Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай АКШ анын өлкөсүнө карата “кош саясат” жүргүзүп келгенин, бул өз кезегинде аймакта экстремизмдин кеңейишине жол ачканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде билдирди.

Хамид Карзай бийликтеги экинчи мөөнөтүн аяктаганына эки айга жете элек.

Ал Кабулдан “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде белгилегендей, "Талибан" бийлиги кулатылгандан бери мекенинде 13 жыл бою уланып жаткан согуш күтүлгөндөй жыйынтык бербеди:

- Менин тажрыйбам АКШ кош саясатты карманганын даана көрсөтүүдө. Биздин түшүнүктөр менен айтсак, бул ууруну уурдоосу үчүн, үй ээсин коргонуусу үчүн колдоо. Акыр-аягында биз экстремизмдин тамыры кыркылбастан, ал аймакта кеңейип кеткенине, атүгүл эми Жакынкы Чыгышка, башка өлкөлөргө чейин жеткенине күбө болуп жатабыз. Кыскасын айтканда, бул согуш, менин көз карашымда, биз Ооганстан үчүн күткөн жыйынтыкты берген жок. Азыр коопсуздук боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду. Мен алар эми согушка салым кошпостон, Ооганстанга тынчтык алып келүү үчүн аракеттенет деп үмүттөнөм.

АКШ жана Ооганстан эки тараптуу коопсуздук келишимине кол койгон учур. Кабул, 30-сентябрь, 2014-жыл.

АКШ жана Ооганстан эки тараптуу коопсуздук келишимине кол койгон учур. Кабул, 30-сентябрь, 2014-жыл.

Хамид Карзай америкалык расмий өкүлдөр Ооганстандын ичиндеги кол салуу, чабуулдар үчүн жоопкер террорчуларды коңшу Пакистандын бекитип жатканы тууралуу айтып, ошол эле учурда бул маселени расмий Исламабаддын астында көтөрбөөнү сунуш кылып келгенин эскерди:

- Бир жагынан америкалык лидерлер бизге келгенде “ал-Каида” жана террорчулук Пакистандан тамыр алып, ошол жерден азыктанып, анан бизге кол салып жатканын айтышат. Экинчи жагынан биз Пакистандын терроризмди колдоосуна каршылык билдиргенде, алар бизден мындайга барбоону өтүнүшөт. Биз америкалыктардын чара көрүүсүн өтүнгөндө, түрдүү проблемалардан улам муну жасай албай тургандыктарын ачык ишара кылышат. Качан алар бизге келип Пакистан менен алака-катышты оңдоону, конструктивдүү мамиле орнотууну суранышканда, биз албетте “ооган өлкөсү Пакистан менен жакшы жана бир туугандык мамиле түзгүсү келет, анткени биз коңшуларбыз, бир тууганбыз, бирок бул Ооганстандын көз карандысыздыгы жана тынчтыктын эсебинен болбойт" деп айтабыз.

Хамид Карзай Пакистанды талиптерди колдоп жатканы үчүн айыптады.

Kaрзай жана Обама Ак үйдө. 11-январь, 2013-жыл.

Kaрзай жана Обама Ак үйдө. 11-январь, 2013-жыл.

Карзайдын ырастоосунда, Пакистан бийлиги 1979-жылы советтик аскерлер киргенге чейин эле Ооганстанды алсыратып, элин билимсиз калтырууга умтулуп келген.

Мурдагы ооган президентинин ишениминде, Ооганстан менен Пакистан ортосунда “стратегиялык өнөктөштүк” Ооганстанда “тынчтык жана стабилдүүлүк” калыбына келген учурда гана мүмкүн болот.

Карзайдын баамында, АКШ жана айрым Батыш өлкөлөрүнүн акыркы үч жылдан бери Ооганстанды Пакистан менен стратегиялык келишим түзүүгө түртүү аракети расмий Кабулдун мына ушул турумунан улам майнап берген жок.

Карзай кошумчалагандай, ал Вашингтон менен мамилени ар убак расмий деңгээлде гана кармаган.

Бирок, АКШ өкмөтү менен алакасы 2005-жылы АКШ баштаган күчтөрдүн согушкерлерди бутага алган аба соккуларынан жайкын тургундардын өлүмү көбөйгөндөн тарта бузулду:

- Менин Вашингтон жана АКШ лидерлери менен мамилем ар убак расмий, мамлекет деңгээлинде гана болгон. Бирок жолугуп, адам катары сүйлөшкөндө жеке мамиленин орношунан да качууга болбойт. Мен президент Буш, анын ордун баскан президент Обама, америкалык башка лидерлер менен жеке жакшы мамиледе турдум. Бирок 2005-жылдан тарта АКШ өкмөтү менен алакам бузула баштады. Мунун башкы жүйөсү - ооган жарандарынын, алардын үй-жайларынын бомбаланышы, Ооганстанда жайкын тургундардын өлүмүнүн көбөйүшү. 2004-2005-жылдардын аралыгында мен бул маселени ар бир саясий талкууда көтөрүп, аларды ынандыруу үчүн биз мүмкүн болгон дипломатиялык чаралардын баарын колдонуп жаттык. Мен алардан муну токтотууну суранып, оогандар достору экенин, америкалыктар оогандар үчүн конок экенин айтып отурдум. Кыштактардын бомбаланышы оогандарды аларга каршы чыгууга түртөрүн, мунун ордуна террорчулар жашырынган, каржыланган жерлерге баруусун айтуумду улантып жаттым.

АКШ баштаган НАТО күчтөрү быйыл Ооганстандагы согуштук миссиясын расмий аяктоодо.

Эки тараптуу коопсуздук келишимдерине ылайык, 2015-жылдын башына карата өлкөдө 12500 гана чет элдик жоокер, анын ичинде 10 миңдей америкалык аскер калат. Алар негизинен ооган күчтөрүн машыктыруу менен алектенмекчи.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG