Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Кыргызстандык байкоочулар Өзбекстандагы шайлоого көз салууда


Өзбекстандагы президенттик шайлоо
Өзбекстандагы президенттик шайлоо

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков, Улуттук илимдер академиясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган делегация Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында жүрүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен кабарлады.

Алар бүгүн Өзбекстанда өтүп жаткан президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салышууда.

Мындан тышкары шайлоого мониторинг жасап жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочуларынын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Алмазбек Акматов, Айтмамат Назаров жана БШК мүчөлөрү Назарали Арипов жана Акылбек Эшимов бар.

Кыргызстандык байкоочулар Ташкент шаарындагы бир катар шайлоо участокторуна баш багып, андан тышкары Ташкент, Анжиян, Фергана, Наманган, Самарканд, Кашкадарыя облустарына дагы барып шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзөт. Эл аралык байкоочулар менен бирге шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат да беришет.

Бүгүн Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоого төрт талапкер аттанган. (SDz)

XS
SM
MD
LG