Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Оогандарда темир жол болот


Темир жол Европада 200 жылдан ашык мезгил мурда салына баштаган. Кыргызстанда темир жол анчейин өнүкпөй келет, соңку жылдары Кытай менен биргеликте темир жол салуу маскаты ар түрдүү себептерден улам ара жолдо кала берүүдө. Ал арада коңшулаш Ооганстан бүтүндөй темир жол тармагын өнүктүрүүнү көздөп турган кез. Бул иште оогандарга Өзбекстан жардамга келип жатaт.

Мындан эки кылымдан ашык мурда ишке киргизилгенден кийин буу менен иштеген локомотив дүйнөдө жүргүнчү жана жүк ташууну таанылгыстай өзгөрттү. Мына эми акыры «темир аргымак» ооган жергесине да келип жетти.

Ооганстан бүт өлкөнү каршы-терши байланыштырган темир жол тармагын куруунун баштапкы гана баскычында турат.

Биринчи кадам мындан эки жыл мурда жасалган эле, Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарын Өзбекстандын темир жол тармагына кошкон 75 чакырымдык тилке 2011-жылы ишке киргизилген. Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынан алынган 160 миллион доллардык каражат менен бүтүрүлгөн.

Өзбекстандын мамлекеттик темир жол компаниясы азыр эл аралык унаа жолдорун дагы өнүктүрүп, аталган тилкени ооган-тажик чек ара тилкесине кошуунун жолдорун иликтеп жатат.

Ооганстанды бир жагынан мунай-газга бай Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш, экинчи жагынан экономика дүркүрөп өтсүп жаткан Кытай жана Түштүк Азия менен байланыштуруучу өлкөгө айландыруу идеясы тууралуу Ооганстандын инфраструктура министринин орун басары Ахмад Шах Вахид мындай дейт:

- Эгер коңшулар менен темир жол аркылуу байланышта болсок, биздин экономиканын келечегине зор салым кошулат. Ошондо соода өнүгүп, карапайым элдин турмушу оңолот.

Азыр Ооганстан темир жолду өнүктүрүүнүн экинчи баскычын ойлонуштуруп жатат. Анда Түркмөнстан менен Тажикстанды Ооганстандын түндүгү менен жаңы 400 чакырымдык тилке аркылуу бириктирүү каралган. Бул долбоорго да аталган банк каражат бөлмөкчү. Үч өлкөнүн ортосунда кол коюлган келишим боюнча, курулуш июнда башталат, анын Ооганстандагы бөлүгүн Түркмөнстандын жумушчулары курмакчы.

Министрдин орун басары Вахид бул курулуштан Ооганстандын түндүгүндө казылган мунай менен минералдык башка кендердин экспортуна да чоң мүмкүнчүлүк ачылат деп эсептейт:

- Бул Ооганстан менен катар, бүт аймак үчүн болуп көрбөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Ал Борбор Азия өлкөлөрүн да бири-бири менен байланыштырат. Элдин турмушу оңолуп, региондо сооданын өнүгүшү жакын арада эле байкала баштаарында шек жок.

Түндүктөгү бул эки долбоордон тышкары Ооганстандын батышын Иран менен, түштүгүн Пакистан менен бириктирүү да пландалган. Бул максатта КМШ өлкөлөрүнүн темир жолун көзөмөлдөгөн уюмга кошулуу менен катар, Ооганстанды Кавказ менен бириктирүүчү жол куруу да каралууда.

Ооганстандын аймагында темир жол тармагын куруу максаты жаңы деле эмес. Тарыхчы Хабибулла Рафи белгилегендей, XIX-XX кылымда өлкөнүн эл башчылары темир жолуна кастарын тигип келишкен, себеби ал Британия менен Орусиянын Ооганстанды басып алуусуна шарт түзүп берет деп коркушкан. 1925-жылы гана Кабулдан борбор калаанын түштүгүндөгү Дарул Аман ак сарайына чейин жети чакырымдык чолок жол салынган. Реформачыл падыша Аманулла Хандын өлкөнү замандын талабына ылайык өнүктүрүү далалатынан улам жаралган ал жол бирок төрт жылдан кийинки козголоңдо талкаланган.

Өлкөнү 1970-жылдары беш жыл башкарган президент Мухаммад Дауд Хан жаңы план менен чыккан, бирок советтик аскерлер киригизилээр алдындагы төңкөрүштөн улам ал да ишке ашпай калган эле.

XS
SM
MD
LG