Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

ООГАНСТАНДА БУДДАНЫН ЭБЕГЕЙСИЗ ЗОР АЙКЕЛИ ТАБЫЛДЫ


Эдил Сапарбек уулу, Прага Ооганстандагы Бамиян шаарынын жанындагы Будданын эбегейсиз чоң эки айкелин талиптер жардыргандан бери жети жылдан ашуун убакыт өттү. Жакында эле ооган археологдору Будданын узундугу 19 метрге жеткен дагы бир чоң айкелин табышты. Бул эстелик, албетте, жетинчи кылымдагы кытайлык саякатчы сүрөттөгөн 300 метрлик “уктап жаткан Будда” эмес. Бирок анткен менен археологдор тобунун башчысы бул табылга абдан кызыктуу ачылыш болду жана болочокто дагы башка ачылыштар бизди күтүүдө дейт.

Узундугу 19 метрге жеткен Будданын айкели быйылкы жайда байыркы бутпарас ыбаадатканасынын пайдубалын казып жаткан маалда табылды. Бул ири айкел эл аралык коомчулуктун эсителиктерди сакта деген чакырыгына карабастан, Будданын эң залкар эки айкелин жардырып салган жерден эки чакырымдай гана алыстыкта жайгашкан.

Башкы археолог, профессор Земарйали Тарзи (Zemaryali Tarzi) кытайлык саякатчы Сюанцзан өз саякат-наамесинде сыпаттап кеткен узундугу 300 метрге жеткен “Уктап жаткан” Будданын айкелин көп жылдардан бери издеп келет. Айтмакчы, б.з. 630-жылдарынын аралыгында азыркы Ооганстандын аймагына келген бул саякатчы Кыргызстандын Ысык-Көл аймагы аркылуу да өткөнү маалым.

Тарзи мырза машакаттуу иши кантип жемиштүү аяктаганын «Азаттыкка» мындайча баяндады:

- Бул Будда айкели чыгыш бутпарас ыбаадатканасынан табылды, анда мен соңку жети жылдан бери казуулар менен алектенип келем. Ал жерде дагы ушул өңдүү Будданын кыңайып жаткан дагы бир топ айкелдери бар болсо керек, бирок мен дагы эле 300 метрлик “Уктап жаткан” Будданы издеп келем.

Тарзи мырза 2001-жылы март айында мурдагы талиптик режим кыйраткан Будданын өтө бийик айкелдерин изилдегени боюнча дүйнөдө аттын кашкасындай таанымал адис. Ал 1979-жылы Советтер Биримдиги Ооганстанга басып киргенге чейинки убакта өмүрүнүн отуз жылдай бөлүгүн ошол Будда айкелдерин изилдөөгө жана кайра оңдоого арнап келген болчу. Советтик баскынчылыктын айынан ал бозгунга кетүүгө мажбур болгон.

Эми ден соолугу жана каражат жете турган болсо, Тарзи аксакал Будданын жаңы ачылган бул кыңайып жаткандагы эстелигин кайра оңдоо менен алпурушаарын «Азаттыкка» айтты. Бирок буга көп убакыт кетет дейт ал:

- Айкелдин басымдуу бөлүгү талкаланган экен. Биз эстеликтин оң колунун чыканакка чейинки бөлүгүнүн сыныгын таап алдык. Эстеликтин моюну менен ийиндери да табылды. Кыртыштагы нымдын айынан эстеликтин башы сынып калыптыр. Бирок ал башын жазданып уктап жаткан чопо жаздык эң мыкты калыбында сакталыптыр. Эгерде өмүрүм узун болуп, айкелди кайра оңдоого мага уруксат берилсе, анда мен аны Ооганстан үчүн кайра калыбына келтирип берет элем. Дүйнө жүзү да бул канчалык маанилүү ачылыш экенин көрмөк.

Окумуштуулардын божомолунда, Кытай менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан Бамиянда алтынчы - жетинчи кылымдарда беш миңге чукул бутпарас кечилдер токтоп сыйынган ири ыбаадатканалар гүлдөп-өсүп турган.

Бамияндагы көркөм өнөргө Индиянын гана эмес, айтылуу Александр Македондун (Искендер Зулкарнайн) жасаган жортуулдар доорунан кийин грекиялык маданияттын да зор таасири тийген. Дал ушул аймакта Будданын жүзү чегилген алгачкы айкелдери пайда болгон, ага чейин Индияда Будданын жүзүн эмес, бутунун изин жана кол чатырын гана чегип келишкен, дешет адистер.

Онунчу кылымдын башында Бамияндын айланасындагы калк бүтүндөй ислам динине өткөн. Мусулмандардын диний ишениминде, киши кебетеси чегилген эстеликтер “каапырларга таандык” эстелик катары жектелген.

Бирок ошого карабастан Бамияндагы тикесинен турган Будданын сөлөкөттөрү жана башка айкелдер кылымдар бою Ооганстан элдеринин нукура маданиятынын бир бөлүгү болуп сакталып келген. 2001-жылдын март айында гана “ал-Каида” террорчул уюмунун идеологиясын кабыл алган талиптик режим Будданын эки залкар айкелин жардырууга барды. Бүт дүйнө эли алардын кылыгын “азыркынын геростраттарынын кылмышы” катары терең айыпташты.

Акыркы үч–төрт жыл аралыгында археолог Тарзинин тобу Бамиян өрөөнүндөгү чыгыш ыбаадатканадан Будданын айкелдеринин баштарынын ондогон сыныктарын таап чыгышкан. Ал эми Тарзи аксакал болсо орто кылымдардагы кытай саякатчысы сүрөттөп кеткен уктап жаткан Будданын эстелигин табуу үмүтүнөн алигиче жана элек.
XS
SM
MD
LG