Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Борбор Азия НАТОнун "пулун" алууну ойлонуп жатат


Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк тарткан автокербен Пакистан-Ооганстан чек арасындагы Чамам бекетинде. 10-декабрь, 2011
Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк тарткан автокербен Пакистан-Ооганстан чек арасындагы Чамам бекетинде. 10-декабрь, 2011

2014-жылы Ооганстан өз коопсуздугун өзү камсыздап, өлкөдөн НАТО башындагы көп улуттуу күчтөр чыгып кетмекчи.

Ага катар түрдүү каруу жарактар да кетүүгө тийиш. Ал эми коңшу жана транзиттик өлкөлөр өздөрүнүн аймагы аркылуу ташылган аскерий техникалар үчүн аз эмес акы алып, пайда табууну ойлоп турган чак.

Кошмо Штаттар жылына Ооганстанга аскерий жарак-жабдууларды жөнөткөнү үчүн Борбор Азия мамлекеттерине 500 миллион доллар төлөйт. 2001-жылы Ооганстанда терроризмге каршы эл аралык операция башталгандан бери өлкөгө америкалык аскердик техника арбын топтолгон. Ооганстанда АКШдан башка да 49 өлкөнүн аскери бар. Алар да миңдеген тонна жүк чыгарып кетиши шарт.

Жүк Борбор Азиянын беш өлкөсү - Орусия, Грузия, Азербайжан жана Пакистан аркылуу ташылат. Андан ким көп пайда көрөрү өлкөнүн географиялык ордунан тышкары чебер соодалашканга да жараша болору талашсыз чындык.

Нейл Мелвин - Стокольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун эксперти. Талдоочунун баамында:

- Cиздер көрүп жаткандай, соодалашуу азыр зор оюн. Адамдар ISAF чыгып кетчү жагдай келгенин, кыска аралыкта эбегейсиз көп каруу жарак чыгарылып кетүүгө тийиш экенин билет. Тегеректеги бардык өлкөлөр жол акысын сүйлөшкөнгө камданып турат.

Ооганстандагы НАТО күчтөрүнө май ташыган автокербен Карачи портунда. 29-ноябрь 2011
Ооганстандагы НАТО күчтөрүнө май ташыган автокербен Карачи портунда. 29-ноябрь 2011
Транзиттик өлкөлөрдүн ичинен темир жол каттамы салыштырмалуу мыкты Өзбекстан көп артыкчылыкка ээ. Балтика боюндагы порттон поездге жүктөлгөн жүк Орусия, Казакстан аркылуу Өзбекстан-Ооганстан чек арасындагы Термез шаарына жетет. Бул жолду Батыш өлкөлөрү ургалдуу пайдаланып келет. Муну билген Ташкент транзит акысын 50 процентке чейин көбөйтүүнү мерчемдеп жатканын жакында Eurasia.net булагы кабарлады.

Ооганстандан чыккан альтернативдүү Түндүк жолу Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Каспий деңизи, Азербайжан аркылуу өтүп, Грузиянын Поти портуна чыгат. Бул жол азыр пайдаланылууда. Бирок анын кемчилиги бар. Себеби жол Ооганстандын уруш жүрүп жаткан коогалаңдуу аймактарын аралай өтөт. Тажикстандын жолдору начар. Айрыкча, кышкысын.

Каруу жаракты чыгарып кетүү, мүмкүн болгонун калтырып кетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Британиянын Куралдуу күчтөрүнүн министри Ник Харви өткөн айда Бишкекте болгондо Лондон аскерий техниканы оңтойлуу баада сунуш кыла аларын кулак какты кылган:

- Эгер ISAFтин (Айесейефтин) мүчөлөрү түрдүү нерселерди калтырса, Ооганстан ар кыл куралдардын иретин таппай кыйналат. Биз Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен да сүйлөшүп, куралдардын кайсынысы аларга зарыл экенин аныктап жатабыз.

Харви куралдын түрүн ачык айтпады. Бирок тараптар “маңзаттары жана терроризмге каршы чогуу күрөшүүсү абзел экенин” баса белгиледи ал.

АКШлык жоокерлер Манас транзиттик борборунда жүктөрүн текшерткени турушат. 8-август 2011
АКШлык жоокерлер Манас транзиттик борборунда жүктөрүн текшерткени турушат. 8-август 2011
Түндүк жолундагы өлкөлөр менен түзүлгөн келишимге ылайык, ар кандай согуштук курал майдаланып ташылат. Ошондуктан Британия согуштук куралды эмес, жөнөкөй аскердик техниканы сунуш кылышы мүмкүн дешет серепчилер.

Пакистан жолу баарынан арзан. Мисалы, Ооганстандан Карачи портуна бир контейнерди жеткирүү 7 200 доллар турса, Түндүк жолу аркылуу эки эсеге кымбат. Мындан улам Франция Түндүк жолун кымбат деп, Пакистан жолун кайра ачууну кааларын билдирди.

Исламабад Ооганстанга НАТОнун жүгүн ноябрда НАТО аскерлери Пакистандын чек ара бекетине жаңылыш чабуул жасагандан тарта өткөрбөйт.

Нейл Мелвиндин болжомунда, Исламабад акчага муктаж болгондуктан жолду ачат:

- Анын баары ISAFтен кийинки Ооганстандагы Пакистандын ролу, талиптердин ролу, Пакистандын Ооганстандын ичиндеги ролу жөнүндөгү саясий талкууга барып такалат. Пакистанда транзит акысын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүгү бар экени айкын болууда.

Деген менен, Ооганстандан аскерий каруу-жарак ташылчу азыркы жолдор боюнча сүйлөшүү акчадан тышкары да саясий жана регионалдык кызыкчылыктарга ылайык болору шексиз.

Муну Москванын непада Кыргызстан "Манас" транзиттик борборун жапса, НАТО Ульяновск аэропортун пайдаланса болот деген сунушу айкын көрсөттү. Болбосо "Манас" аэропортундагы АКШнын транзиттик борборун жабууну баарыдан мурда Орусия талап кылып жаткан. Бул окуя Кыргызстан сыяктуу башка да Борбор Азия мамлекеттери Ооганстандан жүк ташууда пайда көрөм десе, Москва менен этияттап мамиле кылышы керек экенин дагы бир жолу эске салды.

XS
SM
MD
LG