Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Ооганстан-Пакистан: кызматташтык үчүн касам


Британ премьер Дэвид Камерон (ортодо) ооган, пакистан президенттери Хамид Карзай (солдо) жана Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүнүн соңунда, 4-февраль, 2013
Британ премьер Дэвид Камерон (ортодо) ооган, пакистан президенттери Хамид Карзай (солдо) жана Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүнүн соңунда, 4-февраль, 2013

Пакистандын жана Ооганстандын лидерлери регионалдык стабилдүүлүккө жетиш үчүн тыгыз кызматташмай болушту. 4-февралда Лондондо британ премьери Дэвид Камерон пакистан-ооган лидерлеринин кезектеги үчүнчү жыйынын өткөргөн.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттерге сүйлөгөн британ премьери Камерон Ооганстандын келечеги жөнүндө бул үч лидер бирдей ойдо экенин бышыктады.

"Биз Ооганстан боюнча бирдей ойдобуз: келечекте коопсуз, стабилдүү жана демократиялык нукта өнүгө турган бул өлкө эми эч качан терроризмдин мекенине айланбайт, - деди ал. - Биз баарыбыз ушуга жетиш үчүн жан үрөп иштегенге даяр экенибиз мени кубантат, анткени Ооганстандын стабилдүү өнүгүшү баарыбыздын кызыкчылыгыбызга төп келет".

Камерондун айтымында, лидерлер ооган тараптын тынчтык планын жактырышты жана Ооганстан менен Пакистандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө күзгө чейин келишим даярдап чыкмай болушту.

"Биз баарыбыз Ооганстандын тынчтык планын колдойбуз жана "Талибан" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн Дохада атайын кеңсе ачылышын жылуу кабыл алдык. Келечекте мунун баары Ооганстандагы түрдүү күчтөргө өз мамлекетинин саясий процесстерине катышууга укук бериши керек", - деди британ өкмөтүнүн башчысы.

Ооган президенти Хамид Карзай анын өкмөтүнүн талиптер менен элдешүү аракети колдоо тапканына ыраазычылык билдирди. Ал "Талибанды" тынчтык процессине өзүнүн өкмөтү менен бирдей катышууга да чакырды.

"Мен тынчтык процесси тууралуу жана Пакистан менен тыгыз кызматташтык жөнүндө британ премьери Камерон айткан сөздөрдү колдойм, - деди Карзай. - Ошону менен катар, биздин бүгүнкү талкуудан кийин кабыл алынчу келишимдер баардык талаптардын кызыкчылыгына иштей баштайт, "Талибан" да ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, тынчтык процессине аралашат деп үмүттөнөм".

Ооганстандын тынчтыкка жетишүү планын Пакистандын президенти Асиф Али Зардари да колдоду. Исламабад акыркы айларда "Талибан" кыймылынын бир топ даражасы улук аскерлерин түрмөдөн бошоткон. Жакынкы айлары өзүндөгү түрмөлөрдө кармалган бардык талиптерге боштондук берээрин да жарыялады.

"Пакистан "Талибан" менен диалогго барууну колдойт. Бул азыр тынчтыкты орнотуу боюнча дүйнөлүк максатынын бири. Биз муну колдойбуз, анын ишке ашышына колдон келген жардамыбызды беребиз. Ошентип биздин эки улутка тең үлкөн жоготууга турган согушка чекит коюшубуз абзел", - деди пакистандык президент.

Келерки жылы ооган жеринен чет өлкөлүк аскерлер чыгарылышы керек. Анын алдынан Кабул азыр "Талибан" менен тынчтыкка жетишүү зарылдыгын билдирип жатат.

Бул үч лидердин дүйшөмбүдөгү Лондондогу жолугушуусуна пакистандык жана ооганстандык тышкы иштер жана коргоо министрлери, чалгын кызматтарынын башчылары да катышты. Британия буга чейин ушул эле форматта эки ирет жолугушууларды уюштурган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG