Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Ооганстандагы бейпил күндөр

Вильям Подлич тарткан фотосүрөттөрдөгү Кабулду бүгүн оңой менен таанып болбойт. Жупуну, жарашыктуу Батыш стилинде кийинген шаардыктар. Жаңы автомобилдер жана жапжашыл саябактар. Ооган жана чет элдик аялдар ээн-эркин жүргөн көчөлөр. Өз коопсуздугун ойлобогон туристтер автобус менен өлкөдөгү чоң тарыхый жайларга жөн-жай гана бара алышчу. Чек арадан Пакистанга өтүп кетишчү. 1967-жылы Аризона штатынын университетинин профессору В.Подлич ЮНЕСКОнун жолдомосу менен эки жылга Кабулдун Жогорку педагогикалык коллежине сабак бергени келген. Өзү менен кошо аялы Маргарет, тестиер кыздары Пэг жана Янаны ала келген. Ошондо Подлич тарткан жүздөгөн фотосүрөттөрдү анын үй-бүлөсү эми дүйнө менен бөлүшүүдө. Подлич 1981-жылы Аризона штатынын университетинен ардактуу эч алууга чыгып, 2008-жылы 92 жашында дүйнө салган. “Мен атам тарткан фотосүрөттөрдү көргөндө, Ооганстан миңдеген жылдык тарыхы жана маданияты бар өлкө катары көз алдыма тартылат,“- дейт үй-бүлөсү менен атасынан калган фотомурасты жарыялоого даярдаган Пэг Подлич “The Denver Post" гезитине. “Ооганстанда 40 жылга жакын созулган согушта эл көргөн азап тууралуу угуп көрүү өтө оор болду. Шайдоот, намыскөй, шайыр эл зулум күчтөрдүн жан аябаган зобунуна кабылыптыр". Пэг Подличтин күйөөсү Клейтон Эстерсон сүрөттөрдү сактаган архивариустун милдетин өзүнө алган. Ал түзгөн интернет сайтка сүрөттөрдүн баары жайгаштырылган. "The Denver Post" гезитине: "Көпчүлүк оогандар жазган комментарийлер, алар 33 жылдык согуштан мурдагы өз өлкөсү кандай болгонун тартып калтырган фотографтарга ыраазы экенин көрсөтөт. Бул фотосүрөттөрдү дигиталдаштырып, калыбына келтиргенге шыктандырат", дейт. (26 фотосүрөт)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG