Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Ооган парламентиндеги чабуулдан эки адам каза болду


Коопсуздук күчтөрү парламент имаратынан чыккан кара түтүндү карап турушат. 22.06.2015
Коопсуздук күчтөрү парламент имаратынан чыккан кара түтүндү карап турушат. 22.06.2015

Ооган парламентине талибдер жасаган чабуулдан эки жаран каза тапты. 30 чакты адам жаракат алды, алардын арасында аялдар жана балдар да бар.

Парламент имаратынын ичине кирүүгө аракет кылган алты согушкерди полиция эки саатта араң сүрүп чыгып, жок кылды. Бул чабуулду өз мойнуна алган “Талибан” кыймылы кол салуу коргоо министрине сунушталып жаткан Массум Станекзайга каршы жасалганын билдирди.

Алгач жанкечти миналанган машинесин парламент имаратынын жанында жардырган. Ага удаа куралданган согушкерлер имаратка кирип келген. Коопсуздук күчтөрү сүрүп чыкканда согушкерлер жанаша турган, курулуп бүтө элек имаратка жашырынууга үлгүргөн. Эки сааттан ашык атышууда алты согушкер тең жок кылынды.

Атышууда эки жайкын тургун, анын бири бала мерт кетти. Мындан сырткары дагы 30 чакты адам жаракат алды, алардын арасында беш аял жана бир бала бар. Эл өкүлдөрүнөн эч ким жабыркаган жок.

Кабулдун полиция жетекчиси Абдул Рахман Рахими кырдаал көзөмөлдө экендигине ишендирүүдө:

- Мина коюлган автоунаа парламенттин алдында жарылган. Андан ары алты согушкер парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылган. Биздин коопсуздук күчтөрү аларга каршы туруп, эч кимди киргизген жок жана алты согушкердин баары өлтүрүлдү.

Окуяга күбө болгон айрымдар парламенттин айланасында 10 чакты жарылуунун үнү угулганын айтышат. Атышуу жүрүп жаткан жерден алыс эмес турган дүкөндүн ээси Ахар Мухаммед окуя болуп аткан учурда "Рейтерс" агенттигине буларды айтып берди:

- Окуя башталган учурда мен кадимкидей эле соода кылып жаткам, эмне болуп кеткенин деле түшүнбөй калдым. Бир маалда эле парламенттин имараты жактан жарылуу болуп кетти. Андан кийин ок атуулар башталды. Атышуу дагы деле уланып атат.

Чабуул болгон маалда депутаттар Массум Станекзайдын талапкерлигин өлкөнүн коргоо министрине карап жатышкан. Президент Ашраф Гани менен аткаруу бийлигинин башкы өкүлү Абдулла Абдулланын ортосундагы кызмат бөлүштүрүүдөгү келишпестиктерден улам коргоо министри бир нече айдан бери дайындала элек.

Бир топ талаш-тартыштан кийин президент бул кызматка өзүнүн кишиси Станекзайды сунуштаган эле.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг дүйшөмбү күнү Брюсселдеги маалымат жыйында ооган парламентине кол салууну айыптады:

- Бул демократияга кол салуу. Бирок ага карабай ооган бийликтери өз позициясын жоготпойт. Жалпы ооган эли биздин толук колдообузга татыктуу.

Коопсуздукту камсыздоодо НАТО ооган бийликтерине жардамын азайтпай тургандыгын Столтенберг да бышыктады:

- Биз Ооганстанды колдоону уланта беребиз. Алтургай өлкө бийликтери менен көп жылдык өнөктөш болуп иштейбиз деп чечтик. Ар бир ооган жараны өзүн жана демократиялуу Ооганстанды коргоп калуусу үчүн НАТО аларга колдон келген жардамын аябайт.

Былтыр Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин талибдер өкмөткө каршы аракеттерин масштабдуу түрдө жанданткан.

“Талибан” кыймылы өлкөнүн стратегиялык провинцияларында теракттарды уюштуруп, бир нече райондорду ээлеп алышты. Өткөн ишембиде талибдер Кундуз провинциясынын Арчи, андан аз өтпөй эле Чардары райондорун басып алышкан. Ага удаа дүйшөмбүдө Кабулда парламентке кол салышты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG