Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Карзай Пентагондун түйшүгүн көбөйттү


Ооганстандагы Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн командачысы Жозеф Данфорд эки даана С - 130 транспорттук учакты Ооган бийликтерине тапшыруу аземинде сүйлөп жатат. Кабулдагы Эл аралык аэропорт, 9-октябрь 2013

Ооганстандагы Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн командачысы Жозеф Данфорд эки даана С - 130 транспорттук учакты Ооган бийликтерине тапшыруу аземинде сүйлөп жатат. Кабулдагы Эл аралык аэропорт, 9-октябрь 2013

Президент Хамид Карзай чет жерлик аскерлердин 2014-жылдан кийин Ооганстанда калуусу жөнүндөгү келишимге качан кол койору белгисиз.

АКШнын расмий адамдары жок дегенде 8 миң аскер калтырылбаса, талибдер күчтөнүп, “ал-Каида” кайра агылып келиши жана Ооган армиясы каражаттан каржалышы мүмкүн экенин айтышат. Келишимди мурда Ооганстандын Аксакалдар кеңеши - Лоя Жырга жактырган.

Рейтер агенттигинин кабарлашынча, Вашингтон эмки 2014-жылы 43 миң колун толук чыгарып кеткен учурда деле Ооганстанда 8 миңдей тандалма аскер калтырат. Алар Ооган солдаттарын машыктырып, талибдерге каршы чакан операцияларга жардамдашат жана “ал-каидачыларга” каршы пилотсуз учактар менен сокку уруп көмөктөшөт.

Эл аралык аралык бейпилдик күчтөрү - ISAFге катар АКШ аскерлеринин чыгып кетүүсү, серепчилердин айтымында, Ооганстан-Пакистан чек арасында “ал- Каиданын” желдеттеринин топтолуусун жана талибдердин Ооганстандын түштүгүндөгү үстөмдүгүн чыңдоосун жеңилдетет.

Азыр Ооганстандагы коопсуздук жагдайы татаал. Жалпы кырдаалды Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Лайен 22-декабрда түндүктөгү Мазари-Шариф шаарында болгон кезде мындай деп мүнөздөдү:

- Коопсуздук борпоң абалда жана түндүктө бир кыйла бөлөк: түндүктө өлкөнүн башка бөлүктөрүнө караганда абал алда канча туруктуу. Ага карабастан, Ооганстандын коопсуздук күчтөрү ISAF менен бирге чөлкөмдөгү үстөмдүгүн кармап турганга жарай турганын мага даана айтышты. Бул абдан маанилүү.

26-ноябрда президент Карзай Кабул-Вашингтон арасындагы Коопсуздук келишимине кол коюлгандан мурда, АКШ жакшы ыкласын көрсөтүп, шаар-кыштактарда аскердик операцияларды өткөрүүсүн токтотууну талап кылган. Ал ошондой эле, Гуантанамо түрмөсүндө отурган ооган жарандары мекенине кайтарылсын деген.

Ооганстандын улуттук армиясы машыгуу учурунда, 9-декабрь 2013

Ооганстандын улуттук армиясы машыгуу учурунда, 9-декабрь 2013

Хамид Карзай эки жактуу коопсуздук келишимин 2014-жылы апрелде болчу жалпы элдик шайлоодо жеңген мураскерине калтырып кетерин айткан жайы бар. Талдоочулардын сөзүнө караганда, Карзай өз аброюн сактоо үчүн ушундай өңүттү карманууда.

Эгерде Эл аралык бейпилдик күчтөрү, анын ичинде АКШ аскерлери Ооганстандан толук чыгарылып кетсе, тыш мамлекеттер убада кылган 4 миллиард долларлык жылдык жардам азайтылары мурдатан айтылып жүрөт.

Эгер тышкы жардамдын сарпталышын парламентарийлер көзөмөлдөй албаса, АКШ да өз үлүшүн жана дипломаттык стратегиясын өзгөртөт.

"Тышкы жардамсыз Ооган өкмөтү полиция жана армияга маянаны ырааттуу төлөй албай калат. Бул аскерлер арасындагы этностук жана жердешчилик маанайды ырбатып, өз кезегинде, улуттук өкмөттү алсыратат", - дейт отставкадагы генерал-лейтенант Дэвид Барно. Ал 2003-2005-жылдары Ооганстандагы АКШнын жана НАТОнун күчтөрүнө командачылык кылган.

Ооган жеринде аскерлердин барандуу тобу калтырылбаса, Пентагондун Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн маанилүү чөлкөмдөгү согушчандарга каршы негизги куралынын бири пилотсуз учактар болот. "Бирок 2014-жылдан соң башкарылма аппараттарды пайдаланууга Карзайдан кийинки ооган президентинин уруксаты керек",- дейт баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Тышкы байланыштар кеңешинин (Council on Foreign Relations) илимий кызматкери Михай Зинько.

Ооганстандагы кырдаалга кылдат көз салган Борбор Азия мамлекеттери жана Пакистан өз территориясын пилотсуз учактар үчүн пайдаланууга уруксат бериши мүмкүн. Азыр АКШ аскерлери аларды Арабия деңизиндеги кемелерден же башка жерлерден туруп башкарат.
XS
SM
MD
LG