Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Ооганстан: эки лидердин тиреши күчөдү


Ооганстан өкмөтүнүн башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла (биринчи катарда) жана президент Ашраф Гани.
Ооганстан өкмөтүнүн башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла (биринчи катарда) жана президент Ашраф Гани.

Ооган президенти Ашраф Гани менен башкы аткаруучу Абдулла Абдулланын ортосундагы тиреш күчөдү. Бири-бирине баш ийбеген эки лидердин 13-августта күтүлгөн жолугушуусу болбой калды.

Үч жыл мурунку президенттик шайлоодо дээрлик бирдей добуш топтогон эки лидер бири-бирин мамлекеттик кызматта жөндөмсүз экенин айтып, айыптап келишет.

11-августта ооган өкмөтүнүн башчысы Абдулла Абдулла “Ооган президенти Гани үч айдан бери өзү башкарган өлкөнүн аткаруучу өкмөтүнүн башчысы менен жолугууга убакыт таппай эмне иш кылып отурат?» -деп суроо салган. Бул билдирүүдөн кийин жооп кайтарган президенттик администрация «Абдулланын билдирүүлөрү мамлекеттүүлүктүн эрежелерине туура келбейт» -деп айыпташты. Ага улай ооган президенти Ашраф Гани 14-августта Кабулда жаштар парламентинин ачылышында сүйлөп жатып, саясаттагы атаандашы, Ооганстандын башкы аткаруучусу Абдулла Абдулланын сындарына жооп берди. Гани өзүн-өзү Ооганстандын мыйзамдуу президенти экенин эске салды. Гани башкы аткаруучу Абдулланын сынын демократиялык мамлекетте болуп туруучу мыйзам ченемдүү көрүнүш деп сыпаттады.

Бул эки лидердин 13-августка пландалган жеке жолугушуусу болбой калган. Ал жолугушууда президент Гани менен башкы аткаруучу Абдулланын эки жылдан бери токтобой келаткан кайым айтышууларына чекит коюлат деп күтүлүп жаткан эле.

Ооганстандын аткаруучу өкмөтүнүн маалымат катчысы Муджибулрахмон Рахими бул жолугушуу президенттик администрация менен макулдашуунун жоктугунан улам болбой калганын билдирди. Ал ооган лидерлеринин кийинки жолугушуусу качан болоорун айткан жок. Бирок алардын жолугушуусу көп талаштардын чечилишине жол ачат деди.

Кабул университетинин окутуучусу, ооган саясат таануучусу Наджиб Махмуд бул эки лидердин мунасага келе албашы мурунтан белгилүү болчу дейт.

- Бул эки лидер бир да маселе боюнча бир пикирге келе албашы башынан белгилүү болчу. Өлкөдө саясий чечимдерди кабыл алуучу эки лидердин иштеши Ооганстандын саясий тажрыйбасында мурда болгон эмес. Акыркы кайым айтышуу бул бийликте бир пикир жоктугун ачык көрсөттү. Мындай абалда маанилүү маселелер боюнча эч качан жакшы чечим кабыл алынбайт. Эгерде талаш токтобосо Абдулла Абдулла кызматтан кетет да күчтүү оппозицияны түптөйт. Мындай кырдаалдан "Талибан" пайдаланат.

2014-жылы Ооганстандын президенттигине шайлоонун биринчи турунда Абдулла жалпы добуштун 45% алып, алдыда келаткан. Шайлоонун экинчи турунда Ашраф Гани жеңип кеткен. Шайлоонун мындай жыйынтыгы жарыялангандан кийин өлкөнү нааразылык акциялары каптаган. Жыйынтыгында Ашраф Гани президент, Абдулла Абдулла аткаруучу өкмөттүн башчысы кызматын аткармай болуп макулдашышкан.

Бирок эки лидердин ортосундагы кайым айтыш бийликти бөлүштүрүүдөн бери эки жыл өтсө да токтобой койду.

XS
SM
MD
LG