Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:26

Ооганстанда айыгышкан уруш уланууда


Нангархар провинциясындагы Родат районунда ооган офицерлери турак-жайдан курал-жарак издөөдө.

Нангархар провинциясындагы Родат районунда ооган офицерлери турак-жайдан курал-жарак издөөдө.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү өлкө түштүгүндө талиптер ээлеп алган аймактарды кайра кайтаруу үчүн чабуулун баштады.

19-октябрдан бери өлкө түштүгүндөгү Гилменд жана Фаряб провинцияларынын айрым аймактарына талиптер басып кирген. Ооган бийлиги уруш жүрүп жаткан аймакка кошумча миңдей аскер жөнөттү.

Өкмөттүк күчтөрдүн чабуулу эки тараптан башталды. Түштүк тарапта Гилменд провинциясынын борбору Лашкаргах шаарын кайтарып алуу үчүн уруш уланууда. Бул жерди талиптер 20-октябрда басып алган. Айыгышкан салгылашуу 19-октябрда талиптер ээлеп алган Фаряб провинциясынын айрым райондорунда да жүрүүдө.

Согушкерлер үч апта мурда түндүктөгү Кундуз шаарын басып алып, 14 жылдан бери алгачкы ирет жеңишке жеткенден кийинки баскынчылыкты күчөткүсү келген аракетине бөгөт болуу үчүн өкмөт тарабынан кош чабуул жасоо чечими кабыл алынган.

Ооганстандын биринчи вице-президенти, мурдагы талаа командири, генерал Абдул Рашид Дустум 20-октябрдан тарта Түркмөнстан менен чектеш аймактарга барып, талиптерге каршы согуштук операцияларды жетектеп баштады.

Абдул Рашид Дустумдун Карка районундагы атайын өкүлү, командир Султанфайзи Гурбандурди талиптерди бул аймактан сүрүп чыкканын “Азаттыкка” маалымдады:

- Согушкерлер ичинен жаракат алгандардын өлгөнү өлдү, качканы качты. Колго түшкөндөр да болду, бирок алардын ичинен жарадарларды көрө албадык. Кармалгандар качып кеткендердин жашырынган жерин айтпай жатат. Биз эми алардын артынан издөө иштерин жүргүзөбүз. Айрым согушкерлер түркмөн-ооган чек арасында, Аму дарыянын ортосунда жайгашкан чакан аралга кире качты деген маалымат да бар.

21-октябрдын кечинде ооган расмийлери өкмөттүн аскерлери талиптерди Лашкаргахтан сүрүп чыкканын жарыялашты. Андан 12 чакырым алыста жайгашкан Бабажи калаасын 20-октябрда талип согушкерлери басып алгандан кийин ооган армиясы кошумча миң аскер жиберген. Жалпысынан бир сутка ичинде өкмөттүк күч түзүмдөрү Лашкаргахтагы талиптер ээлеп алган 15 көзөмөл пункттун бешөөнү кайра кайтарып алышты. Аймактын жетекчилигинин басма сөз катчысы Омар Зуактын айтымында, эми бул жакты талиптер басып алат деген коркунуч жок. Салгылашуу учурунда 66 согушкер өлтүрүлгөнү айтылууда. Ооганстандын Коргоо министрлиги өлгөндөрдүн 55и талип, 10у чет элдик согушкер экенин, 85и жарадар болгону тууралуу маалымат таратты.

Мындай кагылышуудан улам Лашкаргахтын жай тургундары да аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болууда. Бирок Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссары азырынча үй-жайын таштап качкандар тууралуу так маалымат аныктала электигин билдирди.

Өлкө түштүгүндөгү Кандагар менен батыштагы Герат шаарын туташтырган ири авто жолдо да кооптуу кырдаал түзүлдү. Талиптердин мындай активдүүлүгүнүн акыркы мезгилде өрчүп кетүүсү Ооганстандан чет элдик аскер күчтөрү чыкканга байланыштуу, бул Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч жаратышы ыктымал дейт “Азаттыктын” аймак боюнча эксперти Брюс Панниер:

- Талиптер түштүктөгү Гилменд, Кандагар сыяктуу провинциялардын чыгыш аймактарына кол салат деп баары эле божомолдогон. Бирок талиптер түндүктөн чабуул баштоо мыкты стратегия болорун түшүнүштү. Кокус салгылаш кызуу болсо, бийлик Гилменд, Кандагар, Кабулдун айланасы же Жалал-Абад сыяктуу ири провинцияларда армиянын көпчүлүгүн калтыра албай калат. Азыр картаны карап көрсөк, уруш жүрүп жаткан аймактардын бардыгы Борбор Азия менен чектешет. Андыктан ал жактагы коопсуздук, коргонуу маселеси курч. Маселен Бадахшан жана Кундуз Тажикстан менен чектеш.

Акыркы үч күндөн бери аскерлер менен талиптердин кагылышуусу Түркмөнстан менен чектеш Фаряб провинциясынын Чормач районунда уланууда. Райондун полиция башчысы менен кошо 18 офицерди талиптер туткундагандан кийин Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Давлат Вазири кошумча аскердик күч жиберилгенин билдирип, бирок ал жактагы акыбал тууралуу кеңири маалымат айткан жок.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG