Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Күйүүчү май Иран менен Ооганстандын мамилесин бузду


Демонстранттар Ирандын Кабулдагы элчилигине да барышкан. 7-январь, 2011-жыл.
Демонстранттар Ирандын Кабулдагы элчилигине да барышкан. 7-январь, 2011-жыл.

Күйүүчү майдан чыккан талаш Иран менен Ооганстандын мамилесин муздатты. Жүк чек арадан мурдагыдай өтө албай калгандыктан майдын баасы көтөрүлүп, Кабулдагы өкмөт аны алуунун башка булактарын издеп, Ооганстандын мурдагы душманы деп эсептелинген Орусияга кайрылды.

Таңкыстыктан улам күйүүчү майдын баасы 50 пайызга, ага кошул-ташыл эл керектөөчү негизги товарлардын наркы асмандаганына байланыштуу Ооганстандын шаарларынын көчөлөрүндөгү демонстранцияларда “Иранга өлүм”, “Ахмадинежадга өлүм” деген ураан-чакырыктар да айтылып кетти.

Иши азайган май ташыгычтар Герат шаарынын четинде жыйналып турушат.
Ооганстанга май тартып келүүчү цистерналарды Иран өткөн айдан тарта эле токтото баштап, натыйжада чек аранын аркы тарабында калган цистерналар саны 2 миңге чейин жеткен.

Чектөө башталганга чейин Ооганстандын Герат, Фарах, Нимруз өңдүү провинцияларына күнүнө 250-330 цистерна май келип турса, азыр чек арадан күнүнө 40тайы гана өткөрүлүүдө. Иран тарап мунун себептери боюнча ачык-айкын түшүндүрмө берген эмес, ал эми берилген түшүндүрмөлөр ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, аларды канааттандырган жок:

Калкты кыйнаган кысым

Карапайым оогандар үчүн таңкыстыктын кесепети дароо эле сезилди. Герат шаарында бажы тармагында иштеген Айнуддин ысымдуу тургун турак-жайды жылытуу жагы оорлогондуктан, балдарынын саламаттыгына тынчсызданып жатканын айтат:

- Шаарда жол кире эки эсе кымбаттап кетти. Күйүүчү май баасынын өсүшү компресстелген көгүлтүр оттун баасын да көтөрдү. Май менен газдын таңкыстыгынан улам эл жылуулук үчүн электр жарыгын колдонуп жатат, бул өз кезегинде жарыктын кубатын азайтты.

Ал эми Ооганстандын Соода палатасынын президенти Курбан Хаджонун 18-январдагы жарыясына караганда, өлкөнүн миңдеген соодагерлери өч алуу иретинде Иран менен соодасын токтотот:

- Ирандан товар импорттоону токтотуу ооган соодагерлеринин улуттук сезиминен улам чыккан маселе жана алар кырдаалды жакшы түшүнүшөт. Алар Ирандын бул кадамынан улам эл канчалык кыйналганын көрүп, сезип жатышат. Ооган эли жана соодагерлери "Ирандан өч алуу керек" деген чечимге келишти. Бул чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.

Иран тарап болсо коомчулукка билдирүү жасаган кезинде эки ортодо кандайдыр бир маселе бар болгонун четке кагууда.

Кептин баары саясатта

Өлкөнүн айрым мамлекеттик маалымат каражаттары эки ортодогу чатак тууралуу кабарларды Ооганстанды оккупациялагандардын "жапайы пропагандасы" деп атап, алар Тегеран менен Кабулдун ортосуна шынаа кагууну көздөп жатканын белгилешкен.

Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, жеке сүйлөшүүлөрүндө Ирандын расмий өкүлдөрү алардан барган күйүүчү май НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн муктаждыгы үчүн пайдаланылып жатканына нааразычылык билдирген. Иран тараптын мындай жоромолун НАТО да, расмий Кабул да четке кагууда.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рамин Мехманпараст болсо Ооганстанга күйүүчү майдын мурдагыдан аз кетип калышы Иранда жаңы экономикалык планды ишке ашыруу боюнча өзгөрүүлөргө, күйүүчү май соодасында мамлекеттик субсидиянын жоюлушуна байланыштуу экендиги менен түшүндүргөн.

Таасир көрсөтүү аракети

Иранды изилдөөгө адистешкен шотландиялык профессор Али Ансари Ооганстанга күйүүчү май экспортунун азайтылышы эл аралык санкциялар алдында жашап жаткан Ирандын өзүндөгү проблемаларга байланыштуу деп жоромолдойт.

Бирок Израилде жайгашкан уюм - Жакынкы Чыгыштын экономикасын жана саясатын иликтөө компаниясынын теги ирандык комментатору Меир Жавединфардын болжолунда, Иран АКШнын санкциялары үчүн жооп сокку урууда Ооганстанды колдонууда:

Ирандын саясатына каршы акциялар, 16-январь, 2011-жыл
- Батышка, өзгөчө АКШга белги берүүнү көздөгөн саясий кадам болушу мүмкүн. Иранга санкциялар аркылуу кысым жасоонун өз куну бар. Бул - алардын АКШнын Иранды изоляциялоо аракетине берген жообу. Иран өкмөтү ооган өкмөтү менен кызматташтык АКШнын Ооганстандын стабилдештирүү аракетине салым кошуусу мүмкүн деген сезимде. Күйүүчү май НАТОнун аскерлерине кетпеген күндө деле, менимче ал Хамид Карзайдын өкмөтүнүн алга жылуусуна, НАТО көздөгөн стабилдүүлүктүн жакындашына жардам берип, Америка кандайдыр бир деңгээлде мындан пайда табышы да мүмкүн.

Мындан сырткары эксперттер арасында Иран Ооганстанга анын саясатына таасир көргөзүү үчүн кысым жасап жатышы мүмкүн деген да жоромолдор бар.

Айтор иштин чыныгы себеби алдыда айтылган жормолдордун баары, балким бирөө эле болуп же биротоло жашыруун калуусу мүмкүн.

Оогандардын алар дили, тили окшош деп эсептеген өлкө Иранга карата бузулган көз карашын өзгөртүү май жөнөтүүнү калыбына келтирүүдөн алда канча көп убакытты алышы ыктымал.

Тасмада: Ооганстанда Иранга каршы акция өттү

Кабулда Ирандын элчилигинин алдында жүздөгөн киши нааразылык жыйынга чогулуп, “Ооганстандан кол тарт” деп кыйкырып турушту. Чогулгандар элчиликтин имаратына жумуртка жана таш ыргытып, Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын сүрөтүн өрттөштү.

Ооганстанда Иранга каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG