Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Ооганстан Пакистандын үстүнөн БУУга даттанат


Ооганстан Пакистан чек арадагы ооган айыл-кыштактарын бутага алып атат деп, БУУнун Коопсуздук кеңешине арызданарын эскертти. Ооган тышкы иштер министри маселе боюнча Исламабад менен сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаса, Кабул Коопсуздук кеңешине кайраларын айтты.

Президент Хамид Карзай чек арадагы абалды Пакистан премьери Ража Первез Ашрафтын Ооганстандагы сапары маалында козгоону көздөп жатат. Ооганстандын Улуттук коопсуздук кызматы кошуна өлкөнүн аскерлери Кунардагы айылдарды аткылаганы тууралуу жетиштүү далилдер бар экенин ырастоодо. Ал чөлкөм "Талибан" согушкерлеринин баш паанеги катары белгилүү.

Жергиликтүү ооган бийлиги чек аранын аркы жагынан бомбалап жатышканын бир нече аптадан бери айтып келатат. Миңдеген киши башка жерлерге качууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG