Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

НАТО ооган айыпкерлерин кайтарууну убактылуу токтотту


Ооганстан, Хелманд провинциясындагы турмө.
Ооганстан, Хелманд провинциясындагы турмө.

Ооганстанда НАТО баштаган күчтөр айрым түрмөлөргө камактагыларды өткөрүп берүүнү токтотту.

Мындай кадам Ооганстандагы айрым түрмөлөрдөгү кыйноолор тууралуу эскертүүдөн кийин жасалды.

Ооганстандагы НАТО баштаган эл аралык аскерлердин маалымат катчысы Карстен Жакобсон Бириккен Улуттардын али жарыялана элек отчетундагы кыйноолор тууралуу ырастоолор такталганга чейин, айрым түрмөлөргө камактагыларды өткөрүп берүү токтотулганын бышыктады:

- Биз камактагыларды айрым жайларга жиберүүнү алдын-алуучу чара катары токтоттук. Биз Бириккен Улуттар уюмунун отчету тууралуу билебиз жана анын жарык көрүшүн күтүп жатабыз. Биз аны менен таанышып чыгабыз. Бардык камактагыларды өткөрүп берүүнү эмес, айрым түрмөлөргө өткөрүп берүүнү гана токтоттук.

Өз атын атабоону өтүнгөн НАТОнун өкүлү буга чейин НАТО Ооганстан боюнча сегиз камак жайына камактагыларды жиберүү токтотулганын билдирген.

Би-Би-Си маалматына ылайык, Бириккен улуттардын отчетунда Ооганстандын Коопсуздук боюнча улуттук департаменти башкарган бир нече шаардагы, анын ичинде Герат, Хост, Тахар дубандарындагы кырдаалга басым жасалат.

Бир нече күндө жарыяланат деп күтүлүп жаткан Бириккен Улуттардын отчетунда бул жайларда кыйноолор катардагы көрүнүш деп айтылат, мисалы айыпкерлерди желим таяк менен сабап, сексуалдык зөөкүрлүк менен коркутуп, айрым учурларда электрошокту колдонушкан.

Бул жайларда камалгандардын басымдуу көпчүлүгү козголоңчулар деп шектелгендер, айрымдары айып коюусуз камакта отурушат.

Бириккен Улуттардын миссиясынын өкүлү Дэн МайНортондун айтымында, отчеттун авторлору анын мазмуну менен ооган бийликтерин тааныштырган. Анын сөзү боюнча, ооган жетекчилери бул айыптоолорго абдан чоң маани берип, абалды оңдоо боюнча бир катар чараларды сунуш этип жатышат.

XS
SM
MD
LG