Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

АКШнын Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси ооган президентин “татыксыз өнөктөш” деп, ага Америкадан кошумча жардамды көбөйтпөш керектигин айтты.

Анын айтымында, Ооганстанда талиптерге каршы күрөшүү үчүн кошумча аскер жиберүү планын Конгресстеги демократтар да анча колдобой жатышат.

Пелоси АКШдагы Улуттук коомдук радиодо сүйлөп жатып: “Кабулда АКШ толук ишене ала турган өнөктөш пайда болмоюн, Конгресс ал жакка кошумча аскер, башка жардамды берүү планын колдой албайт, - деди. – Ишенимдүү өнөктөшү болбой туруп, кантип америкалыктар өз жанын, акчасын коротушу керек?”.

Нэнси Пелоси Конгресстеги демократтар да ооган жерине кошумча күч кетирүүнү каалабай жатышканын айтты

Пелоси бул билдирүүнү америкалык президент Барак Обама Ооганстанда талиптерди жеңиш үчүн Америкадан кошумча 40 миң аскер жиберүү маселеси боюнча ойлонуп жатканда айтты.

Обаманын администрациясы аскерлер боюнча акыркы чечим 26-ноябрдан кийин кабыл алынаарын айткан.

Азырынча ооган жеринде 68 миң америкалык аскер бар. Ооганстандагы америкалык аскер командачылыгы болсо, талиптерди жеңиш үчүн бул жетишсиз экенин айтып, кошумча 40 миң аскер сураган.

Пелоси болсо Ооганстанда Америка ишене турган адам турбаса, каражат таланып, башка иштерге колдонулуп кетиши мүмкүндүгүн эскертти.

Эл өкүлдөр палатасынын спикери бул билдирүүнү Кабулда Хамид Карзай экинчи мөөнөткө шайланган президент катары ант бергендин эртеси айтып жатат.

Хамид Карзай "коррупция менен күрөшөм" деп, Куранды өөп, касам ичти, 19-ноябрь, 2009.

Карзай өзү дүйнөнүн туш тарабынан коррупцияны жоюу зарылдыгын айткан чакырыктардын басымы астында турат. Президенттик антын берип жатып, ал коррупция менен күрөшүүгө убада берди. Бирок Батыш азыр андан курулай сөздү эмес, конкреттүү чараларды күтүп тургансыйт.

Кабулдук саясий аналитик Насрулла Станакзайдын айтымында, Хамид Карзай азыр чечкиндүү кадамдарга барбаса, Батыштын ишениминен биротоло чыгып калышы да ажеп эмес. “Паракордукка каршы күрөштүн бир бөлүгү катары Ооганстандагы өкмөттүк агенттиктер үч типтеги саясатчылардан - согуш командирлеринен жана согуш кылмыштарына, аткезчиликке, паракордукка аралашкандардан - арылышы зарыл”, - деп эсептейт Станакзай.

Ооган президенти алдыдагы беш жылда өлкөдө коопсуздукту камсыздоо миссиясы НАТО башчылыгындагы күчтөрдөн ооган аскерлерине өткөрүлүп берилиши керек деген эле. Аналитик Станакзай, эгерде батыштык өнөктөштөрдөн мыкты колдоо болсо, бул максатка жетишүүгө болот дейт.

“Эгерде ооган күчтөрү зарыл техника, курал-жарак менен камсыз кылынса жана аскерлердин саны жарым миллионго жетсе, анда, менимче, ооган күчтөрү өздөрү эле өлкөнү коргой алышат, - деди ал. - Буга чейинки тажрыйба деле ооган аскерлери мекенин коргой ала турганын көрсөттү”.

Ушул тапта Ооганстанда жалпысынан НАТОнун жетекчилигинде 110 миң аскер бар.

Батыштагы мамлекеттер арасында өздөрүнүн аскерлерин ооган жеринде канча кармап туруу маселеси да талаш-тартышка алынууда. Голландия менен Канада, мисалы, өздөрүнүн аскерлерин 2010 жана 2011-жылдары өлкөдөн чыгарып кете тургандыктарын айтышкан.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG