Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Жакында эле 35 жаштагы Ыкбал Синхти Жалалабад шаарынын базарында 12 жашар бала “каапыр” деп, чириген жемиштер менен уруп, базардан чыгып кетүүнү талап кылган.

16-августта Лондондун ныптасындагы Тилбери портунда жүк ташуучу темир контейнер ичинен ооганстандык 35 сикх качкын табылды. Алардын бири узак жолго чыдабай жан берген экен. Ооганстанда эчен кылымдардан бери жашаган сикхтер аларга Талибандар жана ислам согушчандары кысым көрсөткөнүн эбактан бери айтып жүрүшөт.

Ыкбал Синх Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында 1979-жылы туулган. "Диним сикх, бирок өзүн ооганмын”,- дейт ал:

- Менин ооган паспортумдун ооган мусулмандардын паспортунан эч кандай айырмасы жок. Бул менин да мекеним. Мен бул жерде туулгам.

Синхтин ата-бабалары Ооганстанга эки кылым мурда келип, Жалалабад шаарында орун-очок алган. Бир замандарда ар түркүн эл ырыс-ынтымакта жашаган өлкөдө акыркы убакта душман издеп, бөтөн диндегилерди жеригендер көбөйгөн. Жакында эле 35 жаштагы Ыкбал Синхти Жалалабад шаарынын базарында 12 жашар бала “каапыр” деп, чириген жемиш менен уруп, базардан чыгып кетүүнү талап кылган. Эне сүтү оозунан кете элек тестиерди бир да эркек: “Кой, бул да Кудайдын бир пендеси" деп тыйган эмес.

Ыкбал Синх ата-бабаларынын салтын улап, көчөдө чөптөн жасалган дарыларды сатып, үй-бүлөсүн багат. Ал, аялы жана кыздары менен чогуу эки сикх бутканасынын жанындагы эки кабаттуу үйдүн үстүңкү кабатындагы эки бөлмөдө жашайт. Жалалабадда азыр 700дөй сикх калган. Синхтин айтымында, шаардын чет жагында жашаган 160 сикх кожолуктун бешөөсүнүн гана турмушу жакшы.

Ооган мусулмандары менен сикх азчылыктарын каршылаштырган нерсе - сикхтердин өлгөн адамды өрттөп, күлүн дарыяга таштоо салты.

Улуттук парламенттин жогорку палатасынын мүчөсү, сикх активисти Анаркали Хонориярдын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда аларга таш атуу же жектөө болуп жүргөн окуя. Ошон үчүн жамаат Кабулдун чыгыш бөлүгүндөгү ибадатканасын бийик дубал менен курчап койгон. Сикх балдары диний кодулоодон улам оогандар менен бир мектепте окуй албай калган.

"Социалдык маселелерге жана кодулап, кемсинтүүлөргө байланыштуу сикх балдар мектептен жана билим алуудан сыртта калды",- дейт Хонорияр айым. "Анткени классташтары аларды - мектепке бараткан жолдо жана мектепте шылдыңдап, уруп, кемсинтишет".

Кабулдун четиндеги крематорийге байланыштуу чатактан улам Ооган бийликтери жамаатка башка бир нече жерден орун берген. 2013-жылы Сенатта сикхтер жана индустар үчүн бир орун тийген. Аларга, президент Хамид Карзайдын жарлыгына ылайык, 2015-жылы парламенттен бир орун берилет. Агартуу министрлиги жогоруда айтылгандай кодулап, кемсинтүүлөрдөн улам Кабулда жана Жалалабадда синх жана индус азчылыктарынын балдары үчүн 2012-жылы эки башталгыч мектеп ачкан. Ошондон бери Ыкбал Синхтин кызы мектепке бара баштаган. “Мурда балдарыбыз бир мектепте окуп, чогуу ойношчу. Бизди эч ким шылдыңдап, үйүңө кет дечү эмес”, - дейт Ыкбал Синх.

- Мен ооганмын жана аныма сыймыктанам. Бирок көп адамдар менден “Качан өз өлкөңө кетесиң?” деп сурашат. Бул мен үчүн чоң маселе. Өкмөт бул адамдарга ”Сикхтер да оогандар, силердикиндей паспорту бар. Аларды ооган мекендешиңдей жана агайыныңдай кабыл ал” деп айтканын каалайм. Көп адамдар биз да ооган экенибизди түшүнбөйт. Алар бизди Индиядан же башка жактан келишкен деп ойлошот.

1970-жылы Ооганстанда 150 миң сикх жана индус жашаган. 1980-жылы советтик аскерлер басып киргенден кийин миңдеген индустар менен сикхтер Индияга көчүп кеткен. Иммиграциянын экинчи толкуну 1990-жылы коммунисттик өкмөт кулап, түрдүү жихадчы топтор арасындагы жаатташтык согуш күчөгөн мезгилге туура келет. Бүгүн 30 миллион элдүү өлкөдө 4 миңдей гана сикх жана индус жашайт. Ыкбал Синхтин айтышынча, Жалалабадда эптеп жан баккан жарды үй-бүлөлөр гана калган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG