Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Ооганстан: АКШ аскери жайкын тургундарды атып салды


Алекозай айылынын тургуну үйүнүн ичинде АКШ аскери аткан октон адамдардын каны төгүлгөн жерди көрсөтүүдө. 11-март, 2012.

Алекозай айылынын тургуну үйүнүн ичинде АКШ аскери аткан октон адамдардын каны төгүлгөн жерди көрсөтүүдө. 11-март, 2012.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай Кандагар провинциясында америкалык аскер 15 жайкын тургунду атып өлтүргөнүн кескин айыптады. Ал муну "атайын адам өлтүргүчтөрдүн жасаганы" деп атап, окуя боюнча НАТОдон түшүндүрмө талап кылды. НАТОнун жетекчилиги бул боюнча кечирим сурады.

Ооган ички иштер министрлиги жекшембиде тараткан билдирүүдө соңку окуяга карата терең кыжырдануу даана байкалат. “Биз муну кескин айыптайбыз жана окуя терең иликтенет деп ишендиребиз. 15 жайкын тургундун коалициялык күчтөрдүн колунан өлүшү жана тогуз адам жарадар болушу көңүл чөктүрдү”, - деп айтылат билдирүүдө.

Аты аталбаган америкалык аскер эч кимге айтпай базадан чыгып кетет да, Панжвай районундагы Алекозай айылында тургундарды кыра баштайт.

Бул окуяда өлгөндөрдүн саны тууралуу дагы эле ар кандай маалымат түшүп жатат.

Чек ара жана уруулар иштери боюнча министр Асадулла Халиддин айтымында, окуяда 16 адам өлгөн.

- Бир нече үйдө адамдар өлтүрүлгөн. Бир үйдө 11 адам окко учту, башка биринде бир киши өлдү, бир нечеси жаракат алды. Баары болуп 16 киши өлдү жана жаракат алды, - деди министр биздин радиого.

Assosiated France Press маалымат агенттигинин ошол айылга барган кабарчысы да 16 адам өлдү деп жатат. Жан таслим кылынгандардын катарында аялдар менен жаш балдар да бар экени кабарланды.

Бирок Assosiated Press маалымат агенттигинин фоторепортеру окуяда 15 адам өлгөнүн айтууда.

НАТОнун жетекчилиги болсо билдирүүсүндө “Кандагардагы окуяга байланышы бар делген бир аскер кармалды” деп жабыр тарткандар тууралуу эч кандай маалымат бербеди.

НАТО бул үчүн заматта кечирим сурады. Аскер адамдарды туш келди өлтүргөнүнө эмне себеп болгону аныктала элек. Жергиликтүү тургундар аскерий базанын жанына чогулуп, окуяга карата нааразылык билдирип жатышты.

Алекозай айылынын тургуну Associated Press агенттигинин кабарчысына айтканына караганда, аскер үч башка үйдүн эшиктерин тепкилеп кирип, адамдарды ата баштаган.

Айылдын дагы бир тургуну Абдул Бакы: “Түн бир оокумда ок атыла баштады. Бир аз токтой калып, дагы атыла баштаганын уктум”, - дейт.

Ооганстанда жергиликтүү жайкын тургундардын талиптерге каршы күрөшүп жаткан эл аралык аскер күчтөрдүн колунан өлүшү ооган өкмөтү менен Батыштын ортосундагы негизги араздашуу-нааразылыктарга себеп болуп келет.

Болгону бир нече күн мурда Баграм аба базасында мусулмандардын ыйык Куран китеби өрттөлүшү ири антиамерикалык демонстрацияларды, зордукчул маанайдагы каршылыкты жараткан болчу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG