Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Ооганстандагы жакырчылык менен коопсуздуктун начардыгы көптөгөн жаш балдарды көчө иштерине тартылууга, тилемчиликке барууга мажбурлап койду. Көчөдө иштеген балдардын көбөйүшү менен бирге балдарга ыдык көрсөтүп, сексуалдык жактан кордогон, ур-токмокко алган учурлардын саны да өстү.

Ооганстанда миңдеген жаш балдар кир көчөлөрдү кыдырып, үй-бүлөлөрүнө зарыл күнүмдүк акча табуу менен алек.

Кээде аскерий базалардын айланасында, ири дүкөндөргө жакын жерлерде күндүн табы кан кайнатып турган чакта да, кыштын суугу сөөккө жетип турганда да гезит-журнал, сагыз сатып жүргөн тытылган кир көйнөкчөн жаш балдарды көрүүгө болот. Бут кийим, чылым сатып, же машине жууп жүргөн балдар да бар.

Мунун баары жакырчылыктын, коопсуздуктун жоктугунун айынан болуп жатат. Бириккен улуттар уюмунун эсебинде азыр Кабулдун өзүндө эле көчө балдарынын саны 50 000 жетти. Көчөдө жүргөн балдардын саны көбөйгөн сайын, аларга зомбулук көрсөтүлгөн фактылардын саны да өстү.
Алар мени бир бөлмөгө зордоп киргизишти. Мен аларга бул иши мусулманчылыкка жатпайт дедим...

Мухаммад Юсиф жетектеген “Асчияна” деген бейөкмөт уюм дал ушундай багар-көрөөрү жок балдарга колдоо көрсөтүп келатат. Юсифтин айтымында, алардын уюму кароосуз балдарга сексуалдык ыдык көрсөтүлгөн фактылардын далайын каттоого алган.

Анткен менен Ооганстанда жаш балдарды сексуалдык кулчулукка тарткан фактылардын так санын аныктоо чынында кыйын. Анткени бул көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн оозго алгыс жабык тема.

“Үй-бүлөлөр бул өңдүү окуялар тууралуу ачык айтканды каалашпайт, журналисттерге да барышпайт. Ошон үчүн канча окуя катталганын билүү оңой эмес, - дейт укук коргоочу. - Сексуалдык зомбулук көбүнчө үй-бүлөдөн, мамлекеттен колдоо таба албаган, корголбогон балдарга каршы жасалууда”.

Алсызга асылгандар

Юсиф 2003-жылы 38 000 бала көчөдө калган деп айтылган болсо, быйыл кароосуз балдардын саны 60 000 ашты дейт. Буга, кайсыл бир деңгээлде, Иран менен Пакистандан агылган качкындардын абалы да таасир эткен болушу мүмкүн.

Көптөгөн үй-бүлөлөрдөгү жакырчылык, иштин жоктугу жаш балдарды да тыйын табыш үчүн көчөгө чыкканга мажбур кылды.
Кабулдун базарында желим баштык саткан бала, 10-ноябрь, 2011

Кабулдун базарында желим баштык саткан бала, 10-ноябрь, 2011

Дал ушундай абалда калган 12 жаштагы кандагарлык бала биздин радиого сүйлөп жатып, үйүндөгүлөр акча таба албай калганда мектепти таштап, өзү да көчөгө чыгып иштегенге мажбур болгонун айтты. Атын атагысы келбеген ал баланы полисмендер сексуалдык жактан кыйнашкан экен. Аны “20 миң афганини уурдагансың” деп күнөөлөп, полиция кызматкерлери машинеге салып, алып кетишкен.

“Бирок биз райондун борборуна жеткенибизде айдоочу машинени башка жолго салып, полиция башчысы турган жакка алып барды. Ал анан мага эч кандай акча уурдабаганымды, болгону алар мени менен жатыш үчүн алып келишкенин айтты, - дейт 12 жаштагы бул бала. - Алар мени бир бөлмөгө зордоп киргизишти. Мен аларга бул иши мусулманчылыкка жатпайт дедим...”

Анын айтымында, үч полисмен кезектешип, аны зордуктагандан кийин денеси канга боелгон кейпинде алсырап ыйлап жаткан баланы узак жакка алып барып, калтырып кетишкен.

Жакырчылыктын биринчи курмандыктары

Бул өлкөдөгү 30 жылдык согуштун жаракасы канчалаган үй-бүлөлөргө катуу так калтырды. Көпчүлүк балдар атасыз калышты же аталары оор жаракаттан кийин майып болуп, азыр иштей алышпайт. Энелер сыртка чыгып иштей алышпайт, муну эл уят көрөт, салтка туура келбейт, аял үйдөн чыкпашы керек дешет.

Амир деген баланын атасы жарандык согуш учурунда набыт болгон. Кийин аны туугандары багып алышканы менен, күнүмдүк нанын акташ үчүн ал иштегенге мажбур.

“Мен мектепке бара албайм, анткени жетиммин, - дейт Амир. - Менин атамды талиптер өлтүрүшкөн. Бирдеме таап жеп, курсагымды тойгузуш үчүн күндө иштешим керек”.

Улуттар уюмунун Балдар фонду – ЮНИСЕФтин – маалыматына ылайык, Ооганстанда мектеп окуучуларынын 30% көчөдө иштегенге мажбур жана көбүнчө алар үй-бүлөлөрүндө акча тапкан жалгыз адам болуп калат. Бул дегени өлкөдө 3 млн.дон ашуун бала такыр билим албайт дегенди билдирет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG