Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Аксакалдардын тили талиптерге өтөбү?


Логар чөлкөмүндөгү коопсуздук пункту. 27-март 2013-жыл
Логар чөлкөмүндөгү коопсуздук пункту. 27-март 2013-жыл

Барымта окуясы болгон Логар вилаетинде талиптер акыркы кездерде өтө активдүү болуп жатат. Бийлик алар менен уруу аксакалдары аркылуу сүйлөшүү жүргүзөт, - деп айтып берди "Азаттык" радиосунун ооган кызматынын редактору Кадер Хабиб.

- Тик учак барымтага алынган Логар вилаети талиптердин көзөмөлүндө деп айтылууда. Бул – чөлкөмдү талиптер башкарат, шарият киргизилген дегенге жатабы?

- Жок, Логар жана Кабулга жакын Майдан Вардак өңдүү борбордук чөлкөмдөрдө акыркы кездери талиптер өтө активдүү боло баштаганы чын. Кээ бир жерлерде тоскоолдуксуз эки жакка жылып жүрө беришет. Ал вилаеттерде өкмөттүк жана эл аралык күчтөр бар, кадимкидей бийлик орногон. Ошол аймактарды "Талибан" көзөмөлдөйт, өз башкаруусун же шарият киргизишкен, соттору бар деп айтуу туура эмес болуп калат.

- Логар вилаетинин жергиликтүү кеңешинин төрагасы Абдували Вакил сиздердин редакцияга интервью бергенде азыр барымтадагыларды бошотуу үчүн талиптер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Адатта ушундай бир маселе чыкканда бийлик талиптер менен кайсы жолдор менен байланышат?

-
Барымтага алуу өңдүү ушундай жагдайларда бийлик өкүлдөрү ошол жердеги талиптер менен жергиликтүү уруу аксакалдары аркылуу байланышууга аракеттенишет. Абдували Вакил биздин радиого айткандай, алар азыр элдин кадыр-баркына ээ болгон айыл, жамаат жана чөлкөм аксакалдары менен сүйлөшүп жатышат. Ошол айыл-кыштактардан чыккан жергиликтүү талиптер аксакалдарды жакшы таанышат. Ооганстанда салт боюнча аксакалдарды урматташат, сөзүн угушат.

- Адатта андай сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктайбы?

- Жакында "Талибан" бир нече ай мурун Ооганстандын борбордук чөлкөмдөрүнүн биринде бир куралчан топ тарабынан барымтага алынган түркиялык инженерди бошотту. Жергиликтүү бийлик өкүлү менен сүйлөшкөнүбүздө, ал бул иш оңунан чечилет дегендей оптимисттик маанайын ортого салды. Бирок азырынча бир нерсе деп айтуу эрте.

- Барымтачылардын талаптары кандай экен?

- Алар азырынча эч кандай талап койо элек. Адегенде эле 11 кишини кармап кеткенин маалымдаган талиптер алардын бардыгы америкалык офицерлер экен дешкен. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 8 киши түркиялык жаран, бирөө кыргыз, дагы бирөө орусиялык жаран деп ырастаган. Бирок "Талибан" маалымат билдирүүсүндө баары бир алар америкалыктар деп жаза берди. Ал эми барымтадагыларды бошотуу үчүн кандай шарт койорун айтышкан жок.

- Биз жогоруда Ооган өкмөтү менен талиптер кантип байланышып турат деген маселени козгоп кеттик эле. Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлери бүгүн-эртең жолугушуу өткөрүүдө. Анда Ооганстан маселеси да козголмокчу. Түндүк альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Кабул өкмөтү менен "Талибандын" саясий байланыштарына колдоо көргөзгөндөй таризде сүйлөдү. Ошол эле маалда ал тынчтык процессине тартылгандар террордук топтор менен бардык мамилелерин үзүүгө тийиш деп белгиледи. Бийлик менен талиптердин тынчтык сүйлөшүүлөрү азыр кандай өнүгүп жатат?

-
Бир нече жыл мурун башталган тынчтык процесси азыр токтоп калгандай сезилет. Ооган бийликтери "Талибан" менен сүйлөшүү жолдорун табууга аракеттенүүдө. Бирок талиптер өкмөт менен диалогго барууга даяр эместигин улам айтып келатат. Ошол эле маалда тараптардын байланыш түзгөнү тууралуу маалыматтар пайда болуп, бирок расмий бышыкталган жок. Себеби ал чыныгы тынчтык сүйлөшүүлөр эмес, ошол багыттагы алгачкы кадамдар гана болчу.

Брюсселде АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри, Пакистан жана Ооганстан расмий өкүлдөрү менен жолугушууда козголоңчулар менен сүйлөшүүлөр маселеси да козголмокчу. Ооганстан өкмөтү Пакистан талип согушкерлерине болгон таасиринен пайдаланып, аларга кысым көргөзүүгө, сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузууга жардам берүүгө тийиш деп келатат.

XS
SM
MD
LG