Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

НАТО биргелешкен операцияларды азайтты


Ооган армиясы менен полициясынын катарына чакырылгандар арасына талибдер да кирип кеткени жокко чыгарылбайт.
Ооган армиясы менен полициясынын катарына чакырылгандар арасына талибдер да кирип кеткени жокко чыгарылбайт.

Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрдүн командачылыгы жергиликтүү аскерлер менен биргелешкен кээ операцияларды убактысынча токтотуу чечимине келди.

Мындай чара ооган аскеринин же полициясынын кийимин кийгендердин чет элдик кызматташтарына кол салуусу күчөгөн учурга тушта көрүлүп жатат. НАТО алардын бул кадамы Ооганстандагы жалпы стратегияга таасир тийгизбейт деп ырастоодо.

НАТО “жашылдардын көктөргө” кол салуусу деп атаган чабуулдардан эл аралык коалиция жыл башынан бери эле кеминде 51 аскерин жоготту. Мындай мүнөздөгү кол салуулар азыркыга чейин 36 ирет катталган.

Былтыр "жашылдар көктөргө" 21 ирет кол салып, 35 аскер кызматчысын мерт кылса, 2010-жылы ушундай фактыдан алтоо катталып, 20 аскер кызматчысы каза тапкан экен.

НАТО ооган күчтөрү менен биргелешкен кээ аскерий операцияларын токтотконун ички чабуулдардан жоготуу эки жыл мурдагы салыштырмалуу эки эсе өскөн шартта жарыялап отурат.

Ал эми Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн буга байланыштуу соңку билдирүүсүндө көргөзүлгөндөй, акыркы күндөрү Ооганстандагы чет элдик аскерлерге коркунуч “Бейкүнөө мусулмандар” деген фильмден улам да күчөгөн.

Бирок Түндүк-атлантикалык альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Брюсселдеги басма сөз жыйында белгилегендей, биргелешкен операцияларды кыскартуу “утурумдук” гана чара жана ал Ооганстан боюнча стратегияны өзгөртпөйт:

- Көрүлүп жаткан чаралар биздин күчтөр үчүн тобокелчиликти азайтууга багытталган. Бул - биздин кол башчылардын милдети. Анткен менен бул жалпы стратегияны өзгөртпөйт. Ал ошол эле бойдон калат. Биз коопсуздукту камсыздоо жоопкерчилигин ооган күчтөрүнө баскыч-баскыч менен өткөрүүнү уланта беребиз.

Расмуссен кээ бир учурларда тикелей карым-катнаш токтотулуусу мүмкүн болгону менен НАТОнун ооган коопсуздук күчтөрүнө жардам, кеңеш берүүсү, аларды машыктыруусу улантыла берерин кошумчалады.

Буга чейин жарыяланган планга жана стратегияга ылайык, НАТО коопсуздук үчүн жоопкерчиликти оогандардын өзүнө өткөрүүнү 2014-жылга чейин толук аяктап, өлкөдөн чыгып кетиши керек.

НАТО мамлекеттеринен АКШдан кийин эле Ооганстанда аскери көп – Британия.

Бул өлкөнүн коргоо министри Филлип Хаммонддун шейшембиде парламент олтурумунда айтканына караганда, биргелешкен операциялардын кыскарышынын Ооганстандагы жалпы коопсуздукка тийүүчү таасири минималдуу эле.

Ушундай эле ойду британ тышкы иштер министри Уильям Хейг да айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Биз “жашылдардын көктөргө” кол салууларын жөн таштап койо албайбыз. Биз буга каршы туруу жөндөмүбүздү жакшыртабыз, азыр мына ушул нерсе жасалууда. Андыктан, менимче, биздин Ооганстан боюнча багытыбыздагы негизги өзгөрүү жөнүндө сөз кылуунун кажети жок, бул көйгөйдү биз азыр жеңишибиз абзел.

АКШнын Ооганстандагы колбашчысы, генерал Жеймс Терринин буйругуна ылайык, биргелешкен операциялар батальондон төмөнкү аскерий бөлүктөр үчүн токтотулат. Адатта америкалык батальондордо 800дөй аскер болот. Батальон жана андан жогорку деңгээлдеги кызматташтык уланып жатканын, бирок төмөнкү аскерий бөлүктөр деңгээлиндеги биргелешкен операциялар, анын ичинде күзөткө чогуу чыгуулар убактысынча токтогондугун ооган Коргоо министрлигинен да ырасташты.

“Жашылдар көктөргө” кол салган учур быйыл акыркы ирет ушул дем алыш күндөрү болуп, ооган полицейлери бир жерде төрт америкалык аскерди, экинчисинде эки британ жоокерин атып салышкан.

Бул окуядан кийин АКШ куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Мартин Демпси ооган аскери менен полициясынын кийимин кийгендердин чет өлкөлүк кызматташтарына курал көтөрүшү “абдан олуттуу коркунуч” экендигин айтып чыккан эле.

Машыгуудан өтүп жаткан ооган полицейлери. Гильменд, 6-июнь, 2012-жыл.
Машыгуудан өтүп жаткан ооган полицейлери. Гильменд, 6-июнь, 2012-жыл.
Ал белгилегендей, бул маселеге америкалык кол башчылар менен расмий өкүлдөр сыяктуу эле ооган өкмөтү да олуттуу көңүл бурушу керек.

Америкалык аскерий өкүлдөрдүн пикиринде, мындай кол салуулардын бир бөлүгү өз ара түшүнбөстүктүн, маданий айырмачылыктын натыйжасы.

Бирок алар Кабул бийликтери 2014-жылды утурлай коопсуздук күчтөрүнө чакырылгандарды көбөйткөндүктөн, алардын арасына талибдер да кирип кеткен учурлар арбыганын моюнга алышат.

Ички кол салуулар арбыганына байланыштуу АКШ армиясы ооган полицейлерин машыктыруу программасын ага алынгандарды текшерүү эрежелери күчөтүлгөнгө чейин деп буга чейин эле токтотуп койгон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG