Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Ооганстанда президенттик шайлоо бүттү


Өлкөнүн транспорт барбаган айрым райондоруна бюллетендерди жеткиришүүдө, Шутул, Панжшир провинциясы, 4-апрель, 2014

Өлкөнүн транспорт барбаган айрым райондоруна бюллетендерди жеткиришүүдө, Шутул, Панжшир провинциясы, 4-апрель, 2014

Оогандар бүгүн президенттик шайлоодо добуш беришти. Шайлоолор боюнча арыздар комиссиясынын жетекчиси 500дөн ашык ооз эки арыздануу болгондугун билдирди.

Шайлоо өкүлдөрү жабылган шайлоо бекеттеринин алдында дагы деле добуш берет элек деп күтүп тургандар бар экендигин билдиришти. Бюллетень жетишпей жана эл көп келгендиктен, добуш берүүнүн мөөнөтү бир нече саатка узартылган эле.

– Эл жаанга да, бороон-чапкынга да карабай келип, добуш беришти. Биз муну күткөн эмеспиз. Айрым арыздануулар болду, кеминде 58 арыз түштү. Мындан тышкары 500дөн ашык киши телефон чалып, арызданышты. Көбү Вардак, Парван, Паиса, Кандагардан болду. Биз алардын баарын териштиребиз- деди Шайлоолор боюнча арыздар комиссиясынын жетекчиси Саттар Саадат "Азаттыктын" ооган кызматына.

Шайлоого байланышкан зомбулукта өлкө боюнча бир кишинин набыт болгондугу кабарланды. Конституция боюнча үчүнчү ирет кайра шайлана албаган президент Карзайдын ордуна 8 талапкер ат салышты.

Талиптер шайлоону үзгүлтүккө учуратабыз деп эскерткен. Өкмөт коопсуздукту камсыздоо үчүн 350 миңден ашык аскер жайгаштырды. Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн тарыхында биринчи жолу бийлик демократиялык жол менен алмашмакчы. Бирок жыл соңунда чет элдик аскерлер чыгарылгандан кийин өлкөдө туруктуулук сакталары белгисиз.

Ооганстан жаңы доорго кадам таштадыбы?

Ооганстанда бүгүн өткөн президенттик шайлоо президент Хамид Карзайдын 12 жылга созулган президенттигинин бүтүшү жана чет өлкөлүк аскерлер өлкөдөн чыгып, Талибан менен күрөштү өлкөнүн өзүнө калтырып кетип жаткандагы жаңы доор башталганынан кабар берет.

Көпчүлүк азыр алдыдагы шайлоону бул жумурияттын олку-солку тарыхындагы эң эле тынч, демократиялык шайлоо болот го деп үмүттөнүп жатканын айтышууда.

Жаңы шайланчу президентти маанилүү, оор милдеттер күтүп турат. Быйыл Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылышы керек. Демек, Талибан менен күрөшүү озуйпасы толугу менен жергиликтүү армияга жүктөлүшү керек.

Өкмөт чет мамлекеттердин тикелей колдоосу менен эмес, өз алдынча таза жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн жалпы өнөктүккө азыр сырттан алынган миллиарддаган доллар акча сарпталды.

Негизги талапкерлер

Бул шайлоого өлкөнү 12 жыл башкарган Хамид Карзай катышкан жок, анткени мыйзам боюнча ага берилген укуктун мөөнөтү аяктады. Бул ирет анын ордуна ат салышып жаткан 8 талапкердин ичинен чыныгы күрөш үч саясатчынын ортосунда жүрөт деп айтылган. Булар: мурдагы каржы министри Ашраф Гани жана мурдагы эки тышкы иштер министрлери Абдулла Абдулла менен Залмай Расул.

Ооганстандын аналитиктер түйүнүнүн теңтөрайымы Мартине ван-Бийлерт азыр талапкерлер ортосунда жеңиши мүмкүн деп эч кимдин ысымы ишенимдүү аталбай жатканын "өлкө 2004-жылкы алгачкы демократиялык шайлоодон бери эми чыныгы ачык жана айкын шайлоолор алдында турганынан кабар берет",- деди.

- Алгачкы жолу талапкерлер ортосунда таймаш ачык жүрүп жатат, анткени булардын кимиси жеңиши мүмкүн экенин айтуу азыр кыйын. Бул шайлоонун айырмасы ушунда.

Үч кишинин экөө – Абдулла менен Гани - азыр шайлоо күнүнө дээрлик бирдей колдоо менен баратышат. Ал эми Расулдун көрсөткүчү алардыкынан бир аз азырааак. Алар үчөө тең - өлкөдөгү көп улуттуулукка басым жасаган, ошону менен добуш алганга аракет кылган, Батыш колдогон реформист саясатчылар. Алдыдагы добуш берүү дал ошол этникалык негизде мүнөздөлүшү мүмкүн экени айтылууда.

Этникалык өңүт

Өлкө калкынын басымдуу бөлүгүн, 42% пуштундар түзөт. Экинчи орунда тажиктер, алар ооган калкынын 27% жетет. Карзайдын 2009-жылкы шайлоодогу башкы атаандашы Абдулланын туугандары арасында тажиктер да, пуштундар да бар.

Гани болсо өзү - пуштун академиги, мурда Дүйнөлүк банкта иштеген. Азыр ал консервативдүү пуштундар арасында колдоосун күчөтүп, калктын 9% чейинин түзгөн этникалык өзбектердин да колдоосун алганга жетишүүдө.

Пуштундардан чыккан белгилүү саясатчы Расул болсо азыр өзүнүн командасына аялдарды жана абройлуу тажик саясатчыларын да кошуп жатканы белгилүү.

Ошентип, азыр бир да талапкерди “жеңет” деп ишенимдүү айтуу кыйын болуп тургандыктан, булардын эч кимиси биринчи айлампада эле добуштардын жарымынан көбүн ала албашы мүмкүн. Андай болгондо, алдыга чыккан эки тарапкер 28-майда өтө турган экинчи айлампада беттешмекчи.

Жумурияттагы коопсуздуктун начардыгы, кеңири жайылган коррупция, экономикадагы проблемалар жана АКШ менен Коопсуздук боюнча кабыл алынчу жаңы келишим – шайлоо өнөктүгүндөгү башкы темалардан болду.

Жаңыча шайлоо

Азыркы президент Хамид Карзай өлкөдөн аскерлерин чыгарып жаткан АКШ менен жаңы келишимге бара албады. Азыркы талапкерлердин баары ал келишимди колдойт. Карзайдын ал документке кол койбой койгону АКШ менен мамилени бир топ эле ириткен болчу. Эми мамилени оңдоо озуйпасы да келерки президентке жүктөлгөнү турат.

Бул жолку шайлоо өнөктүгү масштабы, уюштуруу иштери жана маалымат каражаттарынын иши боюнча да, буга чейинки шайлоолорго караганда, алда канча кеңири болгону айтылууда. Твиттер, Фейсбук өңдүү социалдык түйүндөрдүн ролу да өзгөчө болду, телеканалдар талапкерлер ортосундагы теле таймаштарды түз ободо көрсөтүп жатышты.

Ооганстанда 12 миллионго жакын киши шайлоодо добуш бере алат, бирок азыр 6 миңдей шайлооканага жалпысынан 20 миллиондон ашуун бюллетень жеткирилип, бул “көз боёмочулук болушу мүмкүн” деген тынчсызданууну жараткан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG