Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Карзай: Америкалыктарга иммунитет берүүнү эл чечет


Хамид Карзай Кабулдагы маалымат жыйынында, 14-январь, 2013
Хамид Карзай Кабулдагы маалымат жыйынында, 14-январь, 2013

Ооганстан 2014-жылы өлкөдөн чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин ооган жеринде кала турган америкалык аскерлерге жергиликтүү соттордон иммунитет берүү же бербөө маселесин быйыл жыл этегинде чече турганын билдирди. АКШ ал аскерлерге иммунитет берилбесе, америкалыктар өлкөдө калбай турганын айткан.

Вашингтондон кайтып келгенден кийин Хамид Карзай Кабулдагы маалымат жыйынында дүйшөмбүдө билдиргендей, АКШ бул маселе боюнча алдын ала сунуштаган келишимди ооган өкмөтү четке какты.

"Биз жакында Кабулда сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасына чогулабыз, пикир алмашабыз. Бул сүйлөшүүлөр кеминде эле жети, сегиз, тогуз айга чейин созулушу мүмкүн", - деди Карзай.

Өткөн аптанын жума күнү АКШнын президенти Барак Обама быйыл жаз айларынан тарта ооган жериндеги америкалык күчтөрдүн милдети активдүү аскерий операциялардан ооган аскерлерине колдоо көрсөтүү ишине алмаштырылаарын айтты. Бул - аталган иш мурда пландалгандан бир нече айга эртерээк башталат дегени.

Обама Карзай менен жолугушууда америкалык аскерлер 2014-жылдан кийин Ооганстанда калар-калбасы жөнүндө да сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Анткен менен, Обама: “Непада биздин аскерлерге ооган соттору тарабынан жазага тартылуудан коргой турган иммунитет берилбесе, анда АКШ өзүнүн аскерий күчтөрүн бул өлкөдө калтыра албайт”, - деп билдирген.

Мунун ордуна Обама ооган жеринде кылмыш кылган америкалык аскерлерди АКШнын мыйзамдарынын алкагында аскерий соттордо жазага тартуу сунушун айткан болчу.

Карзай бул маселени анын өзүнүн эле администрациясы чечип койо албай турганын, ооган эли чечиши керектигин билдирди.

"Ооганстандагы америкалык аскерлерге иммунитет берүү маселеси - өтө олуттуу суроо. Алар бизден кандай шарттарда иммунитет алгысы келет? Ооган өкмөтү бул боюнча өзү эле чечим чыгарып койо албайт, - деди ооган президенти. - Бул суроо Лойа Жырга аркылуу (же аксакалдар курултайы аркылуу) ооган элине узатылышы керек. Америкалык аскерлерге андай иммунитет берилиши керекпи жокпу деген суроого эл гана жооп бере алат. Эгер иммунитетти берсек, аны кандай шарттар менен беребиз деген суроо бар".

Карзай, мындан сырткары, камакка алынган ооганстандыктардын эки аптанын ичинде Ооганстанга өткөрүлүп берилишин күтүп жатканын кошумчалады.

Эмне үчүн бул маселе эки лидер ортосунда чечилбей калышынын, мынчалык оор суроого айланышынын да жөнү бар.

Ооганстанда талиптерге жана “ал-Каидага” каршы согуш башталган дээрлик 12 жыл ичинде кээде чет өлкөлүк аскерлердин “жаңылыш атылган огунан” жайкын тургундар өлгөнү дайыма жумуриятта нааразылыкты жаратып келген.

Өткөн эле жылы ооган жериндеги Баграм аскерий базасында америкалык аскерлер Куранды өрттөшкөнү, кийин Кандагарда бир америкалык аскер 16 ооганды атып өлтүргөнү өлкөдө америкалыктарга каршы массалык нааразылыкты жараткан болчу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG