Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Түбөлүктүү Көк Мечиттин керемети


Зыяратчылар Азрет Алинин саганасы же Көк Мечиттин алдында. Мазари-Шариф.

Зыяратчылар Азрет Алинин саганасы же Көк Мечиттин алдында. Мазари-Шариф.

Ооганстандын Мазари Шариф шаарынын ортосунда ажайып бир жай бар. Ал Көк Мечит комплекси.

Куркулдаган кептерлердин дан чокуган үндөрү, көгүчкөн кууган балдардын күлкүсү, Көк Мечиттин түркүн өңгө чөмүлгөн көгүлтүр

Кептерлердин баары ак. Алар Көк Мечиттин символу.


дубалы, таноону кыткылаган гүлдөрдүн жыты 30 жыл ашык өлкөнү алсыраткан согушту унуттуруп, ар бир жанды мамыр тынчтыкта көшүлтөт.

Тилекке каршы, өлкөнү бүлүккө салган калабадан улам Көк Мечитке согушка чейинкидей адамдар көп келишпейт.

Көк Мечиттеги кептерлердин камын көргөн адам. Мазари Шариф.
Оогандардын, жер кезген саякатчылар менен зыяратчылардын айтымында, Мазари Шарифтин ортосундагы Көк Мечит комплекси бейиштин багындай керемет жай. Ооганстанга бүлүк салган согушка чейин бул ажайып комплексти көргөнү дүйнөнүн чар тарабынан миң сандаган адамдар агылып келер эле.

Көчөдө аркы-терки тынбаган машинелердин, жол боюндагы күркөлөрдө соода кылган элдин үнүн бийик коргон тосуп өткөзбөйт. Мамыр тынчтыкта кептер кууган балдардын күлкүсү жана дан чокуп, куркулдаган көгүчкөндөрдүн гана үнү эшитилет.

Кептерлердин баары ак. Алар Көк Мечиттин символу. Уламыштарга караганда, мечит ыйык болгондуктан, кандай түстөгү көгүчкөн болбосун бу жерде сүттөй ак болуп калат экен. Аларга зыяратчылар жана комплекстин кызматкерлери дан берип турушат. Кептерлер үчүн атайын көлмө жана минарет формасындагы уякана да бар.

Коргонго киргенде бут кийимиңизди атайын жайга калтырасыз. Мечит жана анын көк черепица менен жабылган туулагасы көз жоосун алат. Түркүн гүлдөрдүн жыты таноону кытыгылайт.

Келген адамдын бирөө да Көк Мечитти кыя өтпөйт. Мечиттин капталында чакан музейге башбаккандар да жок эмес. Зыяратчылар сөзсүз Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы Азрет Алинин 12-кылымда курулган саганасына барып табынышат.
Азрет Алинин саганасынын дубалынын чийме сүрөтү.


Эл ичинде айтылганга караганда, жергиликтүү молдого түш кирип, Азрет Алинин денеси Мазари Шарифтен 20 чакырымдай жердеги байыркы Балх шаарына Ирактын Нажаф шаарындагы күмбөзүнөн алып келип көмүлгөнүн көрөт. Бул кепти уккан селжук султаны Ахмед Санжар Азрет Алиге күмбөз курдурат.

Сагана 13-кылымда Чынгыз хан жана анын жоокерлери тарабынан кыйратылат. Бирок кийин кайра курулуп, суннилер жана шиилер тегиз сыйынган жерге айланган.

Кары Шер Ахмад Ансари Көк Мечитте 18 жылдан бери азан чакырат.
Көк Мечиттин азанчысы Кары Шир Ахмад Анзари.
Анын ата-бабалары да азанчы болушкан. Карынын айтышынча, илгери намазга элди коргондун төрт бурчундагы төрт минареттен төрт азанчы чакырса, азыр бир азанчы менен бир репродуктар жетиштүү.

- Хадис боюнча же Мухаммед пайгамбар айткандай, биз колубузду кулагыбыздын үстүндө кармап, “Алла Акбар” деп азан айта баштайбыз. Азан аркылуу момундарды ыйык жайга келип, ибадат кылганга чакырабыз.

Комплекстин дубалын каптаган черепицаларга усталар кылдат көз салып турушат. Алардын бири Мухаммед Шахтын бу кесипти аркалаганына чейрек кылым толууда.

- Дубалдагы черепицалардын бири бузулуп же түшүп калса, же кимдир бирөө ажыратып алып кетсе, биз анын ордун бүтөйбүз.

Көк Мечиттеги оңдоп-түзөө иштеринин баары адамдар соопкерчиликке берген акчанын эсебинен жүргүзүлөт. А черепица болсо эски меште
Көк Мечиттин башкы устасы Мухаммед Шах иш үстүндө.

жасалат.

- Бул меш бир айда алты чарчы метр черепица өндүрөт. Анын баары иштелип, бир даана да калбайт. Себеби, Көк Мечит тез бузулат, черепицалар дагы ажырап түшүп сынат. Эгер черепица жасачу меш иштебей калса, мечит тез эле уранды жайга айланат.

Орто кылымдарда курулган мечитти ажайып формасында сактоо үчүн эки устат жети окуучуну өздөрүнө шакирт кылып даярдашууда.

Уранды демекчи, Ооганстандын ортолугундагы Бамиян провинциясындагы алтынчы кылымда асканын бооруна оюп жасалган будданын 55 жана 37 метрлик эки айкели 2001-жылы талиптер заманында 400 диниятчы чыгарган чечимге ылайык кыйратылган. Бул будданын дүйнөдөгү эң биийик айкели эле. Ошондо Молдо Омардын өкмөтү ЮНЕСКОнун өтүнүчүн, атүгүл Египеттин баш муфтийи Наср Фарид Уаселдин “бедиздин болуусуна ислам тыйуу салбайт” деген сөзүн да укпай койгон. Талиптердин байыркы эстеликти кыйратуусун Пакистан, Индия, Иран, Сауд Арабиясы, АКШ жана башка көптөгөн өлкөлөр сындаган.

Ооганстанда тынчтык орносо, ислам маданиятынын керемет үлгүлөрүнүн бири Көк Мечит комплексинин сулуулугун көргөнү түрдүү өлкөлөрдөн адамдар кайра агылып келе баштамак. Мындан жергиликтүү эл да, Ооганстан да пайда көрмөк.
XS
SM
MD
LG