Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

ООГАНСТАН: ТАРЫХ МУЗЕЙИ КАЙРА ИШТЕЙ БАШТАЙТ


Өткөн аптада Европадан Ооганстанга бир жарым миңдей байыркы экспонаттар кайтарылып алынып келинди. Алар согуш алааматы башталган 1999-жылдан тартып Швейцариянын Будендорф шаарында сакталып турган эле. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Гүлноз Эсфандиари Ооганстандын улуттук музейинин директору Омар Хан Масуд менен ушул окуянын айланасында маектешкен.

- Сиз оогандардын байыркы экспонаттарын өлкөгө кайтарып келүү ишинин башында турдуңуз. Тарыхый ал эстеликтерди бир нече жылдан кийин кайра алып келүүнү алгылыктуу иш катары баалап жатышат. Экспонаттар кандай жол менен кайтарылды?

- Швейцариядагы оогандардын көчмө музейинде сакталып турган экспонаттар 16-мартта - жума күнү Ооганстанга алынып келинди. Курамына мен жана менин бир кесиптешим кирген делегация Швейцарияга бир апта мурда барганбыз. Экспонаттар биздин көз алдыбызда таңгакталып, Германиянын коргоо министрлигинин көмөгү астында Ооганстанга түз рейс менен алынып келинди.

- Экспонаттар тууралуу айтып берсеңиз, алар кездемеден жасалган көркөм иштерби?

- Экспонаттардын саны 1 423, алардын көпчүлүгү ооган уруулары күндөлүк турмушунда маданиятка, салтка таянып колдонуп келген этнографиялык буюм-тайымдар. Бактыга жараша алар оогандар жана ооган маданиятына кызыккан европалыктар тарабынан Швейцарияда сакталып турган. Ал адамдар өткөн жылдар ичинде музей менен кызматташып, жардам берип келишкендер. Археологиялык буюм-тайымдардын арасында Ооганстандагы улуттук музейден жоголуп кеткен баалуу эстеликтер бар. Алар биринчи жана экинчи жүз жылдыктарга таандык пилдин сөөгүнөн жасалган эки экспонат, алар байыркы Баграм аймагынан табылган. Мындан тышкары Ай-Ханум аймагынан табылган таштан жана айнектен жасалган бир нече экспонаттар бар. Алардын айрымдары мыйзамсыз жолдор менен казылып алынган.

- Алардын арасында түндүк Ооганстан аймагындагы Ай-Ханум шаарына жакын жерге Искендер Зулкарнайын тарабынан коюлган таш эстелик бар дешет?

- Ооба ал эспонат да бар, тилекке каршы, казуу иштерин жүргүзгөн учурда француз жана ооган археологдору аны табышкан эмес эле. Бирок Ай-Ханум тарыхый аймагынын ташталканын чыгарган уурулар аны мыйзамсыз жол менен казып алышкан экен. Бактыга жараша ал тарыхый экспонат Швейцариядагы музейдин колуна тийген эле, башка буюм-тайымдар менен ал дагы Ооганстанга кайтарылып алынып келинди.

- Ушундай тарыхый баалуу буюмдарды коопсуз сактап турууга Кабулдагы улуттук музей кудуреттүүбү?

- Мен буга ишенем. Кабулда жагдай жакшы, талиптердин бийлиги кулагандан бери улуттук музейде бир да жолу чоң бир жагымсыз окуя боло элек. Борбор шаарда коопсуздук жагдайы жакшырып келатат, тынчты ала тургандай бир кырсыктар боло элек, ошондуктан мен бул буюм-тайымдарды коргоп, сактап турууга кудуреттүүбүз деп ойлойм.

- Ооган эли эми өлкөгө кайтарылган ал тарыхый эстеликтер менен качантан баштап тааныша алат?

- Биз көргөзмөнүн айрым бир бөлүктөрүн эки-үч айдан кийин ачалы деп пландап жатабыз. Музейде анча-мынча кыйынчылыктар болду, биз ал иштерди бүтүрдүк, бизде экспонат коё турган текчелер жок болчу, бирок бир айдай мурда биздин досубуз Жапониядан айнек жашиктерди алдык. Эми экспонаттарды аларга коюп, элге көрсөтө баштайбыз.

Которуп, даярдаган Кубат Оторбаев, Прага
XS
SM
MD
LG