Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

НАТО эми Ооганстанда коопсуздукка жооп бербейт


Хамид Карзай (оңдо) менен Андерс Фог Расмуссен, Кабул, 18-июнь, 2013

Хамид Карзай (оңдо) менен Андерс Фог Расмуссен, Кабул, 18-июнь, 2013

Ооганстанда НАТО жетектеген эл аралык аскер күчтөрү өлкөнүн копсуздугун камсыздоо милдетин бүгүн расмий түрдө ооган өкмөтүнө өткөрүп беришти.

Президент Хамид Карзай бүгүн Кабулдун четиндеги Ооган Улуттук Коопсуздук университетинде өткөн салтанатта белгилегендей, эми мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо вазыйпасы Ооган улуттук армиясы менен полициясына жүктөлөт.

"Бул менин эң башкы үмүт-каалоолорумдун бири болчу, - деп сөзүн баштады президент. - Ошондуктан бүгүн ооган күчтөрүнө өз өлкөсүндөгү коопсуздукту камсыздоо милдети өткөрүлүп жатканда ушул максатка жеткениме ооган жараны жана мамлекеттин башчысы катары кубанып турам. Жалпы ооган эли үчүн да өздөрүнүн өмүрүн жана мамлекетин өз уулдары коргой турганы өзгөчө улук күн деп атайт элем".

Мамлекетте жана региондо тынчтыкты, жайкын турмушту орнотуу ишине Карзай Пакистанды да активдүү катышууга чакырды.

“Рейтер” агенттиги Дубаидеги атын атабаган ооган дипломатына шилтеме менен “Талибан” бүгүн ал жакта ортомчулук кылчу мекемесин ачаарын кабарлады.

Кабулдагы иш-чарадан кийинки маалымат жыйынында Карзай Катар өлкөсүндө Ооган тынчтык кеңешин талиптер менен сүйлөшүүгө жиберерин билдирди.

"Бизде Ооган тынчтык кеңеши менен “Талибандын” сүйлөшүүлөрү үчүн алдын ала коюлган шарт жок. Бирок жалпы принциптерди карманабыз, - дейт ооган президент. - Ага ылайык, Катарда башталган сүйлөшүү дароо эле Ооганстанда улантылышы лаазым. Экинчиден, сүйлөшүүлөр Ооганстандагы зордук-зобунду, чабуулдарды токтотушу керек. Үчүнчүдөн, бул сүйлөшүүлөр кайсыл бир үчүнчү өлкөгө өз кызыкчылыгын Ооганстанга таңуулаш үчүн колдонулбашы абзел".

Шейшембидеги иш-чара ушул күнгө дейре чет өлкөлүк аскерлер коргоп келген региондорду ооган күчтөрүнө өткөрүп берүүгө арналды. Буга жумурияттын түштүгү менен чыгышында талиптер азырга чейин ооган өкмөтү менен тирешип келген эң опурталдуу 95 район кирет. Хелманд, Кандагар, Хост, Пактия жана Кунар өңдүү өлкөнүн эң эле бейстабилдүү аймактары да ушул тизменин ичинде.

Бул маанилүү иш-чарага жергиликтүү жана чет өлкөлүк жүздөгөн расмий өкүлдөр, алардын ичинде НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен да катышты. Баш катчы азыркы ооган армиясын “жүрөктүн үшүн алчу күч” деп мактады.

"НАТОнун былтыр жайында өткөн саммитинде биз бир жылдын ичинде силердин аскерлер өлкө боюнча абалга көз салуу ишинде жетиштүү деңгээлге чыгышы керек деп сүйлөшкөн элек. Бүгүн биз ошол максатка жеткенибизге сыймыктанабыз, бүгүн ооган армиясы өлкө коопсуздугун камсыздоодо башкаруучу милдетти элеп отурат", - деп айтты Расмуссен.

Ооган армиясына жоопкерчилик толугу менен өткөрүлгөндөн кийин өлкөдө кала турган 100 миңдей чет өлкөлүк аскер оогандарга жардам берчү жана аларды машыктырчу иштер менен алек болот. Ал эми 1014-жылдын этегине чейин өлкөдө согушка катышкан чет өлкөлүк аскерлердин баары Ооганстандан чыгып кетишет.

Ал арада шейшембиде Кабулдун батышында депутат Мухаммед Мохакыктын өмүрүнө кол салышты. Жолго коюлган бомба жарылган. Бирок белгилүү сунни динаятчысы, депутат Мохакык жардыруудан жабыркабаганын “Азаттыкка” билдирди.

Полиция кабарлагандай, окуяда үч тургун набыт болгон, 30 киши жаракат алды. Чабуулду ким жасаганы азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG