Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Ооган жаштарына талиптердин акчасы кызык


Хост провинциясындагы менчик медициналык коллеждин студенттери бүтүрүү салтанатында. 29-апрель 2012
Хост провинциясындагы менчик медициналык коллеждин студенттери бүтүрүү салтанатында. 29-апрель 2012

Жардылык, жумушсуздук жана коомго өзүн пайдасыз сезүү билимдүү жаштарды радикалдуу топтордун кучагына түртүп, азыр эле көптөгөн уландар козголоңчулардын катарына кошууда.

Ооган өкмөтү акыркы он жылда билим берүү тармагы калыбына келтирилгенин чоң жетишкендик ирети мактаныч менен айтып жүрөт. Себеби билимдүүлүк жакырчылык менен радикализмден сактачу калканч болот деп үмүттөнүшкөн. Өкүнүчтүүсү, орто жана жогорку окуу жайларды бүткөн дипломдуу адистер үчүн жетерлик жумуш орундары жок.

Кийинки кезде Ооган армиясы менен Улуттук полициянын катары чоңоюп, айрым жаштар маянасы төмөн жана иш коркунучтуу болгонуна карабай, ошол жактан жумуш тапты. Ошол эле учурда согушчандардын катарына кошулгандар да болууда. Анткени талиптер Ооган армиясы жана полициясына салыштырганда айлыкты алда канча көп төлөйт. Кийинтет, тамактандырат жана жашаганга жай берет. Бул жөнүндө профессор Вадир Сафи мындай дейт:

- Жумуш таппаган жана университетке кире албаган жаштардын жакшылыктан үмүтү аз. Өкмөттө жумуш орундарын түзүү боюнча эч кандай демилге жок. Буга кыжырданган жаштар козголоңчуларга кошулуп кетүүдө. Алар өкмөттөн эч кандай жардам болбосун, ал эми козголоңчуларда акча да, күч да бар экенин көрүшүүдө.

Өткөн он жылдыкта миңдеген жаңы мектептер жана жаңы университеттер ачылып, миллиондогон балдар окууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок өнүкпөгөн аймактарда мурдагыдай эле калган бүтүрүүчүлөрдү жумушка орнотуу жагы ойлонуштурулган эмес.

“Эгер биз бул иштерди жасасак, кесипкөй адистердин санын көбөйтүп, балдарыбыз жана студенттер талиптерге кошулмак эмес”, - дейт Кабыл университетинин профессору Гажиб Махмуд.

Билим берүү системасында кеңири жайылган коррупция да мектепти жакшы бүткөн көптөгөн балдардын тагдырына балта чабууда. Ооганстандын Түштүк Батышындагы Забыл провинциясында мектепти бүткөн Абдул Валинин айтышынча, анын достору жакшы баа алганы менен көбү окууга өтпөй калган:

- Бул жолу университетке кирүү экзаменине бүтүрүүчүлөр көп катышты. Алардын айрымдары өтүп, көпчүлүгү сынактан кулап калды. Өтпөй калгандарда талиптерге кошулуудан башка арга жок. Менин жакын досторум талиптерге кошулуп, азыр өкмөткө каршы согушууда.

Түштүк Чыгыштагы Газни провинциясында согушчандар дембе-дем мектептерди өрттөп, окуучуларды ууландырып, мугалимдерге кол салып турат. Бул балдардын ырааттуу билим алуусуна жолтоо болууда. Андан улам Мухаммед Умардын туугандары жана достору талиптерге кошулуп кетишкен.

“Менин жакын досторумдун көбү окууга мүмкүнчүлүк болбой талиптер тарапка өтүп кетишти. Кээ бирөөлөрү жолдон жарандарды тарткан машинеби же чет элдиктерди тартканбы, анысына карабай буктурмада отурушат. Алар баалуу буюмдарды ширеңке менен гана өрттөшүүдө”.

Быйыл 147 миң бүтүрүүчүнүн 40 миң чамалуусу улуттук сынактан өтүп, университетке кирди. Алардын арасында коогалаңдуу жана консервативдүү түштүк провинциялардан саналуу гана улан-кыздар бар.

XS
SM
MD
LG