Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Талиптер генерал Демпсинин учагын алмаштыртты


АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, генерал Мартин Демпси Эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрү-ISAFтин Кабылдагы штабында сүрөткө түшүүдө. 20-август, 2012.
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, генерал Мартин Демпси Эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрү-ISAFтин Кабылдагы штабында сүрөткө түшүүдө. 20-август, 2012.

Баграмдагы аба базага жасалган ракета чабуулунан АКШлык мартабалуу генерал Мартин Демпсини ташыган аскерий учак жабыркады.

Ооганстандын байтакты Кабылга чукул жайгашкан Баграм аба майданын тегеректеги кыр-сайларда жортуп жүргөн талип согушчандары ракета жана башка оор куралдардан маал-маал аткылап турушат.

Дүйшөмбүдөн шейшембиге оогон түнү болгон ракета чабуулу тууралуу Ооганстандагы эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрү - ISAFтин өкүлү, генерал Гюнтер Кац “Азаттык” радиосуна мындай деди:

- Өткөн түнү Баграм аба майданы эки айлампа менен ракетадан аткыланды. Алардын сыныгынан ISAFтин тикучары жана Ооганстанда сапарда жүргөн генерал Демпсини тарткан С-17 учагы зыян алды. Бул учурда генерал Демпси өз бөлмөсүндө эле.

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид Кабылдын четиндеги авиабазаны согушчандар аткылаганын билдирди.

Ооганстан армиясынын жоокери. Хост провинциясы, 14-август 2012
Ооганстан армиясынын жоокери. Хост провинциясы, 14-август 2012
Расмий маалыматка караганда, согуштук транспорттук С-17 учагы АКШ куралдуу күчтөрүнүн бигелешкен штабынын зардалы Мартин Демпсини жана анын штабын убактылуу гана тейлеп жаткан. Генерал Кац ракета чабуулунан С-17ге катарлаш турган тикучар зыян тартканын жана учактарды тейлеген эки техник жеңил жарадар болгонун да кошумчалады.

- Тикучар жана согуштук-транспорттук С-17 учагынын сырткы корпусу жеңил зыян алды. Генерал Демпси Ооганстандан тышкы сапарын улантуу үчүн башка С-17 учагын пайдаланат деп чечилди. Бул окуя маалында техникалык эки персонал да жеңил жарадар болду. Азыр алардын абалы жакшы. Башка эч ким жараат албады жана набыт болгон жок.

Ооганстанга иш сапарына келген чет элдик даражалуу коноктор демейде Баграм аба майданына учуп келишет же сөзсүз баш багып турушат.

НАТОнун офицерлеринин айтымында, согушчандар Баграм авиабазасындагы буталарга таамай сокку ура аларына ишенишпейт. Алар 2010-жылдын майында Баграмга өз ара макулдашып жасаган чабуулда НАТОнун бир нече аскерин жарадар кылышкан. 2009-жылы ушундай эле кол салуудан америкалык эки жоокер катардан чыккан.

АКШ куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын зардалы Мартин Демпси Ооган полициячыларынын НАТО аскерлерине кол салуусун талкуулаганы 20-августта келген. Ал келер замат Ооганстандын аскерий жетекчилиги менен жолукту жана анын коллегалары биринчи жолу Вашингтон сыпаттаган “ички кол салууларга тынчсызданганын” айтты.

Жекшемби күнү Кандагар провинциясында полициячы чет элдик бир кесиптешин атып өлтүргөн жана экинчисин жарадар кылган. Бул окуяга президент Обама “өтө кабатыр болгонун” жана президент Карзай менен кырдаалды талкуулабай калтырбасын билдирген.

Акыркы кол салуу болгон Спин Болдак аймагынын полиция акими шейшемби күнү кызматтан алынды.

Жыл башынан бери Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлеринин огунан НАТОнун 40 аскери апаат болгон. Бул Ооганстандагы эл аралык күчтөр жоготкон жоокерлердин 13 процентине тете.

XS
SM
MD
LG