Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:36

Ооганстан: талиптерди эске салган сунуш


Кабулдагы салтанаттар залында айына 70 үйлөнүү тою өтөт. 3-январь, 2011

Кабулдагы салтанаттар залында айына 70 үйлөнүү тою өтөт. 3-январь, 2011

Ооганстанда талиптердин жетекчилиги тушунда үйлөнүү тойлорун адеп-ахлак сакчылары же ыйман полициясы көзмөлдөчү. Азыр эми талкууланып жаткан мыйзам долбоору кайрадан ал сакчылардын үстөмдүгүн кайтарышы мүмкүн дешет.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда үйлөнүү-үлпөттө жаш жубайлар кийчү кийим шариаттын талаптарына ылайык тигилиши керектиги айтылат. Муну айрымдар талиптердин талабына уйкаш экен дешүүдө.

“Кандай кийинсе бул ар бир адамдын өз эрки. Мындай иштерге кийлигишүүнү мен адамдардын үй-бүлөлүк жашоосуна кийлигишүү деп билем, - дейт Абдул Сами Сафи, Кабул университетинин юридика факультетинин жаңы бүтүрүүчүсү. -Үйлөнүү тойлорун көзөмөлгө алууга мен каршымын. Адамдардын үй-бүлөлүк иштерине, же жеке адамдын турмушуна кийлигишүүгө такыр болбойт”.

“Жаңыча ойдун” таасири

Жакында “Азаттыктын” ооган редакциясы бул маселе боюнча талкуу уюштургандан кийин, Сафи жана бир топ жаштар ал мыйзам долбооруна каршы экендиктерин ачык айта башташты. Аптасына бир ирет обого чыгарылып келаткан “Жаңыча ой жүгүртүү” деп аталган программада ооган жаштары алардын өкмөтү кабыл алып жаткан чечимдерди талкуулашат.

Ооганстанда да, Кыргызстандагыдай эле, элдер той-топурга көп акча коротушат. Үйлөнүү тоюн өткөрүүгө жетиштүү каражаты болбосо, банктан насыяга пул алышат. Тойго сарпталчу чыгашанын көлөмүн кыскартыш үчүн Юстиция министрлиги айрым эрежелер көрсөтүлгөн жаңы мыйзамдын долбоорун сунуш эткен.

Герат вилоятындагы үйлөнүү мааракесинен, 7-август, 2009
Сырттан караганда, туура эле чечимдей көрүнөт.

Бирок ал мыйзамдын ичинде, маселен, келиндин көйнөгү өтө эле кымбат болбошун, бир бөлмөдө эркектер менен аялдар бирге отурбашын көзөмөлдөй турган адамдардын тобу да болоору айтылган. Маселенин баары ушундан чыгып жатат.

Бир чети, карасаң, үйлөнүү тойлору азыр тим эле килейген, Батыштагыдай жасалгаланган 4-5 кабаттуу ресторандарда өтөт. Түнкүсүн жалтыр-жултур эткен неон-лампалары күйүп турат. Кабулдагы “Кечки Париж” чоң имаратынын алдында Эйфелдин мунарасынын кичирейтилген түрлөрү, неон-мөмөлүү дарактары ушунчалык көздүн жоосун алат. Алдында жаш жубайларды шаарда айландырчу лимузиндер катарма-катар тизилет.

Залы эң чоң делген ресторандарда, маселен, 1200 адамга ылайык орун бар жана бир күнгө эле адамдар миңдеген доллар ижара акы төлөшөт.

Адатта ал тойлордо жаштар азыр Батыштагы модага ылайык кийинишет. Келиндин кийими да улуттук эмес, европалык стилде тигилген, ийиндери ачык. Кыздар менен жигиттер өздөрү өз алдынча бөлүнүп отурган залдарда да, бирге отурган жерде да эркин бийлерге уруксат берилет.

Талаптагы “талиптин изи”

Мына ушунун баарын “өтө эле болуп кетти” деген Юстиция министрлиги мыйзам долбоорун иштеп, аны президент Хамид Карзайга кароого жиберди. Ага ылайык, тойдо 300 ашык адам чакырганга болбойт жана ар бир конокко коротулган акча беш доллардан ашпашы керек.

Бирок мыйзамда айтылган көзөмөлдөөчү органга Дин иштери боюнча министрликтин да аралашканы, кийимдерге шариаттын талаптары коюлганы чын-чынында бул мыйзамдын максаты өзү эмнеде деген суроону жаратууда.

Ооган парламентиндеги жаш депутаттардын бири Хабиба Даниш сунуш этилген мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди.

“Мен жеке өзүм ал үчүн добуш бербейм, - деди ал. - Анткени молдолор күчтүүлүк кылып кетишет”.

“Саясий чечим”

Көптөр үчүн мыйзамдын айрым талаптары талиптердин тушундагы оор шарттарды эске салды. Талиптердин доорунда тойлордо музыка да коюлчу эмес, бийге да уруксат жок эле. Непада талиптердин ыйман полициясы көчөдө сакалын кырып салган же кыскартып алган эркекти көрсө, сабап салчу. Аял кишилерге да көчөдө эркек тууганысыз жүргөнгө тыйуу салынган эле.

Юстиция министрлигинин идеясын сындап жаткандардын айрымдары өкмөт муну эптеп талиптер менен тил табышканга жасалган арга болсо керек дешет.

Жаңы мыйзам долбоору күчүнө кирип калса, аялдардын тойго ылайык кийимин саткандар үчүн да машакат жаралат. Европалык стандарттагы той кийими сатылбайт. Эгерде кийим “денени өтө эле ачып салат экен” деп табылса, анда аны саткан дүкөндүн ээсине айып пул тагылат. Аны төлөбөсө, дүкөнү жабылат.

Азырынча ооган өкмөтү аталган мыйзам долбоорун карай элек. Эгер аны өкмөт жактырып калса, анда мыйзам долбоору парламентке кароого жиберилет. Депутаттар да аны колдогондон кийин гана мыйзам күчүнө кирет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG