Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Ооганстанда апийим өндүрүү эки эсе көбөйдү


Ооган дыйканы апийим талаасында. Нангархар, 2013-жыл.
Ооган дыйканы апийим талаасында. Нангархар, 2013-жыл.

Ооганстанда апийим түшүмү кайрадан рекорддук чекке чыкты. БУУнун Маңзаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кеңсесинин эсебинде, быйыл ооган дыйкандары 5500 тонна апийим өндүрүшкөн. Бул былтыркы жылдагыдан дээрлик 50% көптүк кылат.

БУУ кеңсеси жарыялаган баяндамага караганда, ооган дыйкандарынын быйыл апийим түшүмүн көбөйтүшүнө НАТО күчтөрү келерки жылы өлкөдөн чыгышын эске алуу менен алдыдагы жашоосунун каржылык булагынан тынчсыздануусу түрткү бергендей.

Быйылкы түшүмдүн басымдуу бөлүгү адаттагыдай эле өлкөнүн түштүк жана чыгыш провинцияларынан жыйналган. Ал аймактарда таасири салыштырмалуу күчтүүрөк талиб согушкерлери апийим жана героин соодасынан түшкөн акчаны өз ишмердигин каржылоо үчүн да жумшайт. Маселен чыгыштагы Нангархар провинциясынан фермерлердин бири Ассошиэйтед Пресс агенттигинин кабарчысына козголоңчулар ар бир 10 килограмм апийимден “диний салык” иретинде бир килограммды алышарын айтышкан.

БУУнун Маңзаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш мекемесинин Кабулдагы башчысы Жан-Люк Лемахью апийим түшүмү арбышынын глобалдык таасири бар экенин белгилейт:

- Мен 2013-жылды апийим эң көп эгилген жыл деп айтаар элем. Жалпысынан ал 209 миң гектар жерге себилген. Ооган апийимин соодалоодон глобалдык масштабда 68 миллиард доллар киреше алынат. Бирок Ооганстанда мунун 10% эле калат, калган 90% четке кетет. Демек бул жерде биздин жалпы жоопкерчилигибиз бар.

БУУнун эсептерине караганда, быйылкы өндүрүштүн 49% көбөйүп, 5500 тоннага чыгышы менен бул 2009-жылдан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Маселен 2009-жылы 6900 тонна апийим жыйналса, 2011-жылы 5800, былтыр 3600 тонна гана өндүрүлгөн эле. Өзү Ооганстандын үлүшүнө дүйнөдөгү апийим өндүрүштүн жарымынан көбү, героиндин 90% жакыны туура келет.

“Лос Анжелес Таймс” гезитинин жазганына караганда, Кошмо Штаттар Ооганстанда апийим өндүрүшүнө каршы күрөшкө алты миллиард доллардан ашуун акча сарптады. Анткен менен ооган дыйкандарын башка өсүмдүк эгүүгө ынандыруу аракети күтүлгөндөй натыйжа берген жок. АКШ баштаган коалициянын күчтөрү айдоо аянттарынан апийимди жок кылган учурлар да болгон, бирок дыйкандар Талибан тарапка ообосун деген чочулоодон улам кайра бул иштер токтотулган. Азыр күрөштү ооган өкмөтү өзү жүргүзүүдө.

Ооган полицейлери алынган апийим менен.
Ооган полицейлери алынган апийим менен.
БУУ кеңсесинин Кабулдагы өкүлү Жан-Люк Лемахью соңку кездери Ооганстандын өзүндө бул жаатта кичине болсо да айрым оң жылыштар бар болгонун кошумчалады:

- Ооганстандын маңзаттарга каршы күрөшүү полициясы жакынкы убактарга чейин жергиликтүү өндүрүштүн 3-4% эле кармашчу. Азыр алар бул көрсөткүчтү 11-12% чыгарышты. Өлкөдөгү апийим проблемасы адамды ичтен ириткен вирус сыяктуу. Бул каршылык көрсөтүү иммунитети башкаруу деңгээлинде да төмөн экенин күбөлөндүрүп турат.

Эксперттердин болжолунда, Ооганстанда өндүрүлгөн апийим көлөмүнүн көбөйүшү, аны Борбор Азия аркылуу ташуу көбөйөт дегенди да каңкуулайт.

Орусиянын федералдык агенттигинин маалыматы боюнча, жыл сайын бул аймак аркылуу Орусияга жана Чыгыш Европага 18 миллиард долларлык маңзат ташылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG