Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Марат Исаев Москвада “Жыл адамы” аталды


Марат Исаев
Марат Исаев

Кыргызстандык Марат Исаев Москвада “Ишкерлер аудиториясы Awards-2016” сыйлоо аземинде “Жыл адамы” наамын алды. Орусиядагы элчиликтен билдиришкендей, Исаев метродо темир жолго кулаган аялды куткарып калганы үчүн ушундай сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Жекшембиде өткөн “Ишкерлер аудиториясы Awards-2016” аземин эл аралык ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Осмонбеков уюштурду.

Салтанатта “Жыл мекендеши” сыйлыгы “Город 312” тобунун ырчысы Светлана Назаренкого, “Жылдын мамлекеттик ишмери” наамы Москвадагы кыргыз элчиси Болот Отунбаевге ыйгарылды.

Быйыл 11-февралда Москванын «Красносельская» метросунда жүргүнчүлөрдүн бири эсин жоготуп, темир жолго кулап калган. Ага Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюк дароо жардам берип, келе жаткан поездге карабай аялды аман сактап калышкан.

XS
SM
MD
LG