Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Акматбек Келдибеков: «Ата Мекен» өз ишинин жыйынтыгын көрүп жатат


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Бишкектеги форумда билдирди. Анын ырасташынча, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөлөрүнө карата мыйзамсыз аракеттер болуп жатат.

- Мен Кыргызстан жана элибизди колдойм. Мыйзамсыздыкты колдой албайм. Бирок мындай мыйзамсыздыкты өз убагында ким баштады эле? Эмне үчүн «Ата Журттун» он депутатын камап, мыйзамсыз иш алпарды эле? Эмне үчүн ал учурда демократия тууралуу эч нерсе айтышкан эмес. Мунун баарын ким ойлоп тапты эле? Эсиӊердеби, - деп суроо салды Бишкектеги оппозициячыл күчтөрдүн форумунда Акматбек Келдибеков.

Ал Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү сот тарабынан далилдениши керектигин кошумчалады.

Акматбек Келдибеков «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Аида Салянова башкы прокурор кезинде сот боло электе эле көпчүлүк саясатчыларды күнөөлүү катары көрсөтүп келгенин айтып өттү.

- Конституцияда Жогорку Кеӊештин депутаты өтө оор кылмыш кылып жатканда кармалса парламенттин макулдугусуз камоого болот, деп так жазылган. Алар эмне кылышты? Салянова кылмыш беш-алты жыл мурда жасалды дегенге да карабай камай баштаган. Мына эми жыйынтыгы, - деди Келдибеков.

Бишкекте "Саясий күчтөрдүн жарандык форуму" өтүп жатат. "Ак Кеме" мейманканасынын жыйындар залында чогулган жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал жана шайлоо системасы талкууга алынууда.(YrU/BkA)

XS
SM
MD
LG