Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Карзай АКШ талибдер менен түз сүйлөшүүсүнө нааразы


Карзай буга чейин да "АКШ ооган өкмөтүнүн айтканын жакшы укпайт" деп нааразы болуп жүргөн

Карзай буга чейин да "АКШ ооган өкмөтүнүн айтканын жакшы укпайт" деп нааразы болуп жүргөн

Ооганстан АКШ менен коопсуздук боюнча даярдалып жаткан келишимден баш тартты. Документ америкалык аскерлерге 2014-жылдан кийин да ооган жеринде калууга жол бермек.

Президент Хамид Карзайдын расмий өкүлү мамлекет башчынын чечимин жарыялап жатып, “АКШ Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча бирди сүйлөп, башканы жасап жатканы” Карзайды иренжиткен деди. Президентти АКШнын кайсыл аракети капалантканын өкүл тактаган жок.

Бирок президенттин администрациясынын атын атагысы келбеген өкүлү "Азаттыктын" ооган редакциясына билдиргендей, Карзай азыр "Талибандын" Дохада жаңы ачылган мекемесинин макамына жана АКШ талибдер менен тикелей сүйлөшкөнгө аракет кылып жатканына нааразы болду.

Ооганстанда 12 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуш үчүн АКШ жакынкы күндөрү "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү баштай турганын кечээ жарыялаган. Ошол эле күнү талибдер Катардын борбору Дохада өздөрүнүн өкүлчүлүгүн ачышты жана Кошмо Штаттары менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр экенин билдиришти.

"Жакшы кадам"

"Талибандын" Дохадагы офисин ачуу боюнча сүйлөшүүлөр акыркы эки жылдан бери улантылып келген. Азыр эми мекеменин ачылганы жана бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө мунаса табылганы расмий Кабул менен талибдердин конфлигин токтотуу аракетинде жасалган ийгиликтүү кадам катары сыпатталууда.

Анын алдынан НАТО жетектеген чет өлкөлүк аскерлер коопсуздук озуйпасын ооган армиясына тапшырган эле. Расмий иш-чарада президент Хамид Карзай “Талибан" менен сүйлөшүүгө өзүнүн өкмөтүнөн өкүлдөрдү жиберерин” жарыялаган. Талибдер болсо Карзайдын өкмөтүнүн өкүлдөрү менен көрүшөөрүн да бышыктаган жок, бул өкмөттү тааный турганын да айтышпады.

"Талибан" болсо соңку билдирүүсүндө “коңшулаш мамлекеттер менен жакшы мамилени кааларын, Ооганстанда саясий мунаса табылышын жактаарын” айтты. Мурдараак талибдер Ооганстанды “башка өлкөлөргө коркунуч туудуруш үчүн колдонуу аракетин” айыпташкан. Муну америкалык расмий өкүлдөр “кыймылды эл аралык терроризмден алыстаткан алгачкы кадам" деп аташкан эле. Кошмо Штаттары азыр "Талибан" “ал-Каида” террор уюму менен мамилелерден толугу менен баш тартышын күтүп жатат.

Кепилдик жок

Анткен менен шейшембиде al-Jazeera телеканалына сүйлөп жатып, талибдердин Дохада жаңы ачылган саясий мекемесинин өкүлү Мухаммад Сохаил Шахин сүйлөшүүлөр үчүн коюлган талаптардын аткарылышы да татаал экенин кыйыткансыды.

"Азыр атышуулар токтой элек. Алар бизге чабуул коюшат, биз да аларга кол салып жатабыз. Тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан чакта деле атышуу улантыла берет", - деди Шахин.

АКШнын президенти Барак Обама да ушул эле күнү Түндүк Ирландияда журналисттерге алдыдагы сүйлөшүүлөр жөнүндө сүйлөп жатып: "Биз алдыдагы процесс оңой же тез болот деп ойлобойбуз, - деди. - Ошентсе да өзүбүздүн аскерий аракеттерибиз менен бирге сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жеткенге аракет кыла беребиз. Бир эле учурда “ал-Каиданы” жеңип, Ооган Улуттук коопсуздук күчтөрүн аскерий жактан колдоону да уланта беребиз".

Обаманын администрациясындагы расмий өкүл: “Сүйлөшүүлөрдүн түпкү мааниси АКШ менен "Талибандын" ортосундагы диалог эмес, сөз оогандардын эле бири-бири менен тил табышуусу жөнүндө болуп жатат. АКШнын ага катышканы прогресске гана жардам болот го дейбиз”, - дейт. Андан сырткары, талибдерди сүйлөшүүгө катышууга көндүрүүдө ал Пакистандын да салымы чоң болгонун кошумчалады.

Азыр америкалык расмий өкүлдөр алгачкы жолугушууда тараптар бири-бирине артып жаткан дооматтарын гана угушат дешет. Эки тарап тең туткунга алган өкүлдөрүн алмаштырууну да талкуулашы мүмкүн.

Талибдер алдыдагы жолугушуунун маанисин Вашингтонго же Кабулга караганда такыр башкача түшүнүшү мүмкүн деген аналитиктер да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG