Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Карзайдын АКШга талабы


Ооганстан президенти Хамид Карзай, 21-ноябрь, 2013-жыл
Ооганстан президенти Хамид Карзай, 21-ноябрь, 2013-жыл

Ооганстанда АКШ менен коопсуздук келишими Лоя Жырга деп аталган элдик жыйында жактырылды, бирок ага президент Карзай каршы чыкты. Лоя Жырганын айтканы менен болом деп келген ооган президенти Хамид Карзайдын көздөгөнү эмнеде?

Ооганстанда аксакалдардын салттуу жыйыны болгон Лоя Жырга АКШ менен эки тараптуу коопсуздук келишимин жактыраары менен, президент Карзай ага каршы чыкты.

Жекшембиде ал чет элдик аскерлер оогандардын үйлөрүнө кол салуусун токтотуп, Ооганстандагы тынчтыктын пайдубалын бекемдөөчү кызматташтык болсо гана, АКШ менен коопсуздук келишимине кол коёрун эскертти:

- Эгер алар (америкалыктар) кайрадан согуштук операцияларда оогандардын үйлөрүнө кирип келсе, эч кандай келишим болбойт,- деп так кесе айтты Карзай Лоя Жырганын жыйыны аяктап жатканда.

Карзай Америкага шарт койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:20 0:00

Сөз болуп жаткан келишим НАТО баштаган аскерлер келерки жылдын этегинде Ооганстандан чыгарылгандан кийин америкалык аскерлердин өлкөдө калышына жол ачат.

Эмне себептен Лоя Жырганын сөзүнөн чыкпайм деп жаткан президент Карзай АКШ менен келишимге каршы чыкты?

Валиулла Рахмани
Кабулдагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору. Анын айтымында, келишим акыры жактырылат, бирок азырынча жылыш болбой жатат:

- Ооганстан тараптын туруму бизге анча анык эмес. Эки тараптуу келишимдин келечеги президент Карзайдын колунда, демек кырдаал кылдын учунда. Себеби Ооганстанда саясатта тунуктук жок, анын багытын алдын ала болжолдоо кыйын. Ошондуктан эми эмне болоорун билбейбиз.

Карзай келишимге качан кол коёрун айта элек, бирок буга чейин ал келерки жаздагы президенттик шайлоо өткөнгө чейин шашылбай тургандыгын каңкуулаган.

Вашингтон келишимдин тез арада башы ачылса деп жатканы маалым, бирок Рахманинин пикиринде, Карзай убакытты созуу менен, Вашингтондун апрелдеги шайлоого кийлигишпөөсүн кепилдөөгө далалаттанып жатат.

Ооганстан боюнча Аналиктиктер тармагынын директорлорунун бири Томас Руттигдин көз карашында, Карзай шайлоо алдында өз турумун бекемдеп алууну көздөп жатат. Карзай шайлоого катыша албайт, бирок анын бир тууганы Каюм Карзай президенттикке талапкерлигин койгон.

- Карзайдын корккону, АКШ шайлоодо анын кызыкчылыгына каршы иштеши мүмкүн. Аны да түшүнсө болот. Америкалыктар мурдагы шайлоого кийлигишкени маалым, анда алар Карзайды колдоп беришкен. Бирок АКШнын президенти Барак Обаманын командасы 2008-жылдагы президенттик шайлоодо Карзайды алмаштыруу керек деп ачык айтканын ооган президенти унута элек.

Карзай талибдер менен тынчтык сүйлөшүүсүндө Вашингтон Кабулду колдосо дегенде эки көзү төрт. Бирок Талибан анын өкмөтү менен сүйлөшүүдөн баш тартып келе жатат. Руттигдин пикиринде, Карзай америкалыктар талибдер менен тымызын сүйлөшүп жатат деп шектенет. Өзү шайлоого чейин талибдер менен сүйлөшкүсү келген Карзай АКШ менен келишимге кол коюну кечеңдетүү менен, Вашингтонду өзүн колдоого мажбурлагысы келет.

XS
SM
MD
LG