Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Талиптердин чабуулунан 20дан ашык адам өлдү


Жаздын келиши менен ооган талиптери "чээнден" чыгып, активдеше баштайт.

4-апрелде козголоңчулардын эки башка жерде уюштурган чабуулунан жыйырмадан ашык адам мерт кетти. Алардын сегизи полициячылар жана үчөө америкалык жоокерлер. Ошондой эле эки аял жана эки бала бар.

Биринчи чабуул Ооганстандын Түркмөнстанга чектеш Фаряб провинциясынын административдик борбору Меймана шаарындагы жашылча базарына тушташ жайда болду. Мотоциклчен жанкечти бомбаны соодагерлер менен коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери чогулуп турган жерде жардырды. Ал тушта Меймананын бийлик адамдарынын жыйыны өтүп жаткан.

Ошондой эле чет элдик аскерлер сүрөткө түшүп жатышкан экен. Кеминде 12 киши өлүп, 25тен көп адам жараат алган чабуул үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды. АКШ командачылыгы чабуулда үч жоокери набыт болгонун тастыктады.

Ооганстандын түндүгү жана кандуу калаба болгон Фаряб провинциясы салыштырмалуу тынч аймак эсептелчү.

4-апрелде кечинде талиптер Ооганстандын батышындагы Иранга чек аралаш Фарах провинциясында ооган өкмөтү каржылаган жергиликтүү полицияканага кол салды. Провинциалдык бийликтин өкүлү Наджибулла Фарахинин "Франс пресс" агенттигине айтышынча, талиптер Каки Сафед районундагы бекеттеги бардык сегиз полициячыны тындым кылган. Талиптердин өкүлү Кары Юсуф Ахмади "Франс пресстин" маалыматын тастыктап, бирок 12 полициячы өлтүрүлдү деди. Демейде козголоңчулар маалыматты бир кыйла апыртып беришет.

Талиптер Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө жана өлкөдөгү НАТО башындагы аскерлерге үзбөй кол салып турушат. Апта башында Гелманд провинциясындагы полиция бекетине чабуул коюп, алты кишини, анын ичинде төрт полициячыны атып кетишкен.

Быйыл жыл башынан бери Ооганстанда козголоңчулардын кол салуусунан НАТОнун жүзгө чукул аскери катардан чыкты.

НАТО башындагы чет элдик аскерлер Ооганстандан 2014-жылы чыгып кетет. Бирок ооган президенти Хамид Карзай 4-апрелде Кабылда АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жеймс Мэттис менен кездешкенде 2014-жылдан кийин да эл аралык коомчулук Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө жардамын аябайт деген үмүтүн айтты. Өз кезегинде генерал Мэттис АКШ Ооганстанды колдоосун токтотпосун билдирди.

Азыр Кабылда жана Вашингтондо 2014-жылдан кийин америкалык аскерлердин ооган жеринде калып, коопсуздукту камсыздоого жардамдашуусу боюнча келишим даярдалууда. Бул келишим Чикагодо 20-майда ачылчу НАТОнун саммитине чейин даяр болушу керек. Аталган саммитте Ооганстандагы кырдаал талкууланат.

XS
SM
MD
LG