Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Ооганстан: ийге келбеген талиптер


Талиптер. Ооганстан. 2014-жыл
Талиптер. Ооганстан. 2014-жыл

Доха шаарында Ооган өкмөтүнүн жана талиптердин өкүлдөрүнүн эки күндүк сүйлөшүүсү болду. Катардын борборунда 3-майда аяктаган сүйлөшүүдөн кийин кеңири маалымат берилген жок.

Рейтер агенттигинин талип делегатка шилтеп маалымдашынча, эки жак өз ара аткылашууну токтотуп, элдешүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Доха шаарындагы сүйлөшүүгө талиптер тараптан Шер Мухаммед Аббас Станекзай баштаган сегиз делегат катышты. Алардын бири 3-майда шамдан кийин Рейтер агенттигине телефондон берген интервьюда, сүйлөшүүдө ич ара урушту токтотуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын, бирок америкалык аскерлер Ооганстанда турган чакта талиптер элдешүүгө макул болбосун билдирди.

"Өкмөттүк делегациянын айтымында, чет элдик аскерлердин көбү өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми Ооганстанда калгандары коопсуздук күчтөрүн аскерий өнөргө машыктыруу менен чектелип, эч кандай согуштук операцияга катышпайт. "Эгер талиптер урушту токтотчу болсо, алар да өлкөдөн чыгып кетет экен",- деди талип делегат.

Дохадагы береги жолугушуу илимпоздордун Пагоуш кыймылынын ортомчулугу астында өттү. Бул кыймылдын төрагасы, орусиялык элчи Сергей Бацанов “Азаттык” радиосуна 4-майда телефондон сүйлөп, сүйлөшүүдө эки жак "Ислам мамлекети" үлгүсүндөгү өлкө Ооган элинин салтына жана тилегине каршы келет деген бүтүмгө келишкенин баса белгиледи:

- Ырас эле, сүйлөшүүгө мартабасы бийик өкүлдөр катышты. Талиптердин негизги топторунан келген ар бир өкүл аткарган мансабына жараша сүйлөп жатты. Тараптар "Ислам мамлекети" үлгүсүндөгү мамлекет Ооган элинин каада-салтына жана тилегине каршы келет деген жалпы пикирге келишти. Бул көңүлгө алчу нерсе.

Маалымдалганга караганда, Ооган өкмөтү менен талиптердин келерки тынчтык сүйлөшүүсү бир ай ичинде Бириккен Араб Эмирлигинде болушу ыктымал.

Доха сүйлөшүүсүнүн илеби суубай жатып, талиптер Ооган коопсуздук күчтөрүнө тийип-качкан чабуулун кайра улантты. 4-майга караган түнү өлкөнүн түндүк чыгышындагы Бадахшан провинциясында полициянын өтмө бекетине кол салуу болду.

Парламент мүчөсү Нилофер Ибрагиминин билдиришинче, талиптердин чабуулунан бери дегенде 16 полициячы курман болду. Чабуулду алар уюштурганын талиптер тастыкташты.

Бир ай мурда да Бадахшандын Журм районунда талиптердин чабуулу учурунда Ооган армиясынын 30 чакты жоокери катардан чыккан.

4-май күнү таң эртелеп жанкечти Ооганстандын башкы прокурорлугунун кызматкерлерин ташыган автобуска чукул келип өзүн-өзү жардырып жиберди. Бомба чабуулунан бир адам өлүп, 15 адам жарадар болду.

Ушул эле күнү НАТОнун Ооганстандагы миссиясынын өкүлү Стефан Смитмэндин билдиргенине караганда, өлкө түндүгүндөгү талип согушчандарын жеңүүдө аскерлерге согуштук авиация жана гаубица менен көмөктөшүү маанилүү. Ал келерки эки жумада талиптерди талкалоодо маанилүү өзгөрүүлөр болот деп ишенерин да айтты.

Апрелдин акыркы күндөрү талиптер Кундуз шаарына чукул жерлерде чабуулга өткөндө 2 миңдей үй-бүлө там-жайын таштап кеткен.

XS
SM
MD
LG