Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Ооган президенти Пакистанга каарын төктү


Пакистан-Ооганстан чек арасы
Пакистан-Ооганстан чек арасы

Ооганстандын президенти Пакистан жетекчилигин талиптерди талкалоого чакырды. Ашраф Гани кайрылууну 10-август күнү Кабул аэропортунда болгон бомба чабуулунан кийин жасады.

Талиптер чет элдик аскерлерге багытталды деген бул калайман беш адамды апаат жана 16 адамды жарадар кылган. Аны менен талиптердин өткөн жумадан берки чабуулдарында 80 адам өлдү. Жарадарлар ондоп саналат.

Президент Ашраф Гани 10-августтагы телекайрылуусунда Пакистанды ооган өкмөтүнө каршы согушкан козголоңчуларга жабыт берип, колдоодо деп сындады.

- Акыркы бир нече күн биздин адамдарыбызды өлтүрчү жанкечти-бомбачылар машыгуучу жана бомба жасоочу фабрикалар Пакистанда мурдагыдай эле иштеп жатканын көрсөттү. Пакистан талиптердин кеңселерин жабыш керек. Алар сот алдында жооп бериш керек. Алардын жарадарлары дарыланбаш керек...

Ооган президентинин айтымында, апта соңунда Исламабадга барчу делегация Пакистан өкмөтүнөн талиптерге каршы конкреттүү чара көрүүнү талап кылат.

Ашраф Гани былтыр 29-сентябрда президенттик кызматка киришкенден тарта Пакистан менен мамилени жакшыртуунун аракетин кылууда. Себеби Исламабад талиптерге болгон таасирин пайдаланып, аларды Кабул менен тынчтык сүйлөшүүсүн жүргүзүүгө түртөт деген үмүттө. Бирок акыркы күндөрдөгү кандуу окуялар талиптердин Молдо Омордон кийинки жетекчилигинде элдешүү ыкласы жок экенин айкын кылды.

7-август күнү гана кабулдыктар үч башка чабуулга күбө болушту. Ооган армиясынын базасына мээленген биринчи бомба чабуулу чоң аңды пайда кылып, ондогон үйлөрдү кыйратты.

Полиция академиясынын жанында жанкечти жардырган экинчи бомбадан 40тан ашык адам өлдү. Алардын көбү жаш курсанттар.

Козголоңчулар АКШнын атайын күчтөрүнө жасаган чабуулда НАТОнун бир жоокери жана сегиз ооган кызматчы окко учту. Ошентип бир күндө Кабулда 50 адам набыт болуп, 250дөй адам жараат алды.

Эртеси, 8-августта да Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында талип жанкечти жардырган бомба 29 адамдын, анын ичинде жергиликтүү милициянын 22 мүчөсүнүн өмүрүн жалмады.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы 7-августту 2009-жылы ооган жериндеги өлүм-житимдерди каттоого ала баштагандан берки эң жаман күн деп атады. Ал жылы 355 жаран бейажал өлгөн же жарадар болгон.

БУУ үстүбүздөгү айда маалымдагандай, козголоңчулардын чабуулунда өлгөн адамдардын 70% карапайым жарандар түзөт жана жыл башынан бери курман болгон же жараат алган жөн-жай оогандардын саны 5 миңден ашып кеткен.

Талиптер 7-августтан берки бардык чабуулдардын биринен башкасын алар уюштурганын расмий түрдө тастыкташты. “Алдагы чабуулдар, - Ооганстандын Ички иштер министрлигинин 10-августтагы билдиришинче, - террорчулардын жазыксыз жана коргоосуз жарандарды кыпындай да аябаганын шардана кылды".

Президент Ашраф Гани Пакистан өкмөтү талиптерди тынчтык сүйлөшүүсүнө макулдата албай турган болсо, алардын чек арадан өтүп, Ооганстанда бүлүк салуусуна жол бербөөгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, премьер-министр Наваз Шарифти берген убадасын аткарууга да чакырды:

- Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф сценада мага катар туруп: "Ооганстандын душманы биздин душманыбыз” деп айткан. Ошол сөздү аракет менен далилдечү мезгил келди.

Ашраф Ганинин кайрылуусуна Исламабад Кабул менен мамилени жакшы абалда кармоого умтуларын жана тынчтык жараянын колдоорун айтып жооп берди. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө террордук чабуулдардын кесепетинен он миңдеген адамдарынан айрылган Пакистан “агайин элдин өкүтүн түшүнөт” деп көрсөтүлөт.

Ооган өкмөтү менен талиптердин сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы июлда Пакистанда өткөн. Анын Кытайдын Үрүмчү шаарында болчу экинчи айлампасы талиптердин лидери Молдо Омордун өлгөнү жарыялангандан соң болбой калган.

XS
SM
MD
LG