Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

· Ооганстан аялдарды иш менен камсыз кылуу жана окутуу программасын кабыл алды


КАБУЛ. Улуттар Уюму Ооганстандын аялдар маселеси боюнча министрлиги аялдарды иш менен камсыз кылуу жана окутуу максаты менен 2,5 миллион долларлык программаны ишке ашырууну пландаштырып жатканын билдирет. Улуттар Уюмунун өкүлү Манөө де Алмендо Силвиа Кабулда жасаган билдирүүсүндө БУУнун колдоосу менен ишке ашырыла турган программа ооган аялдарына иштеп акча табуунун ыкмаларын үйрөтө турганын айтты. Программада 33 мектепти калыбына келтирип, 35 миң кыз-келиндин окуусуна шарт түзүү жана өлкө боюнча 40ка жакын аялдар борборлорун түзүү каралган. Программанын каражаты менен ошондой эле Мазари-Шарифтеги медицина институтуна жардам берүү пландаштырылууда. Аталган окуу жайы жыл сайын жүздөгөн медициналык кызматкерлерди окутуп чыгарат. “Талибан” режими бийликте турган учурда ооган аялдары окуп билим алуудан четтетилген болчу.

XS
SM
MD
LG