Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Тelegraph: Мосулда төрт миңдей адам көмүлгөн жер табылды


Мосул шаары.
Мосул шаары.

Ирактын Мосул шаарынын чет жагында төрт миңге жакын адамдын сөөгү жапырт көмүлгөн жай табылды. Бул тууралуу британиялык Тelegraph гезити жазып чыкты. Сөөктөр жашырылган чуңкур Мосулду Багдад менен бириктирген жолго жакын жайгашкан.

Жергиликтүү тургундардын маалыматына караганда, өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ ал жакка ирактык жоокерлердин сөөктөрүн таштаган. Алгач чуңкурдун тереңдиги төрт жүз метрдей тереңдикте болсо, 2015-жылы жайында радикал исламчылар аны топурак жана бетон сыныктары менен толтуруп, тегиздеп салышкан.

Мосулду "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу 2014-жылы басып алган. Аны бошотуу операциясы былтыр октябрда башталып, Ирак армиясы шаардын чыгыш райондорунан жана аэропорттон согушкерлерди сүрүп чыгарууга жетишти. Ушул тапта калаанын батыш бөлүгү үчүн күрөш жүрүүдө.

Согушкерлер мина салынган машинелерди, снайпер жана курал менен жабдылган дрондорду колдонуп жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG