Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Бишкек-Ош жолуна 50 миң куб метрге жакын кар көчкү түштү


Бишкек-Ош жолу
Бишкек-Ош жолу

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн туташтырган магистралдын беш участогуна 19-февралда жалпысынан көлөмү 50 миң куб метрге жакын кар көчкү түшкөн. Көчкүнү Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт министрликтеринин техникалары тазалап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Мая Тургунбаева "Азаттыкка" билдирди.

Магистралга тынымсыз кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу Транспорт министрлиги жолду 36 саатка жапкан.

Айрым маалыматтар боюнча, Бишкек-Ош жолунун "Сосновка" жана "Арал" жол бекеттеринде миңден ашуун автоунаа топтолуп турат. ӨКМдин маалыматы боюнча, аталган түйүндөрдө жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүнчүлөр үчүн ысык тамак-аш жана жылынуучу жайлар уюштурулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG