ториалай. - Анын үстүнө шайлоо бекетинде добуш берүү боюнча регистрациялык картамды тештириш үчүн тийиштүү аппараты жок болгондуктан кайчы менен эле кыркып жатышат”.

Бирок башка бир шайлоочулар жанагы бармагына боелчу сыя өчпөгөнүн да айтышууда.

Иши кылып, ушул сыя, анан регистрациялык картаны белгилөө ыкмалары, негизи, шайлоодо бир адам улам эле бекетке кирип, кайра-кайра добуш бере бербесин деген максатта ойлонулуп киргизилген эле.

Курамы

Ооганстандын парламентинин төмөнкү палатасы 249 депутаттык орундан турат. Ал үчүн бүгүн өлкө боюнча 2,5 миңдей талапкер ат салышууда. Булардын 386сы – аялдар.

Бүгүнкү добуш берүүдө коопсуздуктук чаралары күчөтүлгөн
Бирок, башта айтылгандай, бул жолку шайлоодо коопсуздук абалы өзгөчө коркунуч туудуруп жатат. Өлкө боюнча бүгүнкү шайлоодо 6 835 шайлоо бекети иштейт делген болчу. Бирок бүгүн алардын кеминде 1019 ачылган жок.

Бирок шайлоо бекеттери иштеп жаткан бир топ аймактарда да “кайсыл мүнөттө болбосун, жардыруу болуп кетиши мүмкүн” деп байкоочулар, журналисттер барышкан жок. Мунун өзү да “шайлоо канчалык акыйкат өтүшү мүмкүн?” деген кооптонууну жаратууда.

Бул ойго Ооганстандагы Ачык жана акыйкат шайлоо деген фонддун аткаруучу директору Жандад Спингар да кошула турганын айткан. Бул кор - өлкөдө байкоочулары эң көп уюм катары белгилүү.

“Негизги эле проблема – коопсуздук, - деди ал. – Коопсуздук жакшы сакталбаган аймактарда, маселен, Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүнүн кызматкерлери толук бейтарап иштеп жатышат деп ишене албашы мүмкүн. Алар бейтарап болбогондон кийин, добуш берүү учурунда түрдүү көз боемочулуктарга, мыйзам бузууларга орун берилет”.

Бүгүнкү шайлоонун мааниси

Былтыр жайында президенттик шайлоонун биринчи айлампасында мыйзам бузууларга кеңири жол берилди деп, Хамид Карзайды айыпташкан,чоң чуу чыккан. Добуштардын бир бөлүгү кайра саналган.

Эми бүгүнкү шайлоонун өзгөчө мааниси – акыркы жылдары өлкөдө парламенттин мааниси улам артып бараткандыгында, дешет. Ошон үчүн парламентке ким келет - өзгөчө маанилүү.

Анын үстүнө, бүгүнкү шайлоо – президент Карзай үчүн да чоң саясий сыноо боло тургандай. Анткени ал жакшы өтпөсө, туруктуу өкмөт түзүлбөсө, эларалык коомчулук ооган өкмөтүнө сөз берилген акчалай жардамды бербей коюшу мүмкүн.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы эң эле эрте дегенде 8-октябрда маалым болот дешти. Ал эми акыркы расмий жыйынтыгы 30-октябрдан кийин гана айтылат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG