Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Карзай сексенден ашуун туткундун ишин кайра текшертүүдө


Ооганстандын президенти Хамид Карзай абактан чыгарылганы жаткан 88 туткундун ишин кайра текшерип чыгууну буйруду. Карзай мындай кадамга 2-январда АКШ Конгрессинин мүчөлөрү, республикачыл-сенаторлор Жон Маккейн жана Линдси Грэхем менен кездешүүдөн соң барды.

Конгрессмендердин айтымында, абактан чыгарылчу 88 туткун Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн 60тан ашуун аскеринин жана ошого жакын оогандын өлүмүнө жооптуу.

АКШ конгрессмени Линдси Грэхем 2-январда Кабулда болгон маалымат жыйынында ооган өкмөтү абактан чыгарганы жаткан 88 кишини Кошмо Штаттар коопсуздукка коркунуч туудурчу адамдар катары көрөрүн айтты:

- Ошол 88 кишинин күнөөсүн ырастаган далилдер көп. Бул 88 адамдын аракетинин натыйжасында коалициялык күчтөр 60тан ашуун аскерин жоготту жана алардын кесепетинен 57 ооган өлдү. Аларды эркиндикке чыгаруу ооган элин жана аларды кармайбыз деп, өмүрүн тобокелге салган эр жүрөк жоокерлерди мыскылдоо болот.

Республикачыл-сенатор билдирүүнү президент Хамид Карзай менен кездешүүдөн соң жасады. Грэхем мынча адамдын өмүрүнө зобун келтирген 88 туткунга азат берүү АКШ-Ооганстан мамилесине доо кетирерин да эскертип, ооган соту аларды калыс соттоосун аны менен сүйлөшкөн карапайым оогандар да каалаганын кошумчалады.

Ооган өкмөтү талибдер менен жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүсүнө жаңы дем берүү жана жакшы ыкласын көрсөтүү максатында бардыгы 650 адам абактан бошотуларын мурда жарыя кылган. Алардын ичинде АКШ коркунучтуу деп эсептеген 88 туткун да бар. Алар азыр Баграм түрмөсүндө отурат. 650 туткундун ишин кайра териштирип чыгуу үчүн президент Карзай атайын комиссия түзгөн. Бул комиссиянын мүчөсү Абду Шүкүр Дадрастын айтымында, америкалык сенатор айткан арестанттардын иши иликтенип бүткөнү калган:

- Биз 88 ишти кайра иликтеп, аягына чыкканы калдык. Бирок президент кеңсесинин буйругунан кийин алардын арыздарын артка кайтаруу үчүн улуттук жана чет элдик чалгындоо кызматтары берген далилдерди караштырганы жатабыз.

Сенаторлор президент Карзай менен Ооганстан-АКШ арасындагы эки жактуу коопсуздук келишимин да талкуулашты. Бул келишимди Ооганстандын Аксакалдар кеңеши - Лоя Жырга колдогону менен Хамид Карзай бир катар талаптарды айтып, ага кол койбой жатат. Жон Маккейндин билдиришинче, ал сүйлөшүү эки арадагы ажырымды жакындатканга мүмкүндүк берди деп ишенет:

- Мен ишенем: президент Карзай менен узак сүйлөшүүбүздүн натыйжасында ортодогу ажырым азайды. Эки жактуу коопсуздук келишимине кол коюлат жана ал саалгытылбай жакында аткарылат деп ишенем.

Келишимге кол коюлбаса, АКШ 2014-жылдын аягында Ооганстандан аскерлерин түгөл чыгарып кетиши абзел.

Хамид Карзай келишимдин Ооганстандагы америкалык аскерлер бейчеки кадамдарга барса, АКШнын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат жана АКШ күчтөрү талибдер бар элдүү аймактарда согуштук операция өткөрөт деген жоболоруна макул эмес.

5-апрелге мерчемделген жалпы элдик шайлоодо Ооганстандын жаңы президенти шайланууга тийиш. Шайлоого Хамид Карзай катышпайт.

XS
SM
MD
LG