Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

"Талибан" Ахунзаданы жаңы жолбашчылыкка дайындады


"Талибандын" мурдагы жолбашчысы Ахтар Мансур бараткан унаага ушул жерде сокку урулган.

"Талибандын" мурдагы жолбашчысы Ахтар Мансур бараткан унаага ушул жерде сокку урулган.

"Талибандын" жолбашчысы Ахтар Мансур жок кылынганын Ооганстан менен Кошмо Штаттардын өкмөттөрү ырастады. Ал арада "Талибан" Хайбатулла Ахунзаданы жаңы лидери кылып дайындап алганы кабарланды.

Айрым талдоочулар мурдагы талиб жолбашчысынын өлүмү тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн мүмкүнчүлүк жаратарын белгилешүүдө. Кабарчыбыз Улан Алымкул уулу ушул маселе бою "Азаттыктын" Ооганстан боюнча талдоочусу Абубакир Сыддыки менен маектешти.

“Азаттык”: Абубакир мырза, мына АКШ жана Ооганстандын өкмөттөрү "Талибандын" жолбашчысы Ахтар Мансур төрт күн мурда жок кылынганын ырасташканы менен "Талибан" өзү муну расмий моюнга албай келди. Мындагы негизги себеп эмнеде жатат?

Сыдыки: Менимче, эң башкы жүйө - "Талибандын" мураскер маселесин, молдо Ахтар Мансурдун ордун ким баса турганын чечип алуу аргасы болду. Эгер, эстесеңиз былтыр "Талибандын" негиздөөчүсү молдо Омор өлгөнү белгилүү болгон соң бир топ пикир-келишпестиктер чыккан жана бул али уланууда. Иш жүзүндө "Талибан" тайпаларга бөлүнүп кеткен. Андыктан, анын жетекчилеринин азыркы эң биринчи мүдөөсү - өз катарынын биримдигин сактоо. Ошондой эле алар лидерлеринин коопсуздугунан да тынчсызданып жаткандай.

Эгер алардын жолбашчысы өздөрү ойлогондой коопсуз жерден, Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясынан жок кылынса, эми башка лидерлерин да ачыкка чыгарып, алардын өмүрүн тобокелчиликке салуудан чоочуп тургандай?

“Азаттык”: "Талибандын" жолбашчысынын өлүмү тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн мүмкүнчүлүк жаратат деген пикирлер айтылып жатат, чын эле ушундай мүмкүнчүлүк барбы?

Абубакир Сыддыки

Абубакир Сыддыки

Сыдыки: Тынчтык сүйлөшүүлөрү Ооганстан үчүн өтө татаал маселе. Менимче, дал ушул учурда бул окуя "Талибанды" көбүрөөк кыянатчылыкка түртүшү мүмкүн. Анткени, талибдердин арасынан да өч алуу керек, ооган өкмөтүнө, алардын батыштык колдоочуларына ишене албайбыз, Ахтар Мансур да Кабул менен карым-катнашта болгон деп эсептегендер чыгат. Буларга кошумча Пакистандын ролу боюнча да чоң суроо бар. Анткени, Пакистан 1990-жылдардан бери эле "Талибандын" башкы чет элдик колдоочусу. Биз билгенден Пакистан 1990-жылдары талибдердин Ооганстанда бийлик орнотушуна жардам берсе, 2001-жылдардан кийин Пакистан талибдерге башпаанек берип, бери дегенде алардын өлкө аймагында топтолушуна көз жумуп койгон.

“Азаттык”: "Талибан" жаңы лидер шайлоону кечиктирип келди. Мунун себеби эмнеде?

Сыдыки: Эки ысым айтылып жатты. Биз билгенден алардын бири молдо Хайбатулла Ахунзада. Ал мурда талибдердин сотунун башчысы болгон. Диний адам. Экинчиси - Сиражиддин Хаккани. Талибдердин согуш талаасында эң эффективдүү деп саналган колбашчысы, “Хаккани” деген кыймылдын башчысы. Бул кыймыл "Талибандын" эң радикал, согушчан канаты жана Пакистанга же анын чалгын кызматтарына абдан жакын деп саналат. Булардын тышкары талибдер молдо Омордун уулу, молдо Мухаммед Якубдун талапкерлигин талкуулап жатканы боюнча да сөздөр чыкты. Аны ажырап кеткен "Талибандын" бириктирүүчүсү катары карашат.

“Азаттык”: Демек, "Талибандын" кийинки кадамдары, багыты эми лидерине көз карандыбы?

Сыдыки: Ооба, көп жагынан лидерге, ага катар алардын каржысына, Пакистанды башпаанектөө абалына, ооган жаңжалындагы бөлөк оюнчулар менен мамилесине көз каранды. Биз көңүл бура турган эң биринчи маселе - жаңы лидер ооган жаңжалын сүйлөшүү жолу менен чечүүгө катышарын же ал көбүрөөк согушту же кыянатчылыкты көздөрүн ишара кылышы.

“Азаттык”: Ал эми ооган өкмөтүнүн туруму кандай болуп жатат. Алар "Талибан" менен сүйлөшүүгө даярбы?

Сыдыки: 2009-жылы АКШ президенти Барак Обама Ооганстан жана Пакистан боюнча жаңы саясатты жарыялагандан бери оогандардын ич ара элдешүүсү бул саясаттын маанилүү бөлүгү болуп калды.

Ооганстандын мурдагы президент Хамид Карзайдын тушундагы өкмөтү, азыркы президент Ашраф Ганинин өкмөтү саясий жараянга кошулгусу келген оогандардын баарын кубаттай тургандыктарын такай ишара кылып келе жатышат.

Азыркы президент Ашраф Гани мындан да ары кетип, Пакистандын, Кытайдын, Сауд Аравиянын да досу болууга, алардын таасирин колдонуп, "Талибанды" сүйлөшүү столуна алып келүүгө аракеттенди.

Соңку апталарда биз расмий Кабул козголоңчулардын “Хизби ислами” деген чакан, бирок маанилүү тайпасы менен баштапкы тынчтык келишимин түзгөнүнө күбө болдук. Бул Ооганстандын азыркы улуттук биримдик өкмөтү өлкөсүндөгү жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө берилгенин көргөзүп турат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG