Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Ооганстанда апийим эгилген аянт көбөйдү


Апийим бышкан кез. Апрель, 2011-жыл.
Апийим бышкан кез. Апрель, 2011-жыл.
БУУнун Наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси бүгүн жарыяланган жылдык баяндамага караганда, өкмөттүн катаал чараларына карабай, Ооганстанда апийим эгилген аянт 18% көбөйгөн. Уюм муну кооптондурган белги деп баалайт.

Аталган мекеменин аткаруучу директору Юрий Федотовдун айтымында, апийим аянттары анын базардагы баасы көтөрүлгөнүнөн улам кеңейди.

Айдоо аянттары кеңейгени менен БУУнун Наркозаттар жана кылмыштуулук кеңсесинин эсебинде, апийим өндүрүшү иш жүзүндө 36% төмөндөгөн.

Бул түшүм күйүп кеткенине жана аба ырайынын начардыгына байланыштуу болду.

Ооганстан дүйнөдөгү бүткүл апийимдин 90% өндүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG