Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Жакында Ооганстанда бир киши жубайын эркек бала төрөбөгөнү үчүн муунтуп өлтүргөн деген жаңылык көпчүлүктү айран таң калтырды. Эркек балага артыкчылык берүү Ооганстанда кадимки көрүнүш.

Рухсар үчүн бала төрөө жаңылык эмес. Азыр бешинчи жолу боюна бүткөн бул жаш эне бирок кимди төрөй турганын алдын ала айта албайт.

Анын буга чейинки төрт перзентинин баары – кыздар. Ошондуктан күйөөсүнөн бул ирет ал сөзсүз эркек бала төрөшү зарыл экенин кыйыткан кысымды сезе баштаган. Непада ал бул жолу да “осол болуп” кыз төрөп койсо, жолдошу башка аялга кетип калышы турган иш.

“Мен ага экинчи катынды таап бергенге мажбур болом. Күйөөм дагы бир жолу үйлөнүшүн каалабайм, бирок ажырашпай коюштун башка аргасы калбай калат”, - дейт Рухсар.

Уулдуу боло албай жатканы анын үй-бүлөсүн чоң сыноого кептеген сыяктуу.

“Кечир, кыз төрөп койдум...”

Ооганстандагы көпчүлүк үй-бүлөлөрдө калыптанып калган салтка ылайык, эркек баланы өзгөчө жакшы көрүшөт, улук көрүшөт. Эгерде аял кыз төрөп калса, мойнуна жүктөлгөн милдетти аткара албаган таризде айыпка кабылат.

Буга себеп көп: эркек баланы келечекте үй-бүлөнү бага турган, нан таап келе турган адам, тукумду улантуучу, ата-энесинин мүлкүнүн мураскору деп карашат.

Укук коргоочулар ооган аялдарына төрөгөн баласынын жынысына жараша мамиле кылуу сейрек кездешүүчү көрүнүш эмес дешет

Укук коргоочулар ооган аялдарына төрөгөн баласынын жынысына жараша мамиле кылуу сейрек кездешүүчү көрүнүш эмес дешет

Кабулдун 33 жаштагы тургуну, эки кыздын жана бир уулдун атасы Эхсанулло: “Бизде ата-энелер картайганда аларды эркек балдары камкордукка алышы керек”, - дейт. Көптөгөн пуштундар картайганда күйөө-баласынын колунда калышын такыр эле элестете алышпайт.

Эхсануллонун айтымында, оогандар кызды башка бирөөнүн бүлөсү болуп кетет деп, олуттуу карашкан эмес. Ал өзү үчүнчү жолу бала көрүп, уулдуу болгонго чейин жоро-жолдошторуна, туугандарына “Менин кыздарым бар” деп айткандан да тартынчу экен. Ошол эле учурда ал “Мени кыздарын жакшы көрбөйт экен деп ойлобогула”, - деп коет.

“Кыздарын жакшы көрбөгөн” башка бир эркектин окуясы бир нече күн мурда көпчүлүктүн чачын тик тургузгандай болду. Кундуз провинциясынын тургуну аялын “үчүнчү ирет кыз төрөгөнү үчүн муунтуп өлтүрүптүр” деген кабар тараганда, оогандардын өздөрүнүн ичинде да көпчүлүк үчүн бул такыр түшкө кирбеген жоруктай туюлду.

Аялдардын укугун коргоо боюнча жергиликтүү активисттер бул өңдүү өтө эле опурталдуу окуялар сейрек кездешээрин айтышты, бирок аялдарга төрөгөн перзентинин жынысына карата кодулоо же мактоо өңдүү нерсе аз деп айтууга болбой турганын билдиришет.

“Энеси эркек төрөгөндөй...”

Көп учурда аялды эркек бала төрөй албаганы үчүн тилдеген же жекирген өзүнүн күйөөсү эмес, үй-бүлө мүчөлөрү болоору да айтылат. Бул тууралуу жакындан тарта Нангархар вилаетинде аялдар иштери боюнча жооптуу кызматты аркалай баштаган Аниса Имрани билдирди.

“Эркек төрөгөн аялга төрөттөн кийинки мамиле такыр башкача. Күйөөнүн үй-бүлөсү мындай келинге эң мыкты тамагын берет. Адатта, ал үчүн деп атайын тоок союшат. Колунда барын аяшпайт, чоң той беришет. Бирок кыз төрөп койгон аял уятка калат жана кайын журтунун кодулоосуна чыдап, күн көрүшү керек”.

Имранинин айтымында, азырынча бул көрүнүш өлкөдө канчалык күчтүү же канчалык кеңири тараганын аныкташ үчүн так иликтөө жүргүзүлө элек. “Бирок аялдарга карата мындай мамиле көбүнчө билими төмөн үй-бүлөлөр арасында жайылган”, - дейт ал.

Кабулдагы төрөт үйлөрүнүн биринин акушеркасы болуп иштеп жүргөн Фарида Хоад мунун баарын “караңгылыктын натыйжасы” деп атады.

“Аялдарды кыз төрөгөнү үчүн айыптагандар болочок ымыркайдын жынысы атанын уругунан болоорун түшүнүшпөйт”, - деп кейийт Хоад.

Патриархалдык мамиле

Ата-энелердин кыздарга караганда эркек баланы көбүрөөк самашканы бул терең диндешкен өлкөдө аял менен эркектин коомдогу ролу менен байланыштуу көрүнүш. Патриархаттык түзүлүш үстөмдүк кылган ооган коомунда эркек үйдү бага турган, аял болсо үйдүн иши менен алек болгон киши катары каралат.

Консервативдүү үй-бүлөлөрдө кыздар менен балдарга түрдүүчө мамиле жасалат. “Биз эжем экөөбүз иним тамагын жеп бүткүчө эч нерсе жей алчу эмеспиз, тыюу салынган болчу”, - дейт Пактия провинциясында жашаган өспүрүм кыз Нурия.

Эркек балдар үйдө картайган ата-энесин эле эмес, өзүнүн бир туугандарын да камкордукка алат деп күтүшөт.

55 жаштагы Гүлхотай Махмадзайдын уулу жок. Ошондуктан кандагарлык бул аялдын эртең көрөр күнү кандай болоору белгисиз.

Махмадзай 10 перзент төрөп, онунчусу да кыз болгондон кийин күйөөсү таштап кеткен. Эркек балалуу болуп калар бекем деген үмүт менен 26 жаштагы кызга үйлөнсө, анысы дагы эки кызды төрөп бериптир.

Азыр эми кыздарынын биринин да үйүнө батпаган Махмадзай жалгыз жашайт. “Бирок эркек балам болгондо жашоом такыр башкача болмок”, - деп ишенет.

“Исламга жакпаган жорук”

Ооганстандагы аялдардын укугун коргоочу активисттер азыр коомдогу бул кырдаалды жалаң билим берүү, эл агартуу менен гана жойсо болот деп ишенишүүдө. Алар молдолорду да ортого салып, аялдарга карата дискриминацияны жоюуда чоң сый-урматка ээ молдолорду да чакырууну эп көрүштү.

Жергиликтүү динаятчы Мавлана Мустафа: “Биздин динибиз жыныс боюнча дискриминацияны четке кагат. Анткени биздин жынысыбыз исламга чейин аныкталган нерсе. Эркек же аял экенине карап бөлүү – ислам динине туура келбеген жорук, ал караңгылыктын жана динсиздиктин эле белгиси”, - деп белгилейт.

Сөзүбүздүн башында ысымы аталган кош бойлуу Рухсар жакында УЗИге барайын деп, жүрөкзаада болуп турган чагы. Анткени анын жыйынтыгы кандай болооруна жараша Рухсардын күйөөсү аны менен калат, же экинчи аялга үйлөнүшү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG